Жарандыкты таанууга узак жол

2021-ж., 25-March

Халимжан Абдирайимовдун көптөн күткөн паспортун алып жаткан учуру

Халимжан Абдирайимовдун турмуштагы оор бурулуштары аны эң башкысы - Кыргыз Республикасынын жарандыгысыз калтырды. Ал 1958-жылы ал учурда Кыргыз ССРи болгон, Ош облусунун Араван районундагы Тепе-Коргон айылында, туулган. Өлкөнүн алыскы бурчунда ал өзүнүн советтик паспортун Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортуна өз убагында алмаштыра алган эмес, турак жайга жана жашаган жери боюнча каттоого турууга байланыштуу бюрократиялык татаалдыктар анын мүмкүндүгүндө эмес эле. 2011-жылы анын жашоосунда биринин артынан экинчисин улаган кырсыктуу жагдайлар орун алды - ал ооруп жатып калган, ал эми түндөрдүн биринде үйүндө өрт чыккан. Анын үйү өрттөнуп кетип, ал эми Халимжандын денесинин ири көлөмү күйүп, өзүн-өзү тейлөө жөндөмүн, өз алдынча кыймылдоо аракетинин жарым-жартылайын жоготууга алып келди. Ошондон бери ал балдак менен басат.

Паспортунун жоктугунан, тилекке каршы ал социалдык колдоо ала албай, майыптыгын каттатып, пенсияга чыга алган жок. Медициналык кызмат алуу үчүн кайрылган сайын, документтердин жоктугунан улам дайым кыйынчылыктарга туш келчү.

2020-жылдын июнь айында БУУӨП Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө COVID-19 кризисине жооп катары көп тараптуу, айкалышкан жардам көрсөтүү алкагында Япония Өкмөтүнүн каржылык колдоосу менен алыскы аймактардагы чек ара пилоттук жамааттарына укуктук маалыматтын жана юридикалык жардамдын жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу боюнча "Фергана өрөөнүнүн Чек арасыз юристтери" коомдук бирикмеси менен шериктештикте COVID-19 шарттарында эпидемиологиялык стандарттардын сакталышын эске алуу менен 6 пилоттук жамааттардагы жарандарга укуктук жардам көрсөтүүнү уюштурат.

Халимжан Абдирайимов мүмкүн болгон акысыз жардамдар жөнүндө айылдаштарынан угуп билди. Тепе-Коргон айылында Пилоттук муниципалитетте түзүлгөн Калкты тейлөө борборунун (КТБ)  жергиликтүү жамаатынын юристи Нурлан Истанов менен 2020-жылдын декабрь айында жолугушту.  

- Ал СССРдин мурунку жараны болгону менен, эгемендүү Кыргызстандын жаранынын паспортун өз убагында албагандыктан,  дээрлик 30 жыл белгилүү статусу жок адам бойдон келе жаткан. Мындай даражадагы адамдарды документтештирүү үчүн МККнын райондук бөлүмдөрүнүн алдындагы жарандык маселелер боюнча комиссияларында жарандыкты аныктоо жол-жобосунан өтсө болот – деп түшүндүрөт юрист. - Абдирайимов Халимжан Чибиловичтин иши жогорудагы комиссияга арыз берүү үчүн документтердин топтому талап кылынгандыктан, анын минималдуу тизмесине СССРдин үлгүсүндөгү паспорту, туулгандыгы тууралуу күбөлүк жана акыркы 5 жыл ичинде Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашагандыгын тастыктаган документтер талап кылынгандыгы менен, аларды ал өз алдынча чогултуп даярдай албагандыктан  жана айрымдары жоголгондуктан татаалдашкан. Аларды архив мекемелеринен издөө аркылуу калыбына келтирүү керек болчу.   

Укуктук колдоо көрсөтүү учурунда бардык керектүү документтер топтому даярдалды, мында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын деңгээлинде көптөгөн жумуштар жасалды, ар кандай архивдерде, ЖААКта, анын ичинде туулгандыгы жөнүндө күбөлүктөрдү санарипке өткөрүү, ПИН алуу жана ушул сыяктуу көптөгөн нерселер.  

Керектүү документтер топтому чогултулгандан кийин Халимжан Абдирайимовду процесстин маанилүү бөлүгү күтүп турган - Араван районунун жарандык абалдын актыларын каттоо, паспорттоштуруу жана калкты каттоо бөлүмүндө (ЖААКБПККБ) жарандыкты аныктоо комиссиясында татаал процедурадан өтүү, ал жерде юрист анын кызыкчылыктарын жактаган.

Комиссия иштин бардык материалдарын карап чыгып, 2021-жылдын 10-февралында Абдирайимов Халимжан Чибиловичти Кыргыз Республикасынын жарандыгына таандык экендиги жөнүндө корутунду чыгарган, ошону менен ал Кыргызстандын жараны деп таанылган. Ушуну менен Кыргыз Республикасынын жараны экендигин таануу боюнча узак жолунун негизги этабы аяктады, ага анын толук укугу бар болчу, бирок турмуштун бир катар оор жагдайларынан улам ал ала албай келген.

Анын статусун таануу боюнча көптөн бери күтүлүп жаткан чечим кабыл алынган соң, юрист анын өмүрүндөгү биринчи Кыргызстандын жаранынын паспортун алуу үчүн документтердин толук тизмесин даярдоого жардам берди.  Март айынын башында Кыргыз ССРинин доорунан бери созулуп келе жаткан документтердин тарыхына активдүү катышкан ЖААКБПККБнын кызматкерлери Халимжан Абдирайимовго Кыргызстандын жаранынын паспортун тапшырышты. Акыркы учурга чейин ал өзүнүн ишинин жигердүү илгерилеп жаткандыгына жана мунун баары акысыз экендигине ишене алган жок. Эми ал медициналык кызматтарды пайдалана ала алат, шайлоодо добуш берүү укугун ишке ашырат, банктык кызматтардан колдоно алат – жашоосунда өз укуктарынан пайдалана алат.  

Бирок окуя ушуну менен эле бүтпөйт, мындан ары юрист Нурлан Истанов майыптыкты каттатууга жана анын пенсия алуу укугун камсыздандырууга жардам көрсөтүшү керек болот. Ошентип, “эч кимди артта калтырбайбыз” принцибин иш жүзүнө ашыруу үчүн туруктуу өнүгүү максаттарына кадам сайын жетүү.

Мыйзамдар саламаттыкты сактоо, экономика жана билим берүү сыяктуу адамдык коопсуздук кызматтарына жетүүнүн негизин түзгөн туруктуу өнүгүүнүн маанилүү элементи болуп саналат. Өкмөттөр, эл аралык уюмдар, жеке сектор, бейөкмөт уюмдар жана жамааттар адамдар бул негизги укуктарга бирдей мүмкүнчүлүк алган жакшы коомдорду куруу үчүн биргелешип иштеши керек.