БУУ системасы 2020-жылдын 8-мартында маршка чыккан аялдарга карата орун алган зомбулукту айыптайт

2020-ж., 11-March

Иллюстрация: ООН Женщины

Кыргыз Республикасындагы БУУ системасы 2020-жылдын 8-мартында маршка чыккан аялдарга карата орун алган зомбулукту айыптайт. Биз бийлик өкүлдөрүн бул окуяны кылдаттык менен иликтеп, анын күнөөкөрлөрдүн жана артында тургандардын жоопко тартылуусуна чакырабыз.

БУУ кыздарга жана аялдарга карата болгон үй-бүлөлүк зомбулукка жана активист, укук коргоочу аялдарга каршы толерантсыздыктын бардык түрүнө, физикалык жана оозеки басмырлоого жалпы каршы чыгууну кубаттайт.

БУУ дискриминациянын бардык түрлөрүн жана зомбулуктун алдын-алуу жана тыюу салууда, жана ошондой эле жарандардын өз оюн ачык айтуусуна жана тынчтык максатта чогулууусуна шарт түзүү үчүн КРга эл аралык укук, адам укуктары жана улуттук мыйзамдар алкагында өз милдеттенмелерин аткарууда көмөктөшүүнү улантмакчы.