Кыргызстандын COVID-19 менен күрөшүүсүнө БУУӨП 500,000 $ салымын кошууда

2020-ж., 8-April

Луиз Чемберлен, БУУӨПтүн Кыргызстандагы туруктуу өкүлү. Сүрөт: БУУӨП Кыргызстан

БУУӨП Кыргызстан Кыргыз Өкмөтү, ДССУ (WHO) жана өнөктөштөр менен бирге коронавирустун жайылышын токтотууга жана анын Кыргыз Республикасына тийгизген терс таасирин азайтуу үчүн өз салымын күчөтүүдө.

Бир нече күн мурун БУУӨПтүн Глобалдык Фонд тобу Саламаттык сактоо министрлигине вирус менен күрөшүп жаткан дарыгерлерди коргоо үчүн негизги жабдыктарды өткөрүп берди. Алгачкы жардам 90,000 беткап жана 2000 респиратор жүзүндө берилди. Глобалдык Фонд тарабынан 395,595 АКШ долларына 10 желдеткич жана 6500 экспресс тесттерин сатып алуу чечими кабыл алынды. Бул жаңы тесттер GeneXpert технологиясын колдонуу менен иштеп, мурун кургак учуктун диагнозун жасоо үчүн алынып келинген болчу. Беткап, тест системалары жана башка негизги жабдыктардын сатылып алынышы глобалдык деңгээлдеги талаптын өсүшү менен кыйындады.

Жалпысынан, БУУӨП Глобалдык Фонддун колдоосу менен алгачкы этап учурунда 500,000 АКШ долларына медициналык жабдыктарды сатып алды. Бул сатып алуулар анын күчтүү глобалдык сатып алуулар тармагына жана жергиликтүү адистердин саламаттык сактоо тармагындагы сатып алуулар боюнча тажрыйбасына таянып ишке ашты.

БУУӨП буга кошумча кургак учук жана АИВден жабыркап, коронавирус сыяктуу инфекцияларга чалдыгууга мүмкүн болгон аярлуу топторго медициналык жардам көрсөтүүнүн үстүндө иштеп жатат.

Биз учурдагы кризистин алдын-алуу, жооп кайтаруу жана калыбына келтирүү этаптарында өкмөткө адаптивдүү колдоонун көрсөтүүнү улантып жатабыз. Жашыл экономикага карата иш-аракеттерге багытталган кызматташтык (PAGE) долбоорунун Башкармасы COVID-2019 га арналган атайын иш-чаралардын айрымдарын ыңгайлаштырууда өкмөткө жардам көрсөтмөкчү.

“Кыргызстан жана бүтүндөй дүйнө болуп көрбөгөндөй кризисти баштан өткөрүп жатат.  БУУӨП Кыргызстан жакырчылыкты жоюу, теңсиздикти азайтуу жана кризистерге туруктуулукту жогорулатуу багытында Кыргызстанга ар бир этап учурунда колдоо көрсөтмөкчү” - деп билдирди Луиз Чемберлен, БУУӨПтүн Туруктуу өкүлү.

Коронавирус кризиси бул саламаттык сактоо чөйрөсүнө гана тиешелүү эмес. Бул социалдык, экономикалык жана саясий кризис жана БУУӨП анын аярлуу катмарларга болгон таасирин азайтуунун үстүндө Кыргыз өкмөтү менен тыгыз иштейт. Социалдык, экономикалык таасир жана ошондой эле чек арадагы таасирди анализдөө үчүн Экономика министрлиги менен кызматташтык жүрүп жатат. Мындан тышкары эрте калыбына келтирүү аракеттерин координациялоо менен жергиликтүү өнөктөштөрдүн чечим чыгаруу процессине жардам берилүүдө. Буга кошумча, БУУӨП инноваторлор жана экономисттер менен чогуу вируска карата ыкчам иш-чараларды алып баруу үчүн Санариптик IT Хабды тартуулап, инновациялык ыкмалардын жардамы менен вирус тууралуу маалыматты таратууда.

Бул аракеттердин катарында, БУУӨП ДССУ, ЮНИСЕФ жана WhatsApp менен миллиарддаган адамдарды коронавирус тууралуу реалдуу убакыт ченинде маалымдоо үчүн кызматташтыкты орнотту. БУУӨПтүн аймактык деңгээлде аткарган иши тууралуу Tweet Zero сайты аркылуу, ал эми глобалдык деңгээлдеги аракеттерин бул сайттан таба аласыздар.

Бүгүнкү күн эсебинен Кыргызстанда коронавирустун 130 учуру расмий түрдө катталды.

Маалыматты алып туруңуз, саламатта болуңуз.