БУУӨП Баткен облусунун Мамлекеттик чек ара кызматына чек арадан өтүү шарттарын жакшыртууга багытталган жабдууларды тапшырды

2020-ж., 3-February

Бүгүн Мамлекеттик чек ара кызматынын Баткен облустук башкармалыгында Кадамжай районундагы «Кадамжай-автодорожный», «Чечме-автодорожный», «Аккыя-автодорожный», «Кайтпас» көзөмөл- өткөрүү пункттары үчүн компьютердик жабдууларды тапшыруу иш-чарасы өттү. Жабдуулар БУУнун Өнүктүрүү Программасы (ПРООН) тарабынан берилип, Кыргыз Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын чек аралаш райондорунун тургундарынын мамлекеттик чек арадан өтүү шарттарын жакшыртууга багытталган.

Иш-чарага Мамлекеттик чек ара кызматынын Баткен облустук башкармалыгынын жетекчилиги жана өздүк курамы, ошондой эле Кыргыз Республикасындагы БУУнун Өнүктүрүү Программасынын өкүлдөрү катышышты.

БУУнун Тынчтыкты куруу Фонду тарабынан каржыланган “Кыргызстан менен Өзбекстандын жаштарынын ынтымагын жана кызматташтыгын илгерилетүү” долбоорунун алкагында ПРООН чек аралаш айылдардын тургундарына укуктук жардам көрсөтүүнү кеңейтүү багытын жүзөгө ашырууда. «Чек аралаш райондорунун тургундарынын мамлекеттик чек арадан өтүү шарттарын жакшыртуу максатында долбоордун алкагында жалпы суммасы  $23,755 түзгөн 13 компьютердик жабдуулар жыйнагы тапшырылды”, - деди ПРООНдун тынчтык жана өнүгүү маселелери боюнча кеңешчиси Мукаш Калдаров.

Мамлекеттик чек ара кызматынын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын начальнигинин биринчи орун басары Кыялбек Бекназаров салтанаттуу иш-чарада чыгып сүйлөгөн сөзүндө:" Кыргыз-өзбек чек арасындагы көзөмөл-өткөрүү пункттарында жаңы компьютердик жабдууларды орнотуу Мамлекеттик чек ара кызматына чек араны көзөмөлдөөнүн сапатын жогорулатууга жана чек арадан өтүүчү жарандар үчүн ыңгайлуу шарттарды камсыз кылууга мүмкүндүк берет. Айрыкча белгилеп кете турган нерсе: Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын БУУнун өнүктүрүү Программасы менен кызматташуусунун негизинде чек аралаш айыл тургундарынын социалдык жашоо деңгээлин өнүктүрүү милдеттери ийгиликтүү ишке ашууда", - деди.

Жабдууларды тапшыруу ПРООНдун “Кыргызстан менен Өзбекстандын жаштарынын ынтымагын жана кызматташтыгын илгерилетүү” долбоорунун алкагында ишке ашууда. БУУнун Тынчтыкты куруу Фонду тарабынан каржыланган жана БУУнун Кыргызстандагы Агенттиктери (ЮНИСЕФ, ЮНФПА жана ПРООН) тарабынан ишке ашырылып жаткан бул долбоор Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы кызматташуу планын жүзөгө ашырууда колдоо көрсөтүүгө жана чек  аралаш аймактарда социалдык бирдейликти жакшыртууга багытталган..