COVID-19 шарттарында укуктук жардам алуу шарттарын жакшыртуу

2020-ж., 24-April

Бүгүн, 24-апрелде, КР Юстиция министрлигине караштуу Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо борборунун (МКЮЖ КБ), КР Акыйкатчы институтунун, юридикалык клиникалардын өкүлдөрүнүн, юристтердин, жактоочулардын, ошондой эле Кыргызстандын чектеш жерлеринде жашап жаткан жаш активисттердин катышуусу менен “COVID-19. КР юридикалык коомчулугунун алдындагы чакырыктар жана жооп кайтаруунун ыктымалдуу жолдору” темасындагы виртуалдуу кереге кеңеш өттү.

Онлайн аянтчанын негизги максаты – онлайн режиминде укуктук жардам берүү,  COVID-19 шарттарында укук колдонуу практикасы жаатындагы топтолгон оң тажрыйбаны талкуулоо, ошондой эле ченемдик-укуктук жана практикалык деңгээлде жооп кайтаруу боюнча мүмкүн болгон сунуштарды иштеп чыгуу болду.

Өзүнүн кириш сөзүндө БУУӨПтүн “Кыргызстан менен Өзбекстан жаштарынын ынтымагы менен кызматташтыгын илгерилетүү” программасынын координатору Калдаров Мукаш «пандемия шарттарында сот адилеттигине жана юридикалык жардамга жетүүнү жакшыртуу” бүгүнкү иш-чаранын негизги темасы экендигин белгиледи. “Анын жүрүшүндө юридикалык коомчулук менен жаштардын өкүлдөрү юридикалык кесиптин өкүлдөрү дуушар болуп жаткан кыйынчылыктарды, ошондой эле юридикалык жардамга муктаж болуп жаткан адамдарга юридикалык жардам берүү боюнча ыктымалдуу альтернативдүү мүмкүнчүлүктөрдү талкуулашты», - деди ал.

Белгилүү болгондой, азыркы тапта Кыргызстандын аймагында коронавирустук инфекциянын жайылышын болтурбоо максатында өзгөчө кырдаал режими киргизилген. Жарандардын өмүрү менен ден-соолугун коргоо, ошондой эле алардын коопсуздугу менен коомдук тартипти камсыздоо, коронавирустук инфекциянын Кыргыз Республикасынын башка аймактарына жайылышын болтурбоо максатында өлкө ичиндеги ары-бери которулуп жүрүүгө чектөө киргизилип, массалык иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынган жана өзгөчө абал жарыяланган аймактарга кирип-чыгуунун өзгөчө режими киргизилген. Кыргызстандын калкынын саламаттыгын камсыздоого багытталган ушундай чаралар калкка кызмат көрсөтүү жаатында айрым кыйынчылыктардын жаралышына алып келди.  

Иш-чаранын программасында МКЮЖ КБнын директору Калбеков Акжол Сабыровичтин “Кепилденген мамлекеттик юридикалык жардам жөнүндө” КР Мыйзамынын алкагында юридикалык жардам көрсөтүүнүн азыркы практикасы жөнүндө, ал эми жактоочу Эдуард Линин “COVID-19 шартында жаштардын жазык сот адилеттигине жетүүсү Бишкек шаарынын жана алыскы калктуу конуштардын мисалында” аттуу темада чыгып сөз сүйлөшү, ошондой эле башка юристтер менен чектеш райондордо жашаган жаштардын өкүлдөрүнө сөз берүү каралган.

Алыскы калктуу конуштарда, анын ичинде чектеш райондордо жашаган жаштардын  кеп-кеңеш берүүчү-укуктук жана квалификациялуу юридикалык жардам алуу мүмкүнчүлүктөрүнө байланышкан маселе талкуунун маанилүү аспекти болуп калды, анткени бул маселе COVID-19 илдетине байланыштуу түзүлгөн жагдайда да, андан кийин да актуалдуулугун жоготпогон маселе болуп саналат.

Жалал-Абад облусунун Ноокен районунан келген жаш катышуучу Касымбек уулу Уларбек алыскы чектеш райондордогу жаштардын укуктук жардам алуусундагы кыйынчылыктар тууралуу маалымат берди. Анын сөзүнө караганда, жаштардын укуктук жөнгө салуулардын колдонуудагы механизмдери туурасында маалымдуулугун жогорулатуу максатында аралыктан юридикалык жардам берүү жер-жерлердеги талаш-тартыштар менен чыр-чатактарды жөнгө салуунун жана алдын алуунун укуктук ыкмаларына көбүрөөк кайрылууга шарт түзөт.

Виртуалдуу кереге кеңештин жыйынтыгы катары алыскы калктуу конуштардагы жаштардын укуктук жардамга жетүүсүнүн ченемдик укуктук базасын жана укук колдонуу практикасын жакшыртуу боюнча тийиштүү резолюция кабыл алынды. Анын ичинде ар бир сессиянын темасы, анын ичинде “Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө” мыйзам долбооруна өзгөртүүлөр менен толуктоолорду киргизүү боюнча сунуштамалар иштелип чыкты. Иш-чара БУУӨПтүн “Кыргызстан жана Өзбекстан жаштарынын ынтымагы менен кызматташтыгын илгерилетүү” жана “Укук үстөмдүгү жана сот адилеттиги” долбоорлорунун алкагында Кыргызстандын Юридикалык клиникалар ассоциациясы менен кызматташтыкта демилгеленген.