«Теӊдик мууну зордуктоолорго каршы.» Кыргызстанда гендердик зомбулукка каршы 16 күндүк кампания башталууда

2019-ж., 22-November

Кампания үчүн даярдалган үй-бүлөдөгү зомбулук тууралуу комикс китепчесинен үзүндү

Үч күндөн кийин Кыргызстанда кыздар жана аялдарга карата зомбулукк каршы 16 күндүк кампания башталмакчы. Бул жылкы кампаниянын глобалдык деӊгээлдеги фокусу болуп зордуктоо темасы аныкталган. БУУнун Кыргыз Республикасындагы Өнүктүрүү программасы кампанияга кошулуу менен бирге Кыргызстандын аймактарында жана борбор калаасында бир нече иш-чараларды өткөрүүнү пландап жатат. Кампания 25-ноябрда, Аялдарга карата зомбулуктун бардык түрүн жоюунун эл аралык күнүндө башталып, 10-декабрь, Эл аралык адам укуктары күнүндө аягына чыгат. Бул алака аялдарга карата зомбулуктун адам укугун түздөн-түз бузгандыгы менен түшүндүрүлөт.

«Аялдар жана кыздарга карата болгон сексуалдык зомбулуктун өзөгү эркектердин кылымдардан бери үстөмдүк кылып келгендигинде жатат. Ал эми зордуктоо маданиятын колдоп келген гендердик теӊсиздиктин чындыгында бийликтин тегиз эмес бөлүнүүсү жөнүндөгү сөз экендигин унутпайлы» - Антониу Гутерриш, БУУнун Генералдык катчысы.

Башка өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдөгүдөй эле, Кыргызстанда зордуктоо темасы орчундуу болуп турат. Медико-демографиялык изилдөөгө таянсак, 15-49 жаштагы ар бир төртүнчү аял 15 жашынан бери кеминде бир жолу физикалык зомбулукка, алардын 4% сексуалдык зомбулуккка дуушар болушкан. Ал эми алардын 14% учурдагы же мурунку күйөөсү же өнөктөшү тарабынан эмоционалдык зомбулукту баштан өткөргөн.

Физикалык же сексуалдык зомбулукту баштан өткөргөн аялдардын теӊинен көбү физикалык жаракат алышкан. Ошол эле убакта беш аялдын экөөсү гана зомбулуктан кийин жардам сурап кайрылган.

БУУӨП Кыргызстанда бул маселенин алдын-алуу жана жоюу боюнча комплекстүү программаны бир нече жылдан бери ишке ашырып келет. БУУӨПтүн аракети менен ИИМдин окутуу пландарына жана анын алдындагы бөлүмдөрүнө гендердик зомбулуктун алдын-алуу курстары киргизилип, жалпы калктын арасында агартуу иштери жүргүзүлүүдө. Программанын эӊ кеӊири интервенциясы катары Жогорку Кеӊешке аялдардын укугун жана мүмкүнчүлүктөрүн кеӊейткен мыйзам долбоорлорун иштеп чыгуу жана кабыл алуудагы колдоосун айтууга болот.

Бул жылы кампаниянын алкагында БУУӨП жана анын өнөктөштөрү тарабынан (БУУӨПтүн колдоосу менен) төмөндөгү иш-чаралар өткөрүлмөкчү:

  • Корея Полиция академиясынан доктор Ли жана Соньонг айым (БУУӨП – Түштүк Корея) менен биргеликте тартип сакчыларынын гендердик зомбулуктан жапа чеккендерге көмөк көрсөтүүсү боюнча билимдерди алмашуу, Бишкек ш.;
  • «Феминнале» көргөзмөсү, Аялдардын экономикалык эркиндиги, Бишкек ш.;
  • Гендердик зомбулук боюнча укук коргоо системасынын кызматкерлери үчүн даярдалган онлайн-курстун[1] ачылышына арналган пресс-конференция, Бишкек ш.;
  • Үй-бүлөдөгү зомбулук темасындагы Жамал Сейдакматованын катышуусу менен  «Бир күн жана бүт өмүр» театралдык көргөзмөсү, Баткен ш.;
  • ТӨМгө байланышкан биотүрдүүлүктү коргоодо аялдардын катышуусу жана ролу туурасындагы тегерек столдор, Тогуз-торо району;
  • Гендердик зомбулук жана сексуалдык зомбулук туурасындагы видеороликтин чыгарылышы;
  • Үй-бүлөдөгү зомбулук туурасындагы электрондук комикстер китепчесинин чыгарылышы.

Кампанияны колдоо менен өз жарандык позицияӊызды төмөндөгү хештегдер менен билдирсеӊиз болот:

#OrangetheWorld, #GenerationEquality, #16Days