Эл аралык тынчтык күнү жана аны белгилөө эмне үчүн маанилүү?

2021-ж., 20-September

Жыл сайын 21-сентябрда дүйнө жүзүндө Эл аралык тынчтык күнү белгиленип келет. Бул дата ок атууну жалпы токтотуу жана зомбулуктан баш тартуу күнү катары БУУнун Башкы Ассамблеясынын резолюциясы аркылуу негизделген.

Көпчүлүк адамдар үчүн тынчтык – бул күнүмдүк реалдуулук, ошондуктан тынчтыктын өтө баалуу белеги жөн гана байкалбай калып келет. Биздин көчөлөр тынч, балдарыбыз мектепке барып окуп келип жүрүшөт. Бирок, мындай абал бардык эле жерде эмес. Жыл сайын согуштан улам жүздөгөн адамдардын, анын ичинде аялдар менен балдардын өмүрлөрү кыйылып жатат. Ар бир аскердик чыр-чатак менен адамзаты артты көздөй олуттуу кадам таштайт, себеби, алдыга көздөй жылуунун ордуна талкаланган көптөгөн нерселерди калыбыны келтирүү керектелет. Мына ошондуктан согуштун коркунучтуу экендигин элге жеткирүү үчүн негизделген Эл аралык тынчтык күнү адамзаты үчүн өтө маанилүү.

Тынчтык күнү жыл сайын аныкталган теманын астында өткөрүлүп келет, жана бул жылы ал “болгон нерседен мыкты” принциби боюнча калыбына келтирүү катары өткөрүлүүдө. Тема кокусунан тандалып калган жок, COVID-19 пандемиясы ар бир адамга жардам көрсөтүүдө “болгон нерседен мыкты” принциби боюнча жана тең укуктуулук, адилеттүүлүк, инклюзивдүүлүк, тынчтыктын туруктуулугун түзүүдө жамааттык аракеттердин маанилүүлүгүн көрсөттү.

БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш кагылышып жаткан бардык тараптарга курал-жарактарын таштоого жана мурун болуп көрбөгөн глобалдуу пандемия менен күрөштө биригүүгө чакырды. Кайрылуу куралдуу кагылыштарга катышып жаткан тараптарга багытталганы менен, эл аралык глобалдуу тилектештик жана кызматташтык азыркы учурдагы саламаттыкты сактоо тармагынындагы өтө оор кризиске каршы күрөштө жеңишке жетүү үчүн абадай зарыл.

2030-жылга чейинки мөөнөттөгү туруктуу өнүктүрүү боюнча Күн тартибинде “тынчтык жок туруктуу өнүгүү да, туруктуу өнүгүүсүз тынчтык да болушу мүмкүн эмес” деп айтылат. Ушул эле мазмун Коопсуздук Кеңешинин жана Башкы Ассамблеясынын 2016-жылдагы “тынчтыкты колдоо” боюнча резолюциясынын негизинде да жатат.

“Бул датанын мазмуну – планетадагы баардык өлкөлөрдүн жана элдердин арасында идеалдарды бекемдөө. Ал тынчтыктын баалуулугун жана согуштун канчалык коркунучтуу экендигин эске салат. Тынчтыктын маданияты –у бул биринчи кезекте диалогдун жана эскертүүнүн маданияты”, - дейт БУУӨПтүн Туруктуу өкүлүнүн программалар боюнча кеңешчиси Эркина Уразбаева.

Кыргызстандагы БУУӨП тынчтыкты куруу боюнча долбоорлорго, анын ичинде өлкөнүн чек арага чектеш аймактарына өзгөчө көңүл бурат. Бул долбоорлор биринчи кезекте коңшу өлкөлөрдүн жаштары ортосунда достук мамилени өнүктүрүүгө, ошол жерлерде социалдык биримдикти бекемдөөгө багытталган. Мындан сырткары, бул багыттын алкагында Борбордук Азиядагы терроризмге түрткү берүүчү зомбулуктуу экстремизмдин алдын алуу жана ошондой эле COVID-19 кризисинен кийин кайра калыбына келтирүү боюнча долбоорлор иштөөдө.

“Тынчтыкты куруу чөйрөсүндөгү бардык долбоорлор коомдун аялуу чөйрөсүнө жана жаңы чыр-чатактардын пайда болуу коркунучун түзүүчү жана ошондой эле өлкөдөгү тынчтыкты бекемдөө үчүн чечүү эң эле маанилүү болгон көйгөйлөргө багытталган. Биринчи кезекте бул – адам укугун камсыз кылуу, мыйзам жана укук үстөмдүгүн орнотуу, улуттар аралык мамилелерди өнүктүрүүгө кол кабыш кылуу жана көп тилдүү коом саясатын, жарандык билим берүүнү, жана ошондой эле,  башка да тынчтыкты орнотуу жана коомдо туруктуулукту орнотуудагы шарттарды камсыз кылуу боюнча чектеш багыттарды ишке ашыруу”, - дейт БУУӨПтүн Туруктуу өкүлүнүн тынчтыкты орнотуу боюнча улук кеңешчиси Мукаш Калдаров.

Көбүнчө мындай долбоорлордун негизги катышуучулары 14 жаштан 28 жашка чейинки жаштар. Алар лидерлик, тынчтыкты куруу, укуктук билим жана коомдогу эң талап күчтүү болгон социалдык ишкердик тармагындагы долбоорлорго мини-гранттарды алуу боюнча көндүмдөрдү алып келишет. Мындан сырткары, долбоорлор ичине Кыргызстандын мамлекеттик органдарына ведомстволор аралык жана коңшу өлкөлөрдөгү кесиптештер менен региондор аралык кызматташуу пландарын ишке ашырууга жардам көрсөтүүлөрдү да камтыйт.

Кыргыз Республикасындагы БУУӨП Бириккен Улуттар Уюмунун бардык өлкөлөрдөгү согуштук аракеттерди токтотуу боюнча чакырыгына тилектеш жана Эл аралык тынчтык күнүнө карата коомчулуктуу тынчтыкка байланыштуу маселелерде агартуу, маалыматтуу кылуу боюнча майрамдык иш-чараларды өткөрүүгө чакырат.