Сокулукта калкка акысыз юридикалык жардам көрсөтүү борбору ачылды

2020-ж., 17-March

Эдигеев Ж. К - Крупская айыл өкмөтүнүн башчысы. Ал бул борбордун ачылышында түздөн-түз көмөктөшкөн адамдардын бирөөсү. Сүрөт: Чынтемир Калбаев / ПРООН Кыргызстан

2020-жылдын 17-мартында Чүй облусунун Сокулук районунда Калкка юридикалык жардам көрсөтүү борборунун ачылышы болуп өттү. Иш-чарага Юстиция министрлигинин алдындагы Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо борборунун директорунун орун басары Рыскулова Ж.Д, Крупская Айыл өкмөтүнүн башчысы Эдигеев Ж.К жана БУУӨПтүн долбоорунун координатору Айнура Алымбекова катышты. Мындан тышкары, иш-чарага жергиликтүү Аксакалдар сотунун мүчөлөрү да келишти.

Сокулук айылынын Аксакалдар сотунун мүчөсү Макаренко Л.П төмөндөгүлөрдү бөлүштү:

“Биз жазалоочу орган эмес, элдештирүүчү органбыз. Андыктан биз айрым учурларда мыйзамдарды билбей калышыбыз мүмкүн. Ушул себептен улам бул борбордун ачылгандыгына кубанып отурабыз. Бул абдан жакшы саамалык”.

Ошол эле органдын башка мүчөсү Жукова Т.К нын айтымында, юридикалык жардам айыл жашоочуларына абдан керек. Ал учурдан пайдаланып жергиликтүү Айыл өкмөтүнүн башчысына жана бул саамалыктын уюштуруучуларына рахмат айтып өттү:

“Бизде адамдар юридикалык жардамдарга абдан муктаж. Жергиликтүү жашоочулар негизинен мындай суроолордо сабатсыз экени белгилүү. Кээде айрымдар үйүн кандайча өзүнө жаздырып алууну да билишпейт. Андыктан мен уюштуруучуларга жана Айыл өкмөтүнүн башчысына чоң рахмат деп айтаар элем” – деп сөзүн бүтүрдү ал.

Макаренко Л.П - Сокулук айылынын Аксакалдар сотунун мүчөсү. Сүрөт: Чынтемир Калбаев / ПРООН Кыргызстан

Бул жаңы борбордо Сокулук айылдык кеңешинин депутаты, адвокат Шамканова А.Т калкка кызмат көрсөтмөкчү. Анын айтымында, юридикалык жардам сурап Сокулуктун гана эмес, бүтүндөй Чүй өрөөнүнүн жашоочулары кайрылса болот. Иш тартиби саат 9:00 дөн 17:00 гө чейин. Анын байланыш телефондорун “Укуктук жардам” сайтынан табууга болот. 

Аида Шамканова - жергиликтүү Кеңештин депутаты жана жактоочу. Ал жаңы юридикалык жардам берүү борборунда иштемекчи. Сүрөт: Чынтемир Калбаев / БУУӨП Кыргызстан

Юстиция министрлигинин Юридикалык жардам көрсөтүү борборлору жарандарга акысыз түрдө консультациялык-укуктук көмөк көрсөтүү максаты менен ишке кирген. Бул борборлордун кызматтары менен КР жарандары, чет элдиктер, жарандыгы жоктор жана качкындар колдоно алышат. Бул жоболор Кыргыз Республикасынын Баш мыйзамы жана “Мамлекет тарабынан кепилденген укуктук жардам жөнүндө” мыйзамына шайкеш келет.

Учурда республика боюнча 26 юридикалык көмөк көрсөтүү борборлору иштеп, алар Бишкек, Ош, Токмок, Кант, Кара-Балта, Каракол, Чолпон-Ата, Балыкчы, Кара-Суу, Ноокат, Жалал-Абад, Кербен, Каракөл, Баткен, Исфана,  Кадамжай, Талас  жана Нарын шаарларында, жана ошондой эле Беловодское, Кара-Кулжа, Гүлчө, Араван, Дароот-Коргон, Базар-Коргон  жана Кочкор айылдарында жайгашкан. Сокулуктагы борбор өлкө ичиндеги 27-чи борбор болуп калды.

Борбордо юридикалык акысыз жардам оозеки консультациялар, сот, мамлекеттик жана муниципалдык органдарына арыз, кайрылуу жана дооматтарды даярдоодо жардам берүү аркылуу көрсөтүлөт. Бул жардам жарандык жана кылмыш кодекстери боюнча сот иштеринде жарандардын кызыкчылыгын коргоону камтыбайт. 

Борбордун ачылыш аземинин катышуучулары акысыз юридикалык жардам көрсөтүлүүчү кабинетте. Сүрөт: Чынтемир Калбаев / БУУӨП Кыргызстан

Борборлордун ачылуусу Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги жана БУУнун Өнүктүрүү программасынын “КР аймагында укуктук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү максатында туруктуу адилеттике карай” долбоорунун алкагындагы кызматташтыктын натыйжасында мүмкүн болду. Долбоор Финляндиянын Тышкы иштер министрлиги тарабынан каржыланууда.

Долбоор тууралуу:

  • “Тилектештик автобусу” демилгесинин жардамы менен миңдеген адамдар өз укуктары жөнүндө биле алышты жана негизинен укуктук маалымат айыл жергесинде жашагандар үчүн жеткиликтүү болуп калды. Бул демилге акыйкаттык темасында орун алган эл аралык форумдарда да тартууланып, новатордук жана майнаптуу саамалык катары белгиленди;
  • Жүздөгөн мамлекеттик кызматкерлер жана юристтер укук үстөмдүгү жана акыйкаттык системасын тийиштүү түрдө ишке ашыруунун негизинде калкка кызмат көрсөтүүнүн муктаждыктарга жооп бере ала турган деңгээлге чыгаруу тууралуу маалымат алышты;
  • Мамлекет тарабынан каржыланган укуктук жардам көрсөтүү системасы 2016-жылы кабыл алынган Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам тууралуу мыйзамдын жана ченемдик укуктук актылардын эсебинен ишке ашууда;
  • Өлкө ичинде жалпысынан калкка юридикалык жардам көрсөтүүчү 27 борбор ачылды. Алар укуктук маалыматка муктаж болгон миңдеген адамдарга кызмат көрсөтүүдө. 

АЮЖБ "Сокулук" Кыргыз Республикасындагы 27-борбор болуп калды. Сүрөт: Чынтемир Калбаев / БУУӨП Кыргызстан