Батыш Тянь-Шандын жаңгак жана ийне жалбырактуу токойлору 300 га кеңейди

2020-ж., 26-May

Дарактарды отургузуу үчүн токойдун даярдалган участкалары. Сүрөт: БУУӨП Кыргызстан

Грек жаңгагынын, мистенин, лиственницанын, кызыл карагайдын жана тянь-шань карагайынын 200 миңден ашык себилмелери Аксы, Токтогул жана Тогуз-Торо токой чарбаларынын токой фонддорун толуктады. Бул Батыш Тянь-Шандын деградацияланган токойлорун калыбына келтирүү жана токой аянттарын кеңейтүү боюнча БУУӨП-ГЭФ долбоорунун үч жылдык күч-аракеттеринин алдын ала натыйжалары.  

Токойлорду калыбына келтирүү Батыш Тянь-Шандын биологиялык ар түрдүүлүгүн сактоо үчүн бир топ артыкчылыктарды камтыйт. Биринчи кезекте ал ак илбирсти жана анын азыктык базасын түзгөн жаныбарларды кошо алганда, жапайы жаратылыштын өкүлдөрү үчүн өтө маанилүү. Анткени токой дарактары жапайы жаныбарлардын миграциясы үчүн буфердик зонасынын жана коридорлорунун калыптанышында маанилүү роль ойнойт, ошону менен алар “Алатай” жана “Кан-Ачуу” жаратылыш парктарын Батыш Тянь-Шандын башка кайтаруудагы аймактары менен байланыштырып турат.

Мындан тышкары, токой аянттарын кеңейтүү токой продуктуларын көзөмөлдөнбөгөн жыйноодон жапа чегип жаткан Батыш Тянь-Шанда бүгүнкү күндөгү эндемикалык карагайлардын жана дарактардын, ошондой эле башка жаңгак мөмөлүү жана ийне жалбырактуу түрлөрүнүн улантылып жаткан деградациясын кыскартат.

«Токойлорду калыбына келтирүү климаттын өзгөрүүсүнүн кесепеттерине каршы күрөшүү, жергиликтүү калктын жашоо сапатын жакшыртуу, биоартүрдүүлүктү сактоо жана эрозияга каршы аракеттенүү үчүн натыйжалуу чечим болуп саналат», - деп, Тогуз-Торо токой чарбасынын инженери Баатырбек уулу Аскар токойду калыбына келтирүү иштеринин артыкчылыктарын санап берди.

Бүгүнкү күндө, көптөгөн токой участкалары мал жаюудан жана санитардык кыюудан тиешелүү контролсуз калууда, ал болсо токойлордун төмөн табигый регенерациясына жана токой жерлерин айыл чарбалык максаттарда колдонулушуна шарт түзөт. Натыйжада бул токойлор үйдөгү малдардын киришүүсүнөн акырындап деградацияланат, биоартүрдүүлүк азайат жана адамдын таасир тийгизүүсүнө туруктуулугу бузулат.  

Жакын жайгашкан айылдардын жашоочулары себилмелердин кезектеги партиясын отургузуу учурунда. Сүрөт: Токтогул токой чарбасы

Деградацияланган токойлорду калыбына келтирүү боюнча иштер Батыш Тянь-Шандын биоартүрдүүлүгүн сактоонун беш жылдык долбоору боюнча жүргүзүлүүдө, ал Глобалдык экологиялык фонд (ГЭФ) тарабынан каржыланат  жана БУУӨП жана Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттик (Мамагенттик) тарабынан ишке ашырылат. Улуттук жана жергиликтүү өнөктөштөрдүн жардам көрсөтүүсүнөн улам, Мамагенттик жана БУУӨП 500 гектар аянтта токой иштерин уюштурууну жана жүргүзүүнү, ошондой эле ак илбирстердин жана башка жапайы жаныбарлардын миграциясы үчүн коридор катары Батыш Тянь-Шанда 5 миңге жакын га деградацияланган токойлорду калыбына келтирүүнү пландаштырууда.  

Жергиликтүү калкты токойлорду биргелешип тескөөгө тартуу жана токой аянттарын кеңейтүү долбоорду ишке ашырууда негизги ролду ойнойт.  Жергиликтүү жашоочулар токой дарактарын отургузууда жана тосмолорду орнотууда олуттуу жардам көрсөтүштү. Ал үчүн ушул жылда БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы менен биргеликте долбоор Аксы районунун айылдарынын жашоочуларынын ичинен 90 адамды убактылуу жумуш менен камсыз кылган. Эмгекке акы тамак-аш продуктулары менен берилген. 

Аксы районунун жашоочулары грек жаңгагын отургузууда. Сүрөт: Аксы токой чарбасы

«Акыркы жылдарда кайталангыс жаңгак мөмөлүү дарактар өсүп жаткан токой жайыттарында малдын өтө ашыкча жайылышынан токойлор олуттуу зыян тарты жатат, - деп белгиледи Панарбек Жабайкулов, Аксы токой чарбасынын директору. – Аларды калыбына келтирип жана анын санын көбөйтүү үчүн биз БУУӨП-ГЭФ долбоорунун алкагында үчүнчү жыл Аксы токой чарбасынын жаңы участкаларында мистенин жана грек жаңгагынын себилмелерин отургузуп жатабыз. Жаңгак токойлорунун мөмө берүүсүнүн башталышына чейин 10 жылга жакын күтүүгө туура келгенине карабастан, жакынкы айылдардын жашоочулары мындан кийинки багуу үчүн бул участкаларды ижарага ала башташты».

Жаш себилмелерди малдын тебелендисинен жакшылап коргоо үчүн Аксы, Токтогул жана Тогуз-Торо токой чарбаларынын токой участкаларынын айланасына тикенек зымдуу тосмолор орнотулду. Натыйжада, азыркы учурда жалпы алганда 170 га жакын токой көчөттөрү корулган. Жакынкы айларда жалпы аянты 60 га болгон участкаларга кошумча тосмолорду орнотуу күтүлүүдө.

«Эгерде мурда биз бак-дарактарды малдан коргоп калктуу пунктардан алыс жерлерге отургузсак, эми азыркы жаңгак участкалары айылдарга жакын жайгашкан, анткени биз тосмолорду орноттук, анан да жергиликтүү жашоочуларга жетүүгө жана дарактарды багууга жакын болот. Белгилеп кетүүчү нерсе, бул тосмолор убактылуу, аларды алып салып, ар бир үч жыл сайын жаңы токой жерлерине кайрадан колдонууга болот», - деп түшүндүрдү Панарбек Жабайкулов. 

Токойдун жаш участкаларын коргоо үчүн тосмолорду орнотуу иштери жүрүп жатат. Фото: Токтогул токой чарбасы

БУУӨП азыркы учурда “Туруктуу жашоо шарттарын колдоо үчүн Батыш Тянь-Шань тоо экосистемасынын глобалдык маанидеги биотүрдүүлүгүн жана аны менен байланышкан жер жана токой ресурстарын сактоо” долбоорун ишке ашырып жатат. Долбоордун негизги максаты - уникалдуу жаратылыш комплекстерин жана биотүрдүүлүктү сактоо, сейрек жана жоголуу коркунучунда турган жаныбарлардын жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн түрлөрүн коргоого жардам көргөзүү болуп саналат. Долбоор Глобалдык экологиялык фонд (ГЭФ) тарабынан каржыланат жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги менен өнөктөштүктө ишке ашырылып жатат.