Кургак учукту жеңүү жана коронавирустан жабыркагандарга тилектеш болууга убакыт келди

2020-ж., 24-March

Иллюстрация: БУУӨП Кыргызстан

Ар жылдын 24-мартында дүйнө лидерлери жана жамааттарынын көңүлүн кургак учук менен күрөшүүгө буруу максатында Бүткүл дүйнөлүк кургак учук күнү өткөрүлүп келет. «Бул күнгө биз өзгөчө маани беребиз, анткени кургак учукту жеңүү БУУӨПтүн приоритеттеринин бири»- деп айтты Луиз Чемберлен, БУУӨПтүн Кыргызстандагы Туруктуу өкүлү.

«Пандемия жүрүп жаткан учурда саламаттык сактоо системасын бекемдеп жана аялуу топторду коргоого көңүл буруш керек, аларга кургак учук менен ооругандар да кирет» - деп кошумчалады ал. Кургак учук жана аны коштоп жүргөн ооруулары бар адамдар коронавирустун катаал формасына чалдыгуусу мүмкүн. Андыктан алардын COVID-2019 инфекциясынан коргоого алынып, дарыланууну улантуусуна жол берилиши керек.

Коронавирус жана кургак учук – адамдын өпкөсүн жабыркаткан ооруулар. Өпкөнүн саламаттыгы абдан маанилүү, ал эми дем алуусуз эч бир адам жашай албайт. 

Иллюстрация: БУУӨП Кыргызстан

Учурда дарыгерлердин кеңештерине маани берип, инфекцияны жуктуруудан жана башкаларга жугузуудан оолак болуу зарыл (колду 20 секунддан кем эмес убакыт ичинде самындап жууш же антисептик менен тазалаш керек, чүчкүрүп жана жөтөлгөндө чыканакка башты багытташ керек, эл көп болгон жерде маска кийип, башка адамдар менен катнаштан оолак болуу зарыл). “Аялуу адамдар бул жаңы күрөштө биздин приоритет болуш керек” – деп белгиледи Луиз Чемберлен.

Кургак учук – дүйнө жүзү боюнча эң көп өлүмгө алып келген инфекциялык дарт. Кыргызстанда кургак учуктан жыл сайын 8,000 ге чукул адам дарыланат. Бул жылкы күндүн темасы “Убакыт келди”. Ал кургак учукту жеңүү үчүн көбүрөөк аракет жумшоонун убагы келди дегенди туюнтат. Бул ооруу менен күрөштү тездетип, көбүрөөк өмүрдү сактап калып, жаңы инфекциялардын санын азайтып, кургак учуктан арылган дүйнөнү курууга убакыт келди. Бул Бириккен Улуттар Уюмунун алдыга койгон туруктуу максаттарынын бири.

2011-жылдан бери БУУӨП кургак учукту жеңүүнү максат кылган Глобалдык Фонддун долбоорун ишке ашырып келет. Иш-чаралар диагностиканы жакшыртуу, сапаттуу дарылоону камсыздоо жана ооруулууларга колдоо көрсөтүүдөн турат. 

Иллюстрация: БУУӨП Кыргызстан

Жыл сайын БУУӨП 1200 дөн ашуун пациентке дарыларды сатып алып, аларды акысыз дарылоо менен камсыздап келет. Кургак учуктун алдын-алуу жана дарылоо мүмкүн. Бул үчүн пациенттердин дарылануу курсун системдик түрдө алып, аны аяктоосу зарыл.

БУУӨП өнөктөштөрү жана Кургак учук менен күрөшүү боюнча улуттук программа менен биргеликте дарыланууну аяктоо үчүн пациенттерге көмөк көрсөтүүнүн усулдарын иштеп чыкты. Пациенттердин дарылануусун баштоо жана жашоо шарты кыйын болгондор үчүн дарыларды үй шартында кабыл алууну камсыздоо үчүн 2018-жылдын жай айынан баштап БУУӨП, Улуттук кызыл жарым ай коому жана Улуттук кургак учук борбору биргеликте иштеп келет. Натыйжада дарыланууну эки айдан ашык убакытка чейин токтоткондордун саны 20% дан 4% га чейин азайды. Ушул эле кызматтар 2019-жылдын жай айынан бери өлкө ичинде көрсөтүлүп келет.

БУУӨП пациент клиникага келе албай турган учурда анын үйүнө чейин таблетка жана инъекцияларды жеткирип келет. Алар – коштоп жүрүүчү оорулары бар, майыптуулугу, каржылык көйгөйлөрү, көз карандылыгы бар адамдар, кичинекей балдар же дарыланууну туруктуу албагандар. Пациенттердин үй шартында дарылануусуна жол берген видеобайкоо ыкмалары сыяктуу инновациялык дарылоо жолдору да өлкө ичинде колдонулууда. 

Иллюстрация: БУУӨП Кыргызстан

БУУӨП кичинекей пациенттерге өзгөчө көңүл буруп, кургак учукка шектелгендердин МРТ-тесттерин каржылап келет. Бул дарыгерлердин диагностиканы өз убагында жасап жана дарылоосуна жол берет. 2019-жылы 616 бала диагностикадан өтүп, алардын 157 синде кургак учук тастыкталган.

Кургак учуктун диагностикасын жакшыртууга жана катталбаган учурларды табууга убакыт келди. Пациенттерди  эң мыкты дарылоо менен камсыздоо убактысы келди. Кургак учукту жеңүүгө убакыт келди.