Дарыгер менен бейтаптын ортосундагы ишеним - бул кургак учукту жеңүү үчүн негизги кадам

2021-ж., 9-July

70-year-old Aman Abdygulovich Abdygulov works as a TB doctor in the city of Kara-Kul, in the Jalal-Abad Region of Kyrgyzstan.

Аман Абдыгулович Абдыгулов, учурда 70 жашта, Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында фтизиатр болуп иштейт. Ал кесиби боюнча дарыгер-фтизиатр эмес, эпидемиолог болсо да, ал мыкты натыйжаларга ээ: ар бир бейтапка көрсөткөн убактысы жана камкордугу менен, аларды дарылоо учурунда колдоп, алардын айыгып кетишине жардам берет. Дарыгер Абдыгулов - адам өмүрүн сактап калуу үчүн кесиби күчтүү, үлгүлүү дарыгер. Кургак учукту дарылоону баштаган бардык бейтаптар, сейрек учурлардан башка, ушул дарыгердин катуу сезимтал жетекчилигинин астында ийгиликтүү айыгып кетишет. ИРУ КУ арасында 2018- жылдын когортасында , анын дарылоосу 100% ийгиликтүү болгон.

Кургак учук менен ооруган бейтаптар менен иштөөнүн башка бейтаптар жана оорулар менен иштөөдөн айырмасы кандай?

Фтизиатр болуп иштөөнүн негизги өзгөчөлүгү - бейтаптардын ишенимине кирүу жана аларга кургак учуктан коркуунун кереги жок экендигин, анын айыктырыла тургандыгын түшүндүрүү. Ар бир адамды психологиялык жактан даярдаш керек. Айрым бейтаптар 2 жылга чейин дары ичишет. Чындыгында бул абдан кыйын. Ар бир жолу аларls дары ичүү керек экенине ынандырыш керек, эгер бар болсо, терс таасирлери жөнүндө айтып берүү керек. Ишенген адам айыгат!

Эң негизгиси бейтаптардын бизге, дарыгерлерге ишеними болушу керек. Стигма жана басмырлоо болбошу керек. Ошондой эле, мен өзүмдүн кызматкерлериме бейтаптарга өтө этият мамиле кылууну эскертем. Ошондой эле, биз бейтаптарга колдон келишинче жол чыгымдарына жардам беребиз же мэрия аркылуу, мисалы, бейтаптар бейтапкананын жанында жана дарылануу учурунда жакшы шартта жашашы үчүн батирди ижарага ала алдык.

Тилекке каршы, фтизиатрияда жаш дарыгерлер абдан аз. Көбүнчө пенсионерлер иштейт.

Бейтаптар менен Сиздин мамилеңиз кандай?

Бейтаптар мени угушат. Менин айткандарымдын бардыгын аткарышат, каршылык көрсөтүшпөйт. Бирок дагы деле эки жыл дарылануу кыйын. Айрымдары келбейт же жок болуп кетишет. Аларды колдон келишинче издейбиз, андан кийин ынандырып, көндүрүп, акыры дээрлик бардыгы ийгиликтүү айыгып кетишет.

Бейтап менен дарыгердин мамилеси достук гана мүнөздө болушу керек. Биздин шаар кичинекей, мен бейтаптарды жана алардын ата-энелеринин баарын билем. Биз дээрлик туугандардайбыз. Дарыгерлер менен медайымдар бейтаптарга жардам бериши керек. Көптөгөн адамдар оорусу менен жалгыз калып, аларга абдан кыйын болот.

Бейтаптардын өзүлөрү абдан жакшы мамиле кылышат. Биздин мамилелер ишенимдин негизинде курулган. Менде үч башка оператордун үч башка телефон номери бар. Бул атайын бейтаптардын мага телефон чалуусу ыңгайлуу болуш үчүн. Алар менен дайыма сүйлөшүп туруу керек жана аларды коркунучтуу эмес экенине, оору айыктырыла турганына ынандырыш керек.

Сиз өзүңүздүн коллегаларынызга жана бейтаптарга эмне кеңеш берет элеңиз?

Бейтаптарга жардам берүү үчүн эң негизгиси - ишенимине кирүу. Алардын аман калуусу үчүн. Ал эми бейтаптардан дары-дармектерди бир эле мезгилде ичүүсу зарыл. Эгерде ал сегизде ичсе, анда ал ар дайым сегизде ичиши керек. Бул чоң мааниге ээ. Ошондой эле дарыгерлерге жана медайымдарга бейтаптардан коркпогула деп айткым келет, анткени кыска убакыт өткөндөн кийин алар жугуштуу болбой калышат. Биз стигманы жана басмырлоону жоюп, бейтаптарды чогуу колдошубуз керек.