“Бизди сүйлөбө, катуу күлбө, чыдап кой, көтөрүп кой, каршы чыкпа деп тарбиялашкан да. Ошол тарбиям менен кордукка чыдап жүрө берген экем. Башынан эле өзүмө бекем болуп, биринчи жолкусунда эле арызданып, тийиштүү жазасын берип койсом болмок экен, мүмкүн үй-бүлөөмдү сактап калмакмын” – деп биздин каарман Айша (аты өзгөртүлдү)  өзүнүн турмушунан алган сабагы менен бөлүштү.

Айша менен Кара-Кулжа районунун Акысыз юридикалык жардам борборунда жолуктук. Борбордун адвокаты Эркинбек Жакеев ага укуктарын түшүндүрүп, документтердин тизмесин берип, кагаздарды толтурушуп атты. Бирөөдөн таяк жегени көзүнүн, колдорунун көгаласынан ачык эле көрүнүп турду.

Адвокат менен кагаз иштерин бүтүрүп алып, Айша бизге өзүнүн тагдырын баяндап берди - “ Жолдошум түнкү саат 11де арак алып келбейсин деп уруп сабап, денемдин баарын когала кылып салды. Соо эле болчу, бирок ичине жин киргендей уруп, тэпкилеп атты. Кайыштай болуп калган окшойм, болгон күчү менен жанчып атса дагы жатып калбай, балдарымды жетелеп, жүгүрүп качып кайынатамдыкына келдим. Эки күн турбай жаттым. Үчүнчү күнү араң туруп, кайра үйүмө бардым. Бир балам атасы менен калган эле, аны ойлоп чыдай албадым. Жолдошум соо эле экен. “Атамдыкына, башка бирөөнүкүнө дагы барбайсын, үйүңө кетесиң” деп баарыбызды көчөгө чыгарып койду. Жолго чыгып көпкө чейин турдук, машине жок. 3-4 саат кыймылсыз жол карап отура бердим. Айлана жымжырт болуп калгандай сезилди. Балдарым дагы ыйлабады, суроо бербеди, сүйлөгөн дагы жок окшойт". 

Мурун бетим көгала болгондо элден уялып жүзүмдү катып жүрчү элем. Эми мага баары бир болуп калгандай сезилди. Элдер ары бери өтүп жалдырап карап атканын кийин эстедим. Ата-энемдикинен үч ай мурун эле келгем, кайра салбырап көгала болуп барганга намысым чыдабады. Түн киргенде балдарым менен кайра үйгө келип ашканага жаттык. Эртеси атабыз оңолуп калаар деген үмүттө отурдук, эч кимге айткан дагы жокпуз. Бирок оңолбоптур. Бизди ашканада жүргөнүбүздү көрүп камчысын алып чыгып сабай баштады. “Мен милицияга арызданам”  деп болгон күчүм менен кыйкырып жибердим. Жан дүйнөмдөн чыккан кыйкырык болду.

Участковый келип менин абалымды көрүп, “аялды дагы ушинтип урасынбы” деп жолдошумду бир эки уруп жиберди. Жолдошум аларга дагы булкунуп “силердин акыңар жок мени урганга” деп кармаша кетти. “Өзүңдүн укугүңду билет экенсиң го зөөкүр десе, аялыңдын дагы так сеникиндей эле укугу бар экенин билбейсиңби?” – деп участковый дагы ачууланып силкип жиберди. Кайындарым келип калышты ошол маалда, “сен баламды милицияга токмоктото турган болуп калдыңбы” деп мени урушуп, кет деп оокаттарымды чыгара баштады. Айлам жок ата-энеме “келип алып кетпесеңер болбойт”  деп боздоп ыйладым. Ошо менен ата-энемдикине беш балам менен кайра келдим.”   

Эркинбек Жакеев, адвокат.

Адвокат Эркинбек Жакеевдин айтымында Айша акысыз укуктук борборго расмий никени ажыратууга, жардам сурап келген. Ошондой эле, Айшанын арызынын негизинде Жорук кодексинин Үй-бүлөөлүк зомбулук беренеси менен жолдошуна күнөө коюлуп атат. Учурда судмедэкспертизанын жыйынтыгы күтүүлүүдө.  

Бул Айшанын биринчи жолку кайрылуусу эмес. 2018-жылы мен Тилектештик автобусу долбоору менен элге алыскы айылдарды кыдырып укуктук жардам көрсөтүп, жүргөн кезимде алимент өндүрүү жана ажырашуу  маселеси менен кайрылган. Алимент маселеси ишке ашып аткаруу өндүрүшүнөн сот аткаруучуга өткөн. Бирок ажырашуу маселеси аягына чыкпай калган. 2018-жылы келгенде 3 балалуу болчу, азыр 5 балалуу болуп калыптыр!” – дейт адвокат Эркинбек Жакеев.

Айша 2018-жылы кошуна айылга “Тилектештик автобусу” келип укуктук жардам көрсөтүп атыптыр деп угуп калып, үлгүрүп жетип барган экен. “Тилектештик автобусунун” адиси адвокат Эркинбек Жакеев Айшага документтерди топтоп бүткөндөн кийин өзү иштеген жерге, Акысыз юридикалык жардам борборуна алып кел деп чакырган. Анда Эркинбектин жардамы менен 3 баласына алимент өндүрүп алган, бирок кийин жолдошу менен жарашып кетип алиментти токтотуу чечимин кабыл алууга туура келген. 

“Анда деле ажырашам деген чечим менен келгем. Канчачы жолкусу экенин билбей да калдым. Көп жолу таяк жеп төркүнүмө келдим. Жолдошум артыман  “башка кайталанбайт” деп келе берет, кайынжуртум жардам беребиз дейт, туугандарды жөнөтөт. Балдарымды жетелеп алып кайра барам. Бир эки ай жакшы жашайбыз анан кайра токмоктоп, уруп салат, кайра төркүнүмө кетем. Балдарым атасы менен чонойсун деп аракет кылдым, такыр болбой атпайбы” – деп Айша көзүнүн жашын көл кылып айтып берип атты.

“Мени 11 классты бүткөндөн кийин эле ала качып кеткен. Жолдошумду ага чейин көргөн дагы, билчу дагы эмесмин.  Ата энем окутуп кой деп көп айткан эле. Жолдошум “окутпайм өзүм эле багам буларды эч жака иштетпейм” деген. Башында жакшы жашачубуз. Бирди төрөгөндөн кийин эле ура баштады. 2008 турмушка чыктым, 2009 балалуу болдук. Ошондон бери эле токмок жеп келем. Балдарды ойлоп, оңолуп калаар деген үмүт менен жашап келдим. Бирок оңолбоду” – дейт Айша.

Айшанын айтымында уруш талаш көбүнчө кызганычтан болот, үйгө ким келди, ким кетти деп жей берет, үйдүн тегерегинен эркек кишилер өтүп атса дагы сага келди дейт, балдарды дагы сөгөт урушат, ичип келгенде да, соосунда дагы ура берет. Туугандар “кой, оңол, жакшы жаша” деп айтып атышчу, кийин “алыбыз жетпей калды” деп коюшкан.

“Азыр ажырашайын деп турам. Бүттү барбайм деген чечимге келдим. Кыйналсам дагы балдарымды өзүм багып чоңойтом. Өзүмдүн билимим жок, үйүм жок, чогултуп койгон каражатым дагы жок. Беш балам бар, баары жаш. Мунун баарын ойлосом заманым куруп, калтырак басып кетип атат” – деп Айша алсыздыгын мойнуна алат, бирок келечектен үмүтүн үзбөгөнүн, тынч жашоо болсо эле, башка кыйынчылыкты жеңүү мүмкүн экенин айтат – “Колумдан келген нерсени жасай берейинчи азыр, калганын Кудай көрсөтөөр. Бир өкүнгөнүм, башынан эле өзүмө бекем болуп, биринчи жолкусунда эле арызданып, тийиштүү жазасын берип койсом болмок экен, мүмкүн үй-бүлөөмдү сактап калмакмын. Укугуңду билип аны колдонгонду бала кезден үйрөтүш керек экен. Бизди сүйлөбө, катуу күлбө, чыдап кой, көтөрүп кой, каршы чыкпа деп тарбиялашкан да. Азыр кыздарыма жакшы окугула, келечегиңерге өзүңөргө жакшы, билимдүү болгула дейм”.

"Тилектештик автобусунун" адвокаттары Оштун тургундарына консультация берип жатат. Сүрөт: БУУӨП Кыргызстан.

Акысыз жардам берүү укуктук борборуна аялдар көп кайрылабы - деген сурообузга Эркинбек Жакеев мындай деп жооп берди - “Борборго кайрылгандардын 70 пайызы  аялдардын укугу боюнча маселе менен келет. Бул багытта тынымсыз билимибизди жогорулатып турабыз. Жакында эле биз үй бүлөөлүк зомбулуктан жабыркагандарды аныктоо, алар менен сүйлөшүү, зомбулуктун алдын алуу багытында “Теңдик нуру” Демилгесинин бир нече этаптан турган окууларынан өтүп келдик. Алган билимибизди ишибизге колдонуп жатабыз. Эң негизгиси акысыз укуктук кеңеш алууга, кирешеси аз болсо, мамлекеттин эсебинен адвокаттын кызматын колдонууга укугу бар экенин ар бир жаранга жеткиришибиз керек”.  

Материал Юстиция министрлигинин алдындагы Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо борборунун демилгеси менен, БУУнун жана Европа Биримдигинин аялдар жана кыздарга карата зомбулукту жоюга багытталган "Теңдик нуру" Программасынын колдоосунда даярдалды.

Icon of SDG 05

БУУӨП БУУӨП Дүйнөдө