«Алатай» жана «Кан-Ачуу» жаратылыш парктарынын мыкты логотиптерине сынак

2019-ж., 27-November

"Алатай" жаратылыш паркында жайгашкан "Кара-Суу" көлү

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Биоартүрдүүлүктү сактоо жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары департаменти БУУӨП-ГЭФтин “Туруктуу жашоо шарттарын колдоо үчүн Батыш Тянь-Шань тоо экосистемасынын глобалдык маанидеги биоартүрдүүлүгүн жана аны менен байланышкан жер жана токой ресурстарын сактоо” долбоорунун колдоосунда “Алатай” жана “Кан-Ачуу” мамлекеттик жаратылыш парктарынын мыкты логотиптерине ачык сынагын жарыялады.

«Алатай» жана «Кан-Ачуу» - Жалал-Абад облусунда жайгашкан өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары. Бул жерде көпчүлүгү өлкөнүн Кызыл китебине кирген сейрек жана жок болуу коркунучунда турган жаныбарлардын жана өсүмдүктөрдүн түрлөрү байырлайт жана өсүп чоңоюуда. Парктардын негизги иш багыттарынын арасында экотуризмди, илимий изилдөө иштерин жүргүзүү, флора жана фаунанын эсебине мониторинг, браконьерликке каршы аракеттенүү ж.б белгилей кетсек болот. «Алатай» жана «Кан-Ачуу» парктары жөнүндө кеңири төмөндө таанышсаңыздар болот:

Сынактын максаты: “Алатай” жана “Кан-Ачуу” мамлекеттик жаратылыш парктарынын максатын, милдетин жана багыттарын чагылдырган, мындан ары символика катары иш документациясында жана парктын корпоративдик медиапродуктыларында колдонууга багытталган эң креативдүү логотиптерди аныктоо. Ачык сынактын жобосу бул жерде

Сынак эки номинацияда жарыяланат:

1.      “Алатай” мамлекеттик жаратылыш паркынын мыкты логотиби

2.      “Кан-Ачуу” мамлекеттик жаратылыш паркынын мыкты логотиби

Мыкты логотиптин байгелери - ноутбуктар. 

Тапшырыктарды кабыл алуу 2020-жылдын 31-мартына чейин жүргүзүлөт.

Сынакка жеке жактар, ошондой эле жеке жактардын тобу катыша алат. Ар бир катышуучу же топтор бир же бир нече ишти тапшыра алат. Сынакка мурда эч бир жерде колдонулбаган (пайдаланылбаган), жеке аткарылган логотиптердин долбоорлору  сунушталат (сунушталышы/көрсөтүлүшү керек). Логотипке парктардын официалдуу аталышы кошулушу зарыл (милдеттүү).

Сунушталган иштер биоартүрдүүлүктү сактоого таандык, уникалдуу жаратылыш комплекстеринин, сейрек жана жок болуу коркунучунда турган жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн элементтерин камтышы керек.

Сынакка электрондук түрдө түстүү жана монохромдуу көрүнүштө логотипке сунушталган ар бир элементти текстик сүрөттөө (баяндап жазуу) менен кабыл алынат.

Сынакка тапшырык материал менен бирге info@fauna.kg дарегиндеги электрондук почтага  «Логотиптер сынагына»  деп белгилөө менен жөнөтүлүшү керек.  

Анкеталык маалыматтары менен таблица жана логотиптин элементтерин сүрөттөө (баяндоо) «Тапшырык» (Заявка) аталышындагы бир электрондук документте жайгашышы  керек. Ачык сынакка катышууга тапшырык жөнүндө кеңири таанышуу бул жерде