Кулагы укпаган жана угуусу начар балдар үчүн “Дилгир” мобилдик тиркемеси иштелип чыгууда. Анын өзгөчөлүгү

2021-ж., 5-March

Бишкектеги угуусу начар балдар үчүн атайын мектептин окуучулары кыргыздын улуттук бийин бийлеп жатышат. Сүрөт: Дмитрий Мотинов / БУУӨП Кыргызстан

Кыргызстанда кулагы укпаган жана угуусу начар балдар совет мезгилиндеги  окуу китептеринен билим алып, баарлашуу үчүн орус жаңсоо тилин колдонушат. Пандемиянын кесепеттерин жоюу жана аралыктан окутуу максатында, учурда атайын интернаттын 1-класстарынын окуучуларынын окуу процессин жеңилдетүү жана кулагы укпаган жана угуусу начар балдардын баарлашуу көндүмдөрүн өркүндөтүү үчүн  "Дилгир" мобилдик тиркемеси иштелип чыгууда.

"Дилгирдин" тарыхы

Ушул жылдын башынан тартып, пандемиянын кесепеттерин жоюу үчүн, ЮНИСЕФ жана БУУӨПтүн Кыргыз Республикасында кулагы укпаган жана угуусу начар балдар үчүн эки тилде сүйлөгөн "Дилгир" мобилдик тиркемесин иштеп чыгууга жана ишке киргизүүгө колдоо көрсөтүлдү.

Тиркеме "Дилгир-1" окуу китебине толуктоо болуп саналат. Ал кулагы укпаган балдар үчүн Адистештирилген жалпы билим берүүчү мектеп-интернатынын методикалык кеңеши тарабынан "Технолэнд" коомдук фонду менен биргеликте иштелип чыгууда. Окуу куралы бир эле мезгилде орус жана кыргыз тилдеринде сунушталып, эки тилде тең окутуунун бирдиктүү методикасын киргизүүгө мүмкүндүк берет. “Дилгирдин” жардамы менен Кыргызстандагы адистештирилген мектеп-интернаттардын 1-класстын окуучулары окуу процессин жана баарлашуу, анын ичинде тышкы дүйнө менен байланышуу жөндөмдөрүн өркүндөтө алышат деп күтүлүүдө.

Тиркеменин прототиби - 1987-жылы чыккан "Звездочка" окуу китеби

Мектептин директору Джаманбаева Каныкей башында турган, угуу мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды окутуу боюнча көп жылдык тажрыйбасы бар мектептин адистери, билим берүүнү өнүктүрүүгө жана республикада кыргыз тилин өнүктүрүүгө өз салымын кошуп, далилденген окутуу методикасын ишке ашырып жатышат. Бул окуу куралынын прототиби  1987-жылы чыккан “ Звездочка”окуу китеби болуп саналат. Жүргүзүлүп жаткан иштин алкагында, окуунун биринчи чейрегиндеги темалары боюнча окулуучу сөздөр жана карточка-тапшырмалары "Дилгир" мобилдик тиркемесинде чагылдырылат, ал эми окуу китеби өзү мобилдик адаптацияланган http://technoland-inno4kg.kg сайтында жарыяланат.

"Дилгир" тиркемесинин сүрөтчөлөрү

"Дилгир" кулагы укпаган балдарга да, угуусу начар балдарга да ылайык келет

Тиркемеде жана мультимедиялык окуу куралында, сөздөрдү тезирээк өздөштүрүү үчүн, окулуучу сөздөргө сүрөттөр жана дактилдер коштолот, ошондой эле угуусу начар балдарга калдык (жетишпеген) үн  туташтыруу үчүн сөздөрдүн үн коштоосу каралган. Мындан тышкары, тиркеменин интерактивдүү оюндары ар бир теманы өздөштүрүү деңгээлин текшерүүгө жардам берет.

Окуу китебинин кыргызча нускасын жана тиркемени “Шайыр Балалык” балдардын чыгармачылык борборунун окутуучулары жана Баласагын атындагы КМУУнун профессору көзөмөлдөшөт. Мектептен баштап, кыргыз сөздөрүн күнүмдүк турмушка киргизүү - кызуу талкуу жаратуучу актуалдуу тема.

“Технолэнд” КФнун төрайымы Рена Султангазиева «мектеп мугалимдердин, чыгармачыл борборлордун, жогорку окуу жайларынын профессордук-окутуучулук курамдары жана IT-адистеринин дал ушундай кызматташтыгы инновациялык окуу куралдарын түзүүнү камсыз кылат», - деп ишенет. Рена Турдубековна белгилегендей, бул кээ бир сенсордук бузулуулары бар балдар үчүн кабылдоонун бардык каналдарын камтуусу маанилүү. Эл аралык уюмдардын мындай долбоорлорду колдоосу ар бир баланын билим берүү ресурстарына жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууга жана келечекте турмушта  өз ордун тапканга жардам берет.

Рена Султангазиева, "Техноланд" КФнун төрайымы, мектеп мугалимдеринин, чыгармачыл борборлордун, ЖОЖдордун окутуучуларынын жана IT адистеринин кызматташтыгы инновациялык билим берүүчү материалдарды түзүүнү камсыз кылат деп эсептейт. Сүрөт: Дмитрий Мотинов / БУУӨП Кыргызстан

Бул демилге БУУӨП жана ЮНИСЕФ тарабынан 2020-жылы ишке ашырылган Inno KG долбоорунун уландысы болуп саналат. Белгилей кетсек, аталган долбоордун алкагында, буга чейин мектепке чейинки билим берүү программасынын негизинде үч уюлдук тиркеме иштелип чыккан.