Коронавирусту жеңүү үчүн лидерлик жана тилектештик керек

2020-ж., 25-March

Иллюстрация: ПРООН

COVID-2019 пандемиясы учурда глобалдык саламаттык сактоо кризисин алып келүүдө. Алгачкы жолу өткөн жылы катталгандан соң, вирус Антарктидадан башка бардык континенттерге жайылды. Африка жана Түштүк Америкада жаңы учурлар күн санап өсүп, ал эми Европа болсо пандемиянын эпицентринде калды. Тактай кетсек, вирустун Европада жайылуусу Кытайдагы көрсөткүчтөрдөн жогору катталууда.

Дүйнө өлкөлөрү тестирлөө, дарылоо, инфекциянын изин табуу, саякатты чектөө, жарандарды карантинге алуу, спорт, концерт иш-чараларын жана окутуу жайларын жабуу аркылуу вирустун жайылуусун жайлатуунун камын көрүүдө.

Пандемия толкун сымал таралып, вирус менен күрөшүүгө дарамети аз болгондорду чукул абалда калтырууда.

Бирок, COVID-2019 саламаттык сактоо кризиси гана эмес. Ал дүйнө өлкөлөрүнүн аймагына кирип, социалдык, экономикалык жана саясий кризисти жаратууга жана тарыхта терең изин калтырууга толук дарамети бар экендигин көрсөттү.

Биз таанылгыс аймакка келгендейбиз. Көптөгөн жамааттар бир жумадай убакыт ичинде таанылгыс болуп өзгөрдү. Дүйнөнүн улуу шаарларынын көчөлөрү бош калды. Алардын жашоочулары өз эрки же өкмөттүн буйругу менен үй ичинде отурушат. Дүйнө боюнча дүкөндөр, театрлар, ресторан жана барлар жабылууда.

Адамдар күн санап жумуштан жана кирешеден айрылууда. Нормалдуу жашоо качан баштаалары белгисиз. Кичине аралдарда жайгашып, туризмден катуу көз каранды болгон мамлекеттерде бош калган мейманканалар жана чөлгө айланган пляждарды көрүүгө болот. Эл аралык эмгек уюмунун маалыматы боюнча, орто эсеп менен 25 миллион жумуш орду жокко чыгышы мүмкүн.

БУУӨПтүн иш-аракети

Ар бир өлкө бул кризиске даярдануу, жооп кайтаруу жана калыбына келтирүү үчүн ыкчам иш-аракетке өтүүсү керек. БУУ тутуму бул иштин ар бир этабында эң аярлуу топторго басым коюу менен колдоосун көрсөтүп турмакчы.

Эбола, АИВ, SARS, кургак учук жана маляриянын таралуусу менен иштөө тажрыйбасына жана ошондой эле жеке жана мамлекеттик сектор менен кызматташтыкты эске алып, БУУӨП өлкөлөрдүн COVID-2019 пандемиясына жооп кайтаруусунда колдоо көрсөтмөкчү. Бул ишмердик жакырчылыкты жоюу, теңсиздикти азайтуу, кризис жана шокторго туруктуулукту жогорулатуу боюнча миссиянын алкагында ишке ашмакчы.

Биз учурда БУУ тутуму менен бирге үч чукул багыттын үстүндө тыгыз иштөөдөбүз: зарыл болгон медициналык өнүмдөрдү сатып алуу, кризисти башкаруу жана жооп кайтаруу жана курч мүнөздөгү социалдык жана экономикалык таасирлерди жумшартуу.”

Ахим Штайнер, БУУӨПтүн Администратору.

Өлкөлөрдү колдоо кризистин алгачкы этабында башталып, бул көмөктүн өлчөмү 2 миллиондон ашуун хирургиялык беткап, рентген машина, инфракызыл термометр, инфузия насосу, коргоочу костюм, кол каптар жана антисептиктерди түздү.

Кытайда болсо вирус тууралуу аярлуу жамааттар, алардын ичинде улгайгандар жана башка аз камтылгандар арасында социалдык тармак кампаниясы 40 тилде болуп өттү. 

Пекиндеги БУУ имаратындагы Кытай өкмөтүнө эң зарыл болгон медициналык каражаттарды өткөрүп берүү . Сүрөт: БУУӨП Кытай.

Ливан өкмөтүнүн Кырсыктарды башкаруу планын түзүүдө колдоо көрсөтүлдү. Вьетнамда болсо Кытай менен чектеш жайларда жашаган аярлуу топторго, алардын ичинде этникалык азчылыктар жана майыптуулугу барлар менен байланышты түзүү үчүн өкмөт менен иш алып барып жатабыз.

WhatsApp, WHO жана UNICEF менен кызматташтыктын негизинде маалымат хабы түзүлүп, ал миллиарддаган адамдарга онлайн режиминде маалымат жеткирүүдө. 

Сүрөт: Басак Кабадай/ Shutterstock.com

Биз дүйнөдөгү эң ири жарнама компанияларынын бири болгон AMV жана актер, жазуучу жана юморист Стивен Фрай менен Tweet Zero кампаниясынын алкагында байланышка чыктык.

Вирустун таралуусун чектеп жана аярлуу топтор жана экономикаларга болгон таасирди жумшартуу үчүн коомдун бардык күчү талап кылынат. Андыктан улуттар ичинде жана алар арасында, жарандар менен өкмөттөр ортосунда ишеним жана кызматташтыкты орнотуу зарыл.

Коронавирус менен алпурушуп жатып, мындай кризисти келечекте болтурбоо жолдорун ойлонуу да маанилүү. Андыктан, БУУӨП узак убакыт мерчеминде кризистин алдын-алууда дүйнө өлкөлөрүнүн инновациялык чечимдерди колдонуусу тууралуу ой жүгүртмөкчү.

Глобалдык жооп кайтаруу – бул келечекке кошкон салымыбыз.

Тексттин оригиналы бул жерде