«Мыкты фтизиатр болуу үчүн, мыкты психолог болуш керек»

2021-ж., 28-May

Султанмурат Атабекович Чолпонбаев, өз ишине берилген кургак учук дарыгери. Сүрөт: Дмитрий Мотинов / БУУӨП Кыргызстан

Дубалда илинип турган кадимки сүрөттөрдүн ордуна Султанмураттын бөлмөсү 59 жылдык дарыгер-фтизиатр болуп иштеген учурунда алган  көптөгөн грамоталары жана ыраазычылык каттары менен кооздолгон. Азыр  Султанмурат Атабекович Чолпонбаев 85 жашта. Ал бир жыл мурун чоң сый-урматка ээ болуп, пенсияга чыккан. Мурунку бейтаптарга жолукканда, баары сүйлөшөлүк деп, токтошот. «Менин колумдан көптөгөн адамдар өттү, эми алардын үй-бүлөсү, балдары бар. Алардын ден соолугу чың жана мага ыраазы», - дейт ал.

Султанмурат Атабековичти кесиптештери жана бейтаптар мыкты дарыгер, абдан ишеничтүү жана камкор адам катары билишет. Анын аракети көптөрдүн өмүрүн сактап калды, анткени ал бейтаптарды дарылоону аягына жеткирүү үчүн болгон мүмкүнчүлүгүн жумшачу.

Кургак учукту дарылоо өтө узак жана татаал, ал натыйжалуу болуш үчүн,  аны аягына чейин чыгарыш керек. Бул жааттагы саламаттыкты сактоо кызматкерлеринин негизги милдеттеринин бири – бейтаптардын толук айыгып кетишине чейин үзгүлтүксүз дарылануусун көзөмөлдөп, камсыз кылуу.

«Сөздөр сактайт»

«Мыкты фтизиатр болуу үчүн, мыкты психолог болуш керек», - дейт Султанмурат Атабекович. «Болбосо бейтаптарыңызды түшүнүп, аларга эч нерсе жеткире албайсыз». Доктор Султанмурат дарылоонун натыйжасында алардын айыга турганына, кургак учуктун айынан жашоо токтоп калбастыгына ынандыруу үчүн ар бир бейтап менен, ошондой эле алардын үй-бүлөлөрү менен көп убакыт өткөрчү.

«Бейтаптарга баардыгын жакшылап түшүндүрүү керек, конкреттүү мисалдарды көрсөтүп, алардын ишенимине кирип, алар үчүн жан шерик болуп калышыбыз керек. Кургак учук диагнозу – бул эмоционалдык шок, психологиялык сокку, ошон үчүн бейтаптар андан ары жашаш үчүн сиздин жардамыңызга муктаж».

«Заводдо иштеген бир бейтап менин эсимде. Мен ага диагноз койгондо эле ал: «Болду, мен жашабайм», деди да, эс –учун жоготуп койду. Ал ушунчалык таң калып, коркуп кетти. » Бирок Султанмурат байке анын ооруга баш ийип беришине жол берген жок. Дарыгер аны менен, анын аялы жана балдары менен сүйлөшүп, айыгып кеткен бейтаптардын рентген сүрөттөрүн көрсөттү эле – бейтап жаңы үмүт менен өзүнүн коркуу сезимдерин жеңип, кургак учукту жеңүүгө күч таба алды. «Ал дарылоого ишене баштап, аман калган. Арадан жылдар өтсө да, ал мага дагы деле болсо ыраазы. Сиз өмүрүмдү сактап калдыңыз, дейт ал».

Ар кандай дарылоонун натыйжалуу болушу үчүн эмоционалдык чечкиндүүлүк эң эле маанилүү. Буга ишенип жана айыгууну каалаш керек. «Бейтаптар стресс болушат, алар кайгырышып, стигмага кабылышып, азап чегишет. Аларга сен жакшы сөздөр менен жардам беришиң керек. Сөз айыктырат, сөз сактайт», - дейт, бүт өмүрүн ушул ишке арнаган Султанмурат Атабекович. 

Сүрөт: Дмитрий Мотинов / БУУӨП Кыргызстан

Түбөлүк студент

«Кургак учук жакшы айыгат жана коркуунун кажети жок. Бир гана жаман жагы, дарылоо көпкө созулат, демек эң негизгиси мотивация».

Султанмурат Чолпонбаев медициналык кызматкерлер мыкты илимпоздор гана эмес, мыкты психолог, интеллектуал жана байланышчылар болуулары керек деп эсептейт. «Сен бийликти сүйбөшүң керек. Орой болбош керек. Ар дайым өзүңүздүн үстүңүздөн иштешиңиз керек: эгер өзүңүз стрессте болсоңуз башкаларга кантип жардам бере аласыз?»

Султанмурат Атабековичтин кипкичинекей батири өтө жөнөкөй, көп жылдар бою аны коштоп келген советтик стилдеги эмеректер жана телевизордун ордуна радиосу бар. Бирок анын текчелеринде жана столунун үстүндө медицина, психология жана классикалык адабият боюнча китептер толтура турат. Ал өзүн «түбөлүктүк студент», деп атайт, бул чындык. «Мен дайыма көп окучумун, анан дагы музыканы сүйөмүн. Музыкасыз такыр болбойт. Музыка адамдарды түшүнүүгө жардам берет», - деп ал ыр ырдап бериш үчүн комузун алып чыкты. «Дарыгерлер дымактуу жана маданияттуу болуш керек. Жашоону өзүң басып өтмөйүнчө, жашоону түшүнө албайсың».

Ата теги Токтогулдан болгон  Султанмурат Атабекович тоолордо жана талааларда мал багып, сээп жана түшүм жыйнап чоңойгон. Бирок ал дайыма билимдүү болууга кызыгып, китеп артынан китеп окуп, өзү орус тилин үйрөнчү.

«Менин жашоом өтө оор болду. Мен биринчи класста экенимде согуш башталды. Мен ачарчылыкты жана азап-тозокту көрдүм. Суук болуп, бизде болсо кийимибиз жок болчу. Балдар ачкадан өлүп калышчу. Айылдарда эркектер калган жок. Бардык жерде аялдар, ал эмес курулушта да иштешти. Мен аларга жардам берчүмүн», - деп эскерет ал. «Жашоомдо көп кыйынчылыктарды көрдүм, ошондуктан мен чыдамкай жана эмгекчил болуп чоңойдум».

Султанмурат Атабекович Чолпонбаев жумушта. Сүрөт: Дмитрий Мотинов / БУУӨП Кыргызстан

Чексиз берилгендик

Султанмурат Атабекович дайыма өзүнүн кесибине жана бейтаптарына толугу менен берилген адам. Университетте окуп жүргөн кезинде эч жакка, киного дагы, парктарга дагы барчу эмес. Ал өзүнүн окуу китептери менен жабык бойдон калчу. Өзүнүн эмгек жолун ал Жалал-Абад облусунун кенчилер шаарчасында  баштаган, андан кийин облустук ооруканага которулуп, Кыргызстандын түштүгүндөгү биринчи кургак учукка каршы оорукананы негиздөөчүсү Р.Г.Бауэрден көп нерсени үйрөнгөн. «Ал мени жакшы дарыгер болууга үйрөттү. Ал мезгилде адамдар скелет болуп келип, араң дем алышчу. Кургак учуктун өтө оор түрлөрү болгон.» дейт Султанмурат Чолпонбаев. Анан дагы ал ооруканада жыл бою бейтаптарга жемиш-жашылчалар өстүрүү үчүн күнөскана болгонун, жана төрт маалдык балансталган тамактануунун аркасынан бейтаптар айыгып кетишкендерин айтып берди.

Албетте, андан бери көп нерсе өзгөрдү, доктор Султанмурат ПРООН жана USAID сыяктуу  «чоң өзгөрүүлөрдү» жасаган эл аралык уюмдарга өзгөчө ыраазы. «Алар киргизген дарылоо ыкмалары жана схемалары абдан натыйжалуу», дейт ал.  

Султанмурат Атабековичтин кургак учукка болгон кызыгуусу пенсияга чыккандан бери да бир дюйм да өзгөргөн жок. Азыр деле ал кургак учукка байланыштуу жаңылыктарды караштырып, ал эмес макалаларды жазып турат. «Өзүңдүн кесибиңди жана адамдарды сүйүшүң керек», - дейт ал. Анын узак эмгек жолунда эмне үчүн ал кургак учук оорусун жугузуп алуу коркунучуна карабастан ушул тармакты тандап алганы тууралуу көп жолу сурашкан. Бирок ал эч качан кесибин өзгөртүү жөнүндө ойлонгон эмес, бактысына жараша эч качан ооруган эмес. «Адамдар кургак учук болуп иммундук системасы начарлаганда ооруп калышат. Дени сак жашоо мүнөзүн карманып жана психологиялык жактан күчтүү болуш керек», - дейт ал. Султанмурат Атабекович 85 жашында деле өз күндөрүн китеп окуу жана окутуу менен өткөрүп, күн сайын сейилдөөгө чыгып жана өз алдынча даамдуу жана балансталган тамактарды даярдайт.