БУУӨП өнөктөштөрү менен биргеликте Кыргызстандын түштүк аймагын комплекстүү өнүктүрүүнү колдоп келет

2020-ж., 14-February

Цех по фасовке мёда в г. Ош

11 февраль 2020 ж. «Россия Федерациясы – БУУӨП” Трасттык фонду тарабынан каржыланып, Ош областынын интеграциялык өнүгүүсү, санариптик жөндөмдөрдү өнүктүрүү жана Баткен областындагы климаттын өзгөрүүсүнө туруктуулукту бекемдөөгө багытталган долбоорлордун Кеңеши болуп өттү.

Бул долбоорлорду ишке ашыруу Кыргыз Республикасынын Президентинин бул жылды “Аймактарды өнүктүрүү, санариптештирүү жана балдарды колдоо” деп атаган демилгесиндеги артыкчылык берилген темаларга жооп берет.

Комплекстүү өнүктүрүү: жергиликтүү жамааттар менен тыгыз кызматташтык

“Ош областынын интеграциялык өнүгүүсү” деп аталган үч жылдык программанын каржылык базасы 3,7 млн АКШ долларынан туруп, Ош областынын пилоттук 3 районунун башкармалыгы жана жамааттары менен тыгыз кызматташтыкта ишке ашырылды. Аталган райондор: Өзгөн, Ноокат жана Кара-кулжа райондору. Бул убакыт ичинде аталган аймактардын 193 миңден ашуун жашоочулары программадан жардам алышып жана жалпы суммасы 3 млн долларга чукул болгон 215 долбоор ишин баштады.

БУУӨПтүн Туруктуу өкүлү Луиз Чемберлен айым өз сөзүндө Трасттык фонддун долбоорлору аймактык өнүгүүнүн мисалдары боло тургандыгын айтып өттү.

“Мен Кыргызстандын Өкмөтүнө көйгөйлөрдү чечүүгө инновация, жашыл технологиялар, жергиликтүү жамааттар, жеке сектор жана жергиликтүү органдарды тартуу менен Туруктуу өнүгүү максаттарына жетүүнү тездетип жатканыбыз менен сыймыктанам. Жүздөгөн жумуш орундары түзүлүп, мамлекеттик кызматтардын сапаты жана аларга болгон жеткиликтүүлүк жакшырды. Айыл чарбанын жана өнүмдөрдү кайра иштетүүнүн өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу үчүн инновациялык технологияларды колдондук. Туризмди өнүктүрүү боюнча долбоорлор ишке ашырылды. Адамдардын коопсуз жана таза сууга болгон муктаждыгы канааттандырылды. Эмгек мигранттары – Ош облусунун жашоочулары менен биргеликте бала бакчалары жана көчөнү жарыктандыруу сыяктуу социалдык инфраструктура жакшыртылды.

Мунун баары Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн, Россия – БУУӨП Трасттык фондунун колдоосу, Кыргызстан Өкмөтү, Ош жана Баткен областтарынын жетекчилиги, жергиликтүү жамааттар жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр менен биргеликте ишке ашты.” – Луиз Чемберлен.

Санариптештирүү жана жаштарды окутуунун заманбап стандарттары

Санариптештирүү жана жаштардын санарип экономикада жумуш ордун табуусуна көмөк көрсөтүү Кыргызстандын башкы приоритеттеринен болуп саналат. Андыктан БУУӨП маалыматтык технологияларды киргизүү жана ишке салуу боюнча Кыргызстанда белгилүү бир иш алып барууда. Бул болсо өз учурунда тездик менен өнүгүп жаткан заманбап дүйнөдө жаштар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү бермекчи.

“Жаштарды окутууда заманбап стандарттарды киргизүү боюнча Улуттук стратегиянын негизинде иш алпарып келебиз. Жеке сектор менен кызматташтыкта Ош шаарында ИКТ борбор ачуу маселеси алдыбызда турат. Балким, кийинчерээк ал бүткүл Фергана өрөөнүнө чейин кеңейтилиши мүмкүн. Бул максатта 1000 ден ашуун жаштарга атайын даярдоо курстары ачылып, адамдык ресурстарды түзүү максаты алдыгы коюлууда.” – Канагат Алышбаев, БУУӨПтүн санариптик жөндөмдөр тууралуу долбоорунун координатору.

Аймактардагы климаттын өзгөрүүсү менен күрөшүү

БУУӨП бүткүл дүйнө боюнча 140 тан ашуун өлкө ичинде климаттын өзгөрүүсү менен күрөшүүгө көмөктөшүп келет. Бул жардам “Климаттык перспектива” деп аталган глобалдык перспектива аркылуу да ишке ашырылып келет.

2019-жылы Кыргыз Республикасы Париж келишимин ратификациялагандан кийин ааламдык жылуулануунун өсүшүн коопсуз болгон 1,5 Цельсий даражасында кармап турууга бел байлаган 184 өлкөнүн катарына кирди.

2007-2015-жылдар ичиндеги Кыргызстандын Баткен облусунда болуп өткөн климаттык катастрофалардын айынан 1,5 миллиард сом же 22 миллион АКШ долларына барабар болгон запкы келтирилген. Эгерде бул багытта иш алпарбаса, климаттык өзгөрүүнүн эсебинен мындай өзгөчө кырдаалдардын тездиги жана интенсивдүүлүгү көбөйүп, адамдар жана материалдык баалуулуктар үчүн кооптуу абал туулат.

“Биз климаттык өзгөрүүгө адаптациялоо жана ага каршы туруктуулукту бекемдөө боюнча ишти баштап, жакшыртылган агроклиматтык маалыматты таркатуу, сууну натыйжалуу колдонуу жана эсептөө, ички чарбалык сугаруу системаларын калыбына келтирүү жана коргоо аркылуу ар жылы 11 000 М3 агын сууну үнөмдөп, аянты 22 000 га болгон жерде гидрологиялык өзгөчө кырдаалдардын кесепетин азайтып жана 13 000 га сугарылуучу жердин суу менен камсыз болуусун жакшыртабыз.” – деп айтты Лира Жолдубаева, Баткен облусундагы климаттын өзгөрүүсүнө туруктуулукту бекемдөө боюнча долбоордун координатору.

 «Аймакты өнүгүүгө багытталган долбоорлордун Баткенде да болуп жатканына биз абдан кубанычтабыз. Трасттык фонддун долбоорун койгон үмүтүбүз чоң, анткени бул көйгөй биздин аймак үчүн эле эмес, бүткүл дүйнө үчүн актуалдуу.» - деп Баткен облусундагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу өкүлүнүн кеңешчи Назиров Манас бөлүштү.

Күндүн экинчи жарымында жолугушуунун катышуучулары Ош облусунун интеграциялык өнүгүүсүнө багытталган долбоордун алкагында колдоого алынган объектилерди көрүп чыгышты. Алардын ичинде: Ош шаарында жана Өзгөн айылдык аймагындагы социалдык-экономикалык инфраструктура объектилери – ӨКМ КР нын мобилдик ооруканасы, Ош технологиялык университетиндеги (ОшТУ) каржылык сабаттуулук борбору, балды таңгактоо цехи. Өзгөн районунда болсо катышуучулар “бирдиктүү” терезе принциби аркылуу калкка муниципалдык кызмат көрсөтүү борбору, ЭКГ жана АНД аппараттарын колдонуп, Ош шаарындагы оорукана менен бирдиктүү серверде иштеген Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу менен таанышты. Айта кетсек, бул сервер диагностика жана консультация берүүнү маалыматтык-коммуникациялык технологиялардын жардамы менен ишке ашырат. Мындан тышкары Куршаб айылындагы №62 лицейде жайгашкан окутуу-өндүрүү устаканасынын иши дагы катышуучуларга көрсөтүлдү.

Долбоордун байкоочу кеңештери – долбоорду майнаптуу түрдө ишке ашырууда керектелген чечимдерди кабыл алууда жана мониторинг жүргүзүүдө жардамга келген маанилүү механизм. Бул механизм долбоорлордун иш планын жана алардын өзгөрүүсүн БУУӨПтүн процедуралары жана өнөктөштөр менен биргеликте ишке ашырылуусун көзөмөлдөйт.

“Байкоочу кеңештин отурумдарын өткөрүү катышуучуларга долбоордун ишмердүүлүгүнө көз салып жана мыкты жыйынтыктарга жетүү үчүн сунуштарды киргизүүгө жол берет. Бүгүн биз БУУнун Өнүктүрүү программасынын Ош жана Баткен облустарында ишке ашкан үч долбоордун жыйынтыктарын тартууладык. Биз өнөктөштөрүбүз – Ош жана Баткен облустарынын жетекчиликтери менен бирге Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук стратегиясына шайкеш иштеп жатабыз.” – деп белгиледи Мира Субанкулова, БУУӨПтүн Ош облусу боюнча програмасынын менеджери.

Техникалык маалымат

КР Ош облусундагы Толук ыйгарым өкүлүнүн Аппаратында Россия Федерациясы тарабынан каржыланып, БУУӨП тарабынан ишке ашырылган үч долбоордун байкоочу кеңеши улуттук өнөктөштөрдүн катышуусу менен болуп өттү.

Отурумда Ош шаарында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Юсупов Байыш Юсупович, Баткен облусундагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу өкүлүнүн кеңешчи Назиров Манас, Кыргыз Республикасынын экономика Министринин орун басары Алыбаве Автандил Шейшенбекович, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин орун басары Омуров Нурлан Кубатович, Россия элчилигинин Ош облусундагы башкы консулу Свистин Роман Викторович, Кыргызстандагы БУУӨПнын туруктуу өкүлү Луиз Чемберлен, Москвадагы БУУӨПнын Трастык Фондунун башчысы Аверчинков Александр, Кыргыз Республикасынын министрликтери жана бөлүмдөрүнүн, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышты катышышты.