ВИЧ жана кургак учукка каршы күрөшүүдөгү жардам берүүнүн бейтапка-багытталган модели

2021-ж., 28-September

Фото: Марион Биремон

Компетенттүү медициналык кызматкерлер жана сапаттуу дары -дармектер керек, бирок, көп жылдык тажрыйба жана изилдөөлөр далилдеп тургандай, бул ВИЧ менен кургак учуктун эпидемиясын токтотуу үчүн жетиштүү эмес. Бейтаптар өз алдынча жардам сурап кайрылышкан жана чечим кабыл алуу процессине катышпаган саламаттыкты сактоонун салттуу моделдери дары-дармектерге жетүү, алдын алуу жана дарылоону кармануу менен байланышкан терең көйгөйлөрдү чече алышпайт. Ошондуктан, БУУӨП Глобалдык Фонддун грантынын алкагында жана улуттук жана эл аралык өнөктөштөр менен бирге бейтаптарга багытталган жардам көргөзүүнүн моделин киргизүүдө.

Адамга багытталган жардам – бул бейтаптар жана жамааттар ден соолуктарын өз колдоруна ала турган модель. Алар маалымдалат, тартылат жана саламаттыгын сактоо процессинде  негизги катышуучулар болуп калышат. Бейтаптар медициналык тейлөөчүлөргө кайрылууга аргасыз болгон вертикалдуу саламаттык сактоо системасынын ордуна, адамдар медициналык кызматкерлердин жардамы менен өздөрүнө жардам беришкен горизонталдык жардам системасын түзүшөт. Бул саламаттык сактоо системасын борбордон ажыратуу жана жамааттарды ооруга каршы күрөшкө тартуунун ыкмасы.

Фото: Дмитрий Мотинов

Адамдарды биринчи орунга коюу

Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо Уюму (ДССУ) медициналык жардамдын адамдарга багытталган моделин «саламаттыкты сактоо кызматтарынын адамдардын муктаждыктарына ылайыкташтырылышын жана аларга жөн гана берилбей, алар менен өнөктөштүктө берилишин камсыздоо» деп аныктайт. Бул адамдарды, үй -бүлөлөрдү жана жамааттарды урматтап, маалымдап, тартып, колдоп кам көрүүнү, татыктуу жана боорукер мамиле кылууну билдирет.

Адамдарды биринчи орунга коюу психологиялык, социалдык, каржылык жана юридикалык кыйынчылыктар менен кошо, саламаттыкты сактоого тоскоолдук кыла турган бардык көйгөйлөрдү чечүүнү да билдирет. Бул саламаттыкты сактоого комплекстүү жана инклюзивдүү мамилени билдирет, ошол эле учурда бейтаптардын, үй -бүлөлөрдүн, жамааттардын жана калктын негизги топторунун мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтет.

Бул ыкманын негизинде ПРООНдун «ВИЧ жана кургак учукка каршы эффективдүү күрөшүү»   долбоору ВИЧ жана кургак учукту дарылоо үчүн сапаттуу дары -дармектерди гана сатып албай, лабораторияларга жана ооруканаларга заманбап жабдууларды берет жана бүткүл өлкө боюнча медициналык кызматкерлерди такай окутуп, ошондой эле жамааттарды жана жергиликтүү уюмдарды өз убагында алдын алуу, кеңеш берүү, тестирлөө жана колдоо кызматтарын көрсөтүү үчүн тартат.

Фото: Дмитрий Мотинов

Жамааттарды тартуу

ВИЧ ке жана кургак учукка каршы күрөшүү программасынын негизги элементтеринин бири-бул ыйгарым укуктарды кеңейтүү жана жамааттарды тартуу болуп эсептелет. Мына ошондуктан БУУӨП/Глобалдык Фонддун долбоору калкка жакшы кызматтарды көрсөтүү үчүн бүткүл Кыргызстан боюнча көптөгөн бейөкмөт уюмдар менен иштешет.

Көпчүлүк учурда, булар коомдук НПОлор, башкача айтканда, аларды үчүнчү жактар ​​эмес, негизги калктын өкүлдөрү жетектейт. Бардык өнөктөш БӨУ дар жамааттын мүчөлөрүн кардарлар менен иштөөгө тартат. Бул көптөгөн артыкчылыктарды берет. Биринчиден, кызматкерлер өз жумушунун аркасы менен бутуна тура алышат. Экинчиден, алар активист болот жана чечим кабыл алуу процессине катышат. Алар негизги калктын чыныгы муктаждыктары жөнүндө айтып бере алышат жана ден соолук программаларындагы артыкчылыктар жана кемчиликтер кандай экенин башкаларга караганда жакшыраак биле алышат. Акырында, ичинен жардам көрсөтүү, көбүнчө каржылык, социалдык жана психологиялык жактан аялуу жана стигмага кабылган бул максаттуу топторго жетүүнү жеңилдетет. Тең кеңешчи катары, сырттан келгендерге караганда негизги калктын ишенимине ээ болуу бейөкмөт уюмдардын кызматкерлерине оңой жана кийинчерээк биздин кызматтын камтуусун жана натыйжалуулугун жогорулатат.

Ал тургай, жамааттан чыккан адамдар кардарлар менен түзмө-түз иштеп кана калбастан, ошондой эле өзү үчүн жана жамааты үчүн тандоосун жасап, чечимдерди кабыл алуунун жана гранттарга өтүнмө берүүнүн улуттук процесстерине катышышат.

Фото: Марион Биремон

Негизги топторду маалымдоо

ВИЧ жана кургак учукка каршы эффективдүү программалардын маанилүү бөлүгү активдүү профилактикага көз каранды, бул калктын оорулардын өнүгүү тобокелдиги бар топторуна так жана өз убагында маалымат берүүнү талап кылат. Адамдар маалыматты сейрек издешкендиктен жана интернеттен такталбаган маалыматты таап алышы мүмкүн болгондуктан, БУУӨП / Глобалдык Фонд долбоору жана анын өнөктөштөрү өз программаларына күчтүү маалымат компонентин киргизишти.

БӨУ дар аутрич-жумушун активдүү жүргузүшөт, бул тең кеңешчилер калктын негизги топторунун өкүлдөрү менен кезигүү үчүн  жер-жерлерде иштешет дегенди билдирет. Алар бекер профилактикалык материалдарды беришет жана ВИЧ ти алдын алуу жана дарылоо жөнүндөгү суроолор боюнча кеңеш беришет, бекер тестирлөө сунушташат жана үлгү катары өздөрүнүн жеке окуялары менен бөлүшүшөт.

Маалымат берүү артыкчылыктуу максат болгондуктан, ЮНИАИДС, Өнөктөштүк тармактын ассоциациясы жана БУУӨП / Глобалдык фонд долбоору азыркы учурда ВИЧ боюнча уникалдуу тиркеме иштеп  чыгууга калктын негизги топторун бул процесске тартып жатышат.

Фото: Дмитрий Мотинов

Кызматтарды адамдарга жакындатуу

Адамга багытталган жардам көрсөтүү моделинин башка маанилүү компоненти - дарылоону максималдуу түрдө бейтаптар үчүн ыңгайлуу кылуу. Бул болсо узак убакытта дарылоого байланыштуу  жүгүн азайтууну  билдирет. БУУӨП / Глобалдык фонддунун долбоору жана анын өнөктөштөрү бейтаптарды дарылоонун процессин жеңилдетүү  үчүн ВИЧ менен кургак учукту дарылоону көзөмөлдөөнүн инновациялык альтернативдүү ыкмаларын ишке киргизип жатышат.

Чындыгында, ВИЧ ке каршы күрөшүүнүн программаларынын ийгилигине карай жолундагы негизги тоскоолдуктарынын бири болуп дарылоону кармануунун төмөндүгү эсептелет: адамдар дарылоону системалык түрдө алышпайт же кыйынчылыктардын айынан толук токтотушат. Бул учурда алар өз жашоосун тобокелге салышат, дары-дармекке дарылык туруктуулук өнүгүп кетиши мүмкүн, анан алар башка адамдарга жугузушу мүмкүн.

Биргелешкен аракеттердин аркасынан кургак учукту дарылоо жана ВИЧ ке каршы антиретровирустук терапия (АРТ) оордугу азыраак болу калды. Калктын негизги топторунун өкүлдөрү жана ВИЧ менен жашаган адамдар алдын-ала дарылоо боюнча кеңеш (PEP / PREP), жергиликтүү БӨУ дарда ВИЧ ке тестирлөө ала алышат, ал эми уюмдардын кызматкерлери ВИЧ ти дарылоо үчүн дары-дармектерди мамлекеттик ооруканалардан же үй-бүлөлүк медицина борборлорунан алууга жардам беришет. Көптөр үчүн бул өлкөдөгү стигма жана басмырлоонун жогорку деңгээлинен улам маанилүү. Кургак учук менен ооругандарга келсек, эми алар медайымдын көзөмөлү астында таблеткаларды ичүү үчүн күн сайын медициналык мекемеге баруудан кутулушат; анын ордуна, алар видеобайкоонун  жардамы менен каалаган убакта үйүндө таблетка иче алышат же кейс-менеджеринен үйүндө жардам ала алышат. Бул стигмадан гана коргобой, ошондой эле кымбат баалуу убакытты жана акчаны үнөмдөйт жана дарылоо учурунда иштөөгө же өз үй-бүлөсүнө камкордук кылууга мүмкүнчүлүк берет.

Фото: Дмитрий Мотинов

Жеткиликтүүлүктүн тосмолорун жоюу

Көп тоскоолдуктар адамдарга дарылоону алууга жана улантууга тоскоолдук кылышат. Эгер алар жок кылынбаса, анда СПИДди же кургак учукту жок кылуу мүмкүн эмес. Адамдарга багытталган кам көрүү модели сапаттуу медициналык жардам көрсөтүүдөн да көптү билдирет: бул муктаж болгондорго финансылык, психологиялык жана юридикалык жардам көрсөтүүнү билдирет.

БУУӨП / Глобалдык фондунун долбоору жана анын өнөктөштөрү бардык тараптуу жардам топтомун, анын ичинде документтерди калыбына келтирүү үчүн же укук бузулууларды каттоодогу бекер юридикалык жардам, өз ич ара колдоо тобу, ошондой эле  профессионалдуу психологиялык жардам (офлайн, ошондой эле онлайн) ишке киргизишкен. Кейс-менеджерлер дарылык-туруктуулуктары бар бейтаптар менен алардын үзгүлтүксүз дарыланып жатышкандыгына жана кыйынчылыктарга туш болбогонуна ынаныш үчүн үзгүлтүксүз кезигип турушат. Ошондой эле алар дарылоону үзгүлтүккө учуратып салган бейтаптарды анын себеби эмнеде экенин билүү үчүн жана алардын көйгөйлөрүн чечүү үчүн издешет. Ошондой эле БУУӨП / Глобалдык фонду кургак учук менен ооруган бейтаптарга жана ВИЧ менен жашаган балдарга ай сайынкы мотивациялык төлөмдөрдү берет, белгилүү медициналык изилдөөлөр үчүн төлөмдөрдү, видеобайкоо астындагы дарылоо менен байланышкан чыгымдарды жабат, муктаж болгон адамдарга азык-түлүк топтомдорун таратышат, жашоонун кыйын кырдаалындагы кардарлар үчүн бир нече шелтерлерди  ачышты.

Идея психологиялык жана экономикалык стресс сыяктуу жеткиликтүүлүк тосмолорду азайтууда жана жагымдуу чөйрөнү түзүүдө турат.

Фото: Дмитрий Мотинов

Стигманы жана басмырлоону жок кылуу

Кургак учук менен ВИЧ ке чекит коюу үчүн, ошондой эле стигма жана басмырлоого каршы күрөшүү зарыл. Ошондо гана адамдар жардам сурап кайрылбай калышат, өздөрүнүн колдоо көргөнүн сезишет жана туура маалымат жайылтышат.

Ошондой эле БУУӨП / Глобалдык фондунун долбоору жана анын өнөктөштөрү бир катар иш-чараларды ишке ашырып, ушул багытта активдүү иштешет. Кесипкөй эксперт эмес, бирок, БӨУ нун кызматкерлери жана жамааттардын өкүлдөрү тарабынан үйрөтүлгөн  көчө юристтери укук бузууларды документтештиришет жана өзүнүн кардарларына адилеттүүлүктү орнотууга жардам беришет. Мындан тышкары, кесипкөй юристтер жана активисттер өкмөт менен биргелешип, мыйзамдарды өзгөртүүнүн жана калктын негизги топтору үчүн жагымдуураак укуктук чөйрөнү түзүүнүн үстүндө иштеп жатышат. БӨУ да дайыма кардарлардын арасында өзүн-өзү стигматизациялоону төмөндөтүүнүн үстүндө иштешет. Ошондой эле бул БУУӨП ВИЧ менен жашаган балдар үчүн уюштурган ар жылдык жайкы лагердин негизги максаттарынын бири болуп эсептелет. Буга кошумча, БУУӨП / Глобалдык фонд долбоору кызмат көрсөтүүлөрүндө камкордуураак жана кайрымдуураак болушуна көмөк көргөзүп, медициналык кызматкерлерин стигма темасы боюнча үзгүлтүксүз окутуп турат.  

Бул иш -чаралардын бардыгы биригип, сапаттуу медициналык тейлөөнү бүтүрүүгө, жамааттардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө жана, Кыргызстанда ВИЧ жана кургак учуктун жүгүн азайтуу жана адамдардын өмүрүн сактап калуу үчүн бейтаптарды колдоого жардам берет. Адамга багытталган саламаттыкты сактоо системасы, туруктуу өнүгүү аймагындагы № 3-максатка жетишүү үчүн жана бардыгы үчүн саламаттыкты сактоону камсыз кылуу үчүн зарыл.