Кыргызстанда ар бир төртүнчү аял физикалык жана сексуалдык зомбулукка дуушар болгон

2019-ж., 20-November

UNDP in Kyrgyz Republic

Кыргызстандын жана Кореянын БУУѲПы үстүдөгү жылдын 19-20-ноябрында Бишкек шаарында «Ички иштер бөлүмдөрүнүн кызматкерлерин гендердик зомбулуктун жабырлануучуларын колдоо боюнча Стратегиялык даярдоо» маселелери боюнча окуу тренингин өткөрдү Билим алмашуу Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин алдындагы Академиясы жана Кореянын полициялык тергөө Академиясы менен тыгыз кызматташуунун алдында өттү.

Ички иштер министринин кеӊешчиси, Асель Осмонова, Кыргызстандагы үй-бүлөлүк зомбулуктун статистикасы жана аны тергөөнүн тажрыйбалары боюнча ой бөлүштү, жана ошондой эле, гендердик зомбулуктун курмандыктарынын укуктарын калыбына келтирүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

«Эгерде, сексуалдык зомбулукту болтурбоо боюнча чараларды көрбөсөк, анда ал аялдар жана кыздар үчүн, ошондой эле, алардын үй-бүлөсү жана жалпы коом үчүн олуттуу терс кесепеттерге алып келиши мүмкүн. Ошондуктан, укук коргоо органдары керектүү алдын-ала жумуштары үчүн билим жана көндүмдөр менен куралданышы зарыл жана зомбулуктун курмандыктарына профессионалдуу колдоо көрсөтө алгыдай болушу керек” деп Улуу Британиянын КР элчиинин орун басары Дженнифер Таскер белгиледи.

Эки күн боюу КР ИИМ Академиясынын, КР Социалдык өнүгүү министрлигинин кызматкерлери, адвокаттар жана жарандык коомдун өкүлдөрү Кореянын полициясынын гендердик зомбулуктун курмандыктарына сурак өткөрүү Көрсөтмөсү жана Кореяда тренерлерди даярдоо тажрыйбалары менен таанышышты.

Зордук менен жасалган кылмыштарды тергөө боюнча Кореялык Академиянын департаментинин профессору Ли Дон Хи, сурак жүргүзүүдө полиция үчүн Көрсөтмөнү колдонуу жөнүндө айтып берди. Ѳзгөчө көӊүл колдонмону полициянын күндөлүк ишинде колдонууга бурулду. Катышуучулар менен гендердик зомбулуктун курмандыктарын суракка алуунун симуляциясы уюштурулду, курмандыктарды суроонун түзүмү иштелип чыкты, экинчи жолку виктимизациядан кутулуу үчүн суроолордун формулировкалары талкууланды.

Катышуучулар эки күндүк семинардын жүрүшүндө курмандыктарды суроо менен байланышкан, ички иштер бөлүмдөрүнүн кызматкерлери үчүн окуу программаларын иштеп чыгуу жана жайылтуу менен байланышкан тажрыйбалары жана жыйынтыктары менен бөлүшүштү. Катышуучулар семинардын биринчи күнүндө сексуалдык жана гендердик зомбулуктун курмандыктарына жардам көрсөтүү экинчилик виктимизацияны, өзгөчө жашы жетпеген курмандыктарды жана майыптыгы бар курмандыктарды  минималдаштыруу боюнча чечимдерди издөөдөгү өнөктөштүктү жана кореялык полициянын сурак жүргүзүүдөгү жетекчилик принциптерин талкуулашты.

Экинчи күнү катышуучуларга Кыргызстандын милициясы үчүн окуу планынын жүз ачары тартууланды, ошондой эле, гендердик зомбулук болгондо милициянын жооп берүүсүн  күчтөндүрүүнүн приоритеттүү чөйрөсү, сот адилеттигине жетишүүнү кеӊейтүү маселелери жана потенциалды өнүктүрүүнүн программасын институционалдаштыруу талкууланды.

«Кыргызстандагы БУУѲП көп жылдардан бери сексуалдык жана гендердик зомбулукту болтурбоо жана көӊүл буруу чөйрөсүндө иш алып барууда. БУУѲП КР Ички иштер министрлиги менен тыгыз байланышта гендердик жана сексуалдык зомбулукту болтурбоого багытталган долбоорлордун бир нечесин жүзөгө ашырды, ошондой эле, жашы жетпегендердин диний никелерине тыюу салган мыйзамдарды колдоду жана гендердик зомбулуктун курмандыктарын Бро-Бонолук колдоп келет.  Ошентип, долбоорлордун жыйынтыгында, ички иштер бөлүмдөрдүн 600дөн ашуун кызматкерлери, 100 судьялар жана 120 адвокаттар окутулду» деп, КРдагы БУУнун Туруктуу Ѳкүлүнүн программалар боюнча Кеӊешчиси Эркинбек Касыбеков белгиледи.

Милиция сексуалдык жана гендердик зомбулук боюнча иштерди тергей турган биринчи инстанция болуп эсептелет, жана курмандык менен сот адилеттигинин ортосундагы байланышты орнотуудагы, ошондой эле, тирүү калган курмандыктардын жыргалчылыгына жана айыгып кетүүсүнө көмөк көрсөтүүдөгү негизги ролду ойнойт. 2017-жылы БУУнун Сеулдагы саясий борбору Түштүк Корея менен өнөктөш-өлкөлөр ортосунда чечимдерди иштеп чыгуу жана билимдер менен алмашуу боюнча Ѳнөктөштүктү киргизди, ошондой эле, сексуалдык жана геендердик зордуктун курмандыктарын суроо боюнча Көрсөтмөнү сунуш кылды.

Ушул Көрсөтмө бүгүнкү күндө Албанияда, Индонезияда, Казахстанда, Сенегалда, Зимбабведе жана Кыргызстанда жайылтылууда. Кыргызстанда ушул инструмент саясатчылар, сексуалдык жана гендердик зомбулук боюнча эксперттердин жана БУУнун ортосунда үч тараптуу кызматташтыкты тереӊдетүү максатында 2019-жылыбилимдер менен алмашуу иш-чаралары аркылуу киргизилген

Иш-чара Улуу Британиянын Кыргыз Республикасындагы элчилиги каржылаган БУУнун «Кыргыз Республикасында укук үстөмдүгүн жылдыруудагы отчеттуулукту жана тунуктуулукту жогорулатуу 2-фаза» долбоору тарабынан жүзөгө ашырылды.