А.Калбеков: Максатыбыз - мамлекет сапаттуу укуктук жардам берет, деген ишеничти кайтаруу

2021-ж., 20-October

--- Image caption ---

“Мамлекет акыйкат издегендерге юридикалык жактан чыныгы сапаттуу жардам бере алышына ишенбеген көз караш эл арасында дагы деле бар.  Биздин негизги максатыбыз  - ошол ишеничти кайтаруу”, - дейт Юстиция министрлигинин алдындагы Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо борборунун (МКЮЖ КБ) директору Акжол Калбеков.

Кыргызстанда мамлекет кепилдеген юридикалык жардам системасынын калыптанышы, юридикалык жардам көрсөтүү жаатында бирдиктүү мамлекеттик саясаттын ишке ашырылышы туурасында А.Калбеков менен маекти сунуш кылабыз.

Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам системасынын калыптанышы

Акысыз юридикалык жардам - “мамлекеттик адвокат” деген Союз маалынан бери белгилүү. Тилекке каршы, биз эгемендүүлүктү алгандан бери анын ишке ашыруусу формалдуу түрдө жүргүзүлүп сапаты дагы эске алынбай калган.

2005-жылдан баштап  президенттин буйругу чыгып, адам укуктарын өнүктүрүү боюнча концепция кабыл алынып, анын алкагында мамлекет тарабынан юридикалык жардам кандайча көрсөтүлүшү керектиги боюнча юстиция министрлигинин алдында жумушчу топ түзүлүп, 4-5 жыл иш жүргөн.

-        Бул концепциянын ишке ашуусуна ишенбегендер да болгон. Айрым авторитеттүү юристтер “мурдагыдай декларативдүү бойдон кала берет”, деп ойлогон. Бирок ага карабастан, калктын аялуу катмарынын укуктарын коргоо чөйрөсүндөгү процесстерди, укук колдонуу практикасын жана эл аралык тажрыйбаны изилдеп, талдагандан кийин 2009-жылы “Мамлекет кепилденген юридикалык жардам жөнүндө” Мыйзам  кабыл алынган.

Ал мыйзам 2011-жылдан баштап толугу менен күчүнө кирген, эки жолу пилоттук түрдө эки-үч райондо, кийин толугу  менен республика боюнча ишке ашырылган.

Биринчи кабыл алынган мыйзамдын өзгөчөлүгү – кылмыш иштер жаатында гана акысыз адвокаттар берилип келген. Сапатын көтөрүү, ишке ашыруу механизмдери дагы так  каралган эмес. Уюштуруу, координациялоо маселелери, мониторинг жасоо дегендер ал документте камтылбай калган.

2013-жылы сот-укуктук реформанын алкагында бир топ Кодекс, мыйзамдар кабыл алынып, ошолор менен бирге Мамлекет кепилдеген  юридикалык жардам көрсөтүү мыйзамынын жаңы редакциясы иштелип чыккан.  Бул мыйзам толугу менен башка мыйзамдар менен шайкеш келтирилип, 2016-жылы декарь айында кабыл алынып, 2017-жылы күчүнө кирген.

Мыйзамда координациялоо боюнча мамлекеттик мекеме түзүү каралган. 2017-жылы 31-майда Юстиция министрлигинин алдындагы Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо борбору түзүлгөн.

4 жыл ичинде баардык областтарды камтыган  борборго айланды

Жаңы негизделгенде: офиси дагы, кызматкерлери дагы жок, болгону кагаз жүзүндөгү борбор эле. Тийиштүү штат менен камсыз болуп, төрт өтө манилүү багыттар коюлган.

Биринчиси, ички нормативдик базаны түзүү. Тийиштүү өкмөттүк токтомдорун сунуштап,  иштеп чыгуу, кабыл алуу боюнча маселе коюлган.

Экинчиси, юридикалык жардамдын сапаттын өнүктүрүү, ага тийиштүү механизмдерди киргизүү.

Үчүнчүсү, юридикалык жардам тууралуу элге маалымат жеткирүү.

Төртүнчүсү, адвокат, координаторлордун иштөөсүнө шарт түзүп берүү.

Жетишкендиктер

-        Адвокаттардын айлык маянасын гонорарга которгонбуз. Бул багытта өтө кыйынчылыктар болду, себеби түзмө-түз мамлекеттик бюджетке - республикалык бюджетке тиешелүү, аны негиздеп, өкмөттү ынандырганга дагы бир топ аракет жасаш керек болду. Кыргыз адвокатурасынын ролу чоң, алар менен биргеликте жумуш ишке ашты. Бул токтом кабыл алынгандан кийин, адвокаттарды биздин системага кирүүгө ынандырдык. Биздин системага аты чыккан адвокаттар, профессионалдар кире баштады.

Цифралар. 2017-жылы адвокаттарга бюджеттен 15-16 млн. сом каралган болсо, 2019-жылдан баштап адвокаттардын гонорарына 74 млн. сом бөлүнгөн.

Сапатты көтөрүү боюнча механизмдер

Учурда жаңы механизмдер киргизилген. Адвокат гонорар алыш үчүн тийиштүү сапат стандарттары боюнча документ кабыл алынып, анда  адвокатка талап койгон минималдуу иш-аракеттери так, даана жазылып, ошол аракеттери аткарылганда гана мамлекет тарабынан акча бөлүнүп берилет.

Фактылар. Мурда бул системада 230 чакты адвокат болсо, бул механизм киргенден баштап, бир жылга жетпеген аралыкта алардын саны эки эсе көбөйгөн - учурда 450 адвокат бар.

-        Биз анализ кылып көргөндө, формалдуу түрдө иштеген адвокаттар өзүнөн-өзү эле мамлекет кепилдеген юридикалык жардам системасынан чыгып кетишти. Бирок учурда бардык адвокаттар сапатуу жардам берип жатат, дегенден алысмын,  арасында ар кандай адвокаттар болот.

Жетишкендиктер: анализ боюнча, акыркы эки жылдын ичинде мамлекет кепилдеген юридикалык жардамдын сапаты 65% жогорулады. 2019-жылдын жыйынтыгы боюнча 8 акысыз юридикалык жардам алган адамдар сот тарабынан акталып чыккан. Мындай жетишкендик акысыз юридикалык жардамдын тарыхында болгон эмес. Эгемендүүлүктү алгандан бери 2020-жылдын жыйынтыгы боюнча 14 кишиге сот тарабынан бул системанын адвокаттарынын жардамы менен актоо өкүмү чыкты.

Жыл сайын адамдардын кайрылуусу көбөйүүдө.  Бул бир жактан жакшы көрүнүш, себеби жарандар көбүрөөк маалымат алышууда, экинчи жагынан эл ичинде көйгөйлүү маселелер көп экенин далилдеп турат. Бирок бул багытта бир эле юридикалык жардам менен чектелбей, сөзсүз укуктук маданиятты жогорулатуу багытында дагы  тийиштүү чаралар көрүлүүдө.

Биз анализдеп көрдүк, укук талаасындагы көйгөйлөр укуктук маданияттын төмөндүгүнөн, мыйзамдарды билбегендиктен, жарандарыбыздын маселени “кыргызча” чечип салганынан келип чыгат. Өнүккөн мамлекеттерде бир нерсе жасаардан мурда сөзсүз юристке барып, акылдашып туруп, анан иш кылат. Бизде болсо “кол бердик, сөз бердик” дейбиз же тааныш издейбиз, ошондуктан көйгөй көп. Мамлекет сапаттуу жардам бере алышына ишенбеген көз караш эл арасында дагы деле бар.  Ошондуктан биздин негизги максатыбыз - мамлекет чыныгы сапаттуу жардам берет, деген ишеничти кайтаруу. Келечекте жарандар үчүн электрондук форматта иш алып барууу ыкмаларын киргизүү багытында иш алып бартабыз.

Мыйзам боюнча акысыз юридикалык кеңешти бир гана мамлекет кепилдеген юридикалык жардам көрсөтүү системасынын адвокаттары эмес, мамлекеттик органдар, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары, бейөкмөт уюмдар, юридикалык клиникалар  көрсөтүшү керек.  МКЮЖны өнүктүрүү боюнча Координациялык кеңешме менен тыгыз иштешип жатабыз, ага 80 ден ашык бейөкмөт уюмдар кирет. Учурда бул жааттагы бирдиктүү саясатты юстиция МКЮЖ КБ ишке ашырууда.

Өнөктөштөр.

-        Эң негизгиси  БУУӨПтүн жана Финляндия ТИМинин «Кыргыз Республикасындагы укуктук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү үчүн туруктуу сот адилеттигине жетүү» долбоору менен башынан бери кызматташып, бул долбоор МКЮЖны калыптанышына чон салымын кошту десем жаңылышпайм.

Маалымат үчүн

Кыргызстан боюнча 32 Акысыз юридикалык жардам борбору иштейт. Алардын даректерин, байланыш номерлерин ukuk-jardam.gov.kg сайтынан тапсаңар болот.

Эгерде сиз акысыз юридикалык жардамга муктаж болуп атсаңыз Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо борборунун координаторлорнуа кайрылсаңар болот. Сизге акысыз юридикалык кеңеш алуу, мамлекеттин эсебинен адвокат жалдоо боюнча толук маалымат берилет.