Аялдар жана балдарга карата үй-бүлө зомбулугун чечүү үчүн жаштар IT-чечимдерди сунуштады

2020-ж., 12-May

Хакатондун жеңүүчүлөрү. Сүрөт: жеке архив

Кыргызстандагы алгачкы онлайн-хакатондун үч жеңүүчүсү аныкталды. Хакатонду аялдарга жана кыздарга карата зордук-зомбулукту токтотуу үчүн “Спотлайт” Демилгесинин колдоосу менен ПРООН жана ЮНИСЕФ уюштурган.

БУУнун Өнүктүрүү программасы (ПРООН) БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) менен биргелешип алгачкы онлайн-хакатонду өткөрүштү. Онлайн-хакатон БУУ менен Европа Биримдигинин биргелешкен “Спотлайт” Демилгесинин колдоосу менен ишке ашты. 6-7-май күндөрү өткөн хакатон программисттерди, дизайнерлерди, кризистик борборлордун өкүлдөрүн онлайн-аянтчага чогултту.  Хакатондун катышуучулары балдар, аялдар, жаштар жана майыптуулугу бар адамдар үчүн карантиндин кесепеттерин жумшартуу максатында эффективдүү санарип чечимдерди чогуу даярдап чыгышты. 48 сааттын ичинде 53 адис балдарга жана аялдарга оор турмуштук кырдаалда жардам бере ала турган 18 IT-чечимди ойлоп табышты.

Командалар төрт тематикалык багытта иштешти: аялдарга жана балдарга, мигранттардын балдарына карата зомбулук маселеси жана майыптуулугу бар адамдардын коопсуздугу.

“Хакатон Кыргызстандагы IT тармагындагы инновациялык иш-чаралардын бири болуп калды. Бардык иш-чаралар онлайн-режиминде өттү. Бизде IT тармагында терең экспертиза жүргүзө ала турган адистер көп. Ошондуктан калыстар тобу үчүн мыкты команданы тандап алуу оор болду. Бардык долбоорлор өтө жогорку деңгээлде даярдалган экен”, - деп айтты тандоо комиссиясынын мүчөсү Азис Абакиров.

Онлайн-хакатондун жеңүүчүлөрү акчалай байге алышты. Ал эми хакатондун калган катышуучулары да бул иш-чарада санаалаштарын таап, аралыктан иштөө режиминде жаңы билимге жана тажрыйбага ээ болушту.

Хакатон – бул зомбулукка жол берилбеши керек деген ойду жеткирүүгө жардам бере турган санарип чечимдерди даярдоо үчүн чыгармачылык жана ойлоп табуучулук дараметти колдонууга мүмкүнчүлүк берген иш-чара.

Жеңүүчүлөр:

Биринчи орунду “ClickHelp Bot” долбоору ээледи. “ClickHelp Bot” – аялдарга жана жаштарга үй-бүлөлүк зомбулуктун белгилерин ажыратып билүүгө жардам берет. Ошондой эле аларды жакын арада жайгашкан кризистик борборлор жана психологдор менен байланыштырат. Долбоордун авторлору гендердик эксперттер менен биргелешип, зомбулуктун белгилерине негизделген суроолорду түзүп, алардын коркунуч деңгээлин аныктап чыгышты. Колдонуучу өтө көп упай алган учурда бот ага жардам сурап кайрылышы керек экенин эскертет. Телеграм бот жакын аралыкта жайгашкан кризистик борборлор жана уюмдар тууралуу маалыматты да берет. Сиз ботту бул шилтеме боюнча сынап көрсөңүз болот. Иштеп чыккандар: Эдиль Байызбеков, Анастасия Бражникова жана Дмитрий Сухоруков.

“Жыл сайын Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулуктун катталган учурлары көбөйүп жатат. Бирок каттоого алынбай калган учурлар өтө көп. Себеби зомбулукка дуушар болгон адамдар дайыма эле жардам сурап кайрылууга даяр эмес. Башынан эле жок дегенде бир аялга зомбулуктун белгилерин аныктоого жардам берип, аны колдой турган адамдар менен байланыштырчу ботту иштеп чыгуу максатын көздөгөнбүз. Хакатондо бир нерсени түшүндүк: программалоодо канчалык тажрыйбаң көп болсо да, эң негизгиси адамдарга жардам берүүгө каалооң жана максатың болуш керек экен”, - деп ой бөлүштү “ClickHelp Bot” долбоорун иштеп чыккан команданын мүчөсү Анастасия.

Экинчи орунду “Burulay” долбоору ээледи. Долбоордун максаты – үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу үчүн чечимдерди бир санарип платформага бириктирүү. Мында психикалык же физикалык зомбулукка кабылган аялдар үчүн психологдордун сунуштарын берген онлайн-гиддер бар. Платформада каттоодон өткөн колдонуучулар үчүн купуялуулук сакталган онлайн-чат болот. Бул чатта ар бир катталуучу өз көйгөйлөрү менен бөлүшүп, бири-бирин моралдык жактан колдой алышат. Сиз долбоорду бул шилтеме боюнча көрө аласыз. Долбоордун авторлору: Дмитрий Новиков жана Дастан Алымбеков.

Үчүнчү орунду “Smart Jomok” долбоору ээледи. “Smart Jomok” – психологдорго, мугалимдерге, тарбиячыларга жана ата-энелерге балдарды жомоктор аркылуу жакшы таанууга жардам берген веб-сервис. Жаңы тиркеме интерактивдүү жомоктордун бир нече түрүнөн түзүлгөн. Мисалы, жомокту окуп жаткан маалда балага анын аягын ойдон чыгарууга, же жомоктун андан кийинки сюжетин өзү тандоого мүмкүнчүлүк берилет. Мындай жол менен улуу адам баланы тереңирээк түшүнө алат. Сиз жомоктордун бардык түрлөрүн бул шилтеме боюнча таба аласыз. Авторлор: Бектур Солтобаев, Адилет Нурланов, Бектур Самат уулу, Айдай Алгадаева жана Аскар Суюналиев.

 

Кандай санарип чечимдер сунушталды?

Хакатондун алкагында 18 инновациялык IT продукт сунуш кылынды. Алар аялдарга жана балдарга карантин маалында туш болгон кыйынчылыктарды жеңип чыгууга жардам бермекчи.

1.     Korbasym

2.     Доступное образование

3.     Kyrgyz Game

4.     Дыши

5.     Digital You

6.     Онлайн-помощник «Вайфу»

7.     Noname from Aikosha

8.     SOS

9.     Карта желаний

10.  Noname from Jaken

11.  Платформа социальной защиты.

12.  Онлайн академия для девушек

13.  BIZ business education

14.  I have a right

15.  Jarkyn Jasha

 

ММК үчүн байланыштар:

Асипа Алтымышева, БУУӨПтүн коомчулук менен байланыш боюнча консультанты

bolot.asipa@gmail.com

+996 555 080 666