Коомчулукту агартуу, майыптыгы бар адамдарга карата негативдүү дискриминациялык стереотиптерди кыскартуу, мүмкүн болсо жок кылуу максатында Кыргызстандагы БУУӨП майыптыгы бар адамдардын, бийлик өкүлдөрүнүн жана массалык коммуникациялардын өкүлдөрүнүн катышуусунда бир катар иш чараларды өткөрүп келет.

Көрүнбөгөн артыкчылыктар – бул көпчүлүккө жеткиликтүү, бирок, айтыла бербеген кадимки нерселердин категориясы. Мисалга, биз үйгө кирип баратып тепкичтер тууралуу ойлонбойбуз деле. Бирок, бул баары үчүн эле бирдей эмес. Майыптыгы бар адамдар күн сайын көпчүлүккө байкала бербеген көптөгөн тоскоолдуктарга, дискриминацияларга кабылып, негативдүү стереотиптерди багындырып келишет.

Баардык адамдар тең, ажыратылгыс укуктары жана негизги эркиндиктери менен төрөлүшөт. Мындай эреже Адам укуктарынын жалпыга бирдей декларациясында, башка эл аралык документтерде жана ошондой эле мамлекеттердин мыйзамдарында бекитилген. Бирок, адамдарга көз каранды болбогон белгилүү бир жагдайлардан улам айрым адамдардын мүмкүнчүлүгү чектелип, ал тургай кээ бир учурларда өз укуктарын да пайдалана алышпайт. Учурда Кыргызстанда 193 миңден ашуун майыптыгы боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген адам бар.

 

Өз укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн билүү

Майыптардын укуктары тууралуу БУУнун Конвенциясынын принциптерин кабыл алуу жана аны терең түшүнүү элдин майыптыгы бар адамдарга карата мамилесин толугу менен өзгөртөт. Буга байланыштуу бул тематиканын терминологиясы да өзгөрөт. Коомчулукту агартуу, майыптыгы бар адамдарга карата негативдүү дискриминациялык стереотиптерди кыскартуу, мүмкүн болсо жок кылуу максатында Кыргызстандагы БУУӨП майыптыгы бар адамдардын, бийлик өкүлдөрүнүн жана массалык коммуникациялардын өкүлдөрүнүн катышуусунда бир катар иш чараларды өткөрүп келет. 2020-жылдын октябрь айынан баштап Ош жана Чүй облустарынын баардык райондорунда майыптыгы бар жарандардын, майыптыгы бар жарандар менен иш алып барган жергиликтүү мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарынын кызматкерлеринин укуктук сабаттуулугунун деңгээлин жогорулатуу боюнча тренингдер өткөрүлүп келе жатат. Жана ошондой эле, бул тренингдер коомчулукка майыптуулук тууралуу маалымат берүү жана “Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам тууралуу” мыйзамды түшүндүрүүгө багытталган. Тренингдердин катышуучулары майыптыгы бар адамдарга кандай жеңилдиктер каралгандыгы тууралуу кызыгышып, инклюзия (баардык жарандардын, айрыкча физикалык жактан өнүгүүдө татаалдыкка кабылган жарандардын социумга катышуу деңгээлин жогорулатуу процесси) жана инклюзивдик билим берүү боюнча маселелерди көтөрүшөт. Мисалга, Беловодск айылында Юстиция министрлигине караштуу “Акысыз юридикалык жардам көрсөтүү борбору” бар экендигин жана Ленин көчөсү, 27-үй дареги (мамлекеттик нотариалдык конторанын имаратында) боюнча юридикалык кеңеш жана жардам алууга боло тургандыгын баары эле биле берген эмес.

 

“Майыптарга юридикалык жардам көрсөтүү” фондунун президенти Толкунбек Исаков.

- Майыптуулук белгиси боюнча дискриминациялоо талашсыз жана туруктуу мүнөзгө ээ. Майыптардын укуктары тууралуу БУУнун ратификацияланган Конвенциясын Кыргызстанда аткаруу үчүн, биз теңсиздиктин тамырына балта чапкыбыз келет. Калкты маалымат менен камсыз кылып, майыптыгы бар адамдардын укуктары менен мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтебиз. Биз турмуштагы баардык чөйрөдөгү инклюзияны колдойбуз. Үнүбүз жетип, акырындап майыптыгы бар адамдардын укуктары БУУнун Конвенциясына ылайык Кыргызстандын бардык бурчунда сакталат деп үмүт кылабыз, - деп белгилеп өттү “Майыптарга юридикалык жардам көрсөтүү” фондунун президенти Толкунбек Исаков.

 

Ош шаарында өткөн журналисттерге үчүн тренинг катышуучулары

Так маалымат

Жарнама кандай иштей тургандыгын баарыбыз эле билебиз – мүмкүн болгон маалымат каналдары аркылуу бир эле идеянын бүтпөгөн агымы бара-бара мээбизге сиңип, кандайдыр бир убактан кийин лексиконубузга кирет, андан соң биздин иш-аракеттерибизге таасир бере баштайт. Инклюзивдүүлүк жана тең укуктуулук дагы алгач биздин ойлорубузда пайда болот. Качан биз өзүбүздүн көрүнбөгөн артыкчылыктарыбызды баамдаганда, коммуникацияларыбызга талдоо жүргүзүп калган кезде майыптуулук маселелеринде түшүнүгүбүз, жоопкерчилигибиз жогорулап калат. Журналисттер, медиа өкүлдөрү жана блогерлер коомчулуктагы пикирди түзүүчү маалыматтык агымдын алгачкы булактары болуп саналышат. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин суроо-талабы боюнча, алар үчүн “Майыптуулук темасын түшүндүрүү” деген онлайн курс иштелип чыккан. Бул курсту кыргыз жана орус тилдеринде өз алдынча окуп, сертификат алууга болот. Мындан сырткары, бул онлайн курс Кыргыз улуттук университетинин Журналистика факультетинин “Журналисттин профессионалдык этикасы” деген негизги предметинин бөлүгү катары да киргизилген. Ал эми Ош мамлекеттик университети майыптуулук темасын түшүндүрүү боюнча 2021-жылдын февраль айынан баштап тандоо предметинин курсу катары тренингдик модулду киргизген. Учурда 17 студент бул курсту тандап алып, ушул тематика боюнча билим алып жатышат.

 

Айнура Алымбекова.

“Акыркы кездерде “майып” деген сөз коомчулукта сын жаратууда жана анын ордуна “ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген ” (ЛОВЗ) деген термин колдонулууда. Социалдык кызматкерлер муну биринчи кезекте инсан катары, андан кийин гана ден соолугунун мүнөздөмөсү белгиленип турат деп түшүндүрүшүүдө. Бирок, бул термин дагы сынга кабылууда. Эгерде адамдын тамагы катуу ооруса же буту сынса дагы ал адам ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адам болуп калууда. Бирок анын майыптык боюнча статусу жок. Ушуга байланыштуу “майыптуулугу бар адам/адамдар/аял/эркек/бала” деп атоо сунушталууда. Мындан сырткары, майыптыгы бар адамдар тууралуу көптөгөн негативдүү стереотиптер бар”, - дейт долбоордун координатору Айнура Алымбекова.

Терминология, укутук негиздер, турмуштук жагдайлардагы кейстер жана башка көптөгөн нерселер үйрөтүүчү онлайн курска киргизилген.

 

Айганыш Шаволотова

Журналист Айганыш Шаволотова бул онлайн курсту бир дем менен окуп чыкканын айтат. “Курс маалыматка аябай бай экен. Суроолорго жооп берип жатып мурда макалалардын подтексттерине өзгөчө маани бербей жүргөнүмдү түшүндүм. Майыптыгы бар адамдар өздөрүн бөлүп көрсөтүүсүн же аларга кимдир бирөөлөрдүн жардам беришин каалабай турганы мен үчүн чоң жаңылык болду. Алар күнүмдүк турмушка өз алдынча аралашканда гана жашоонун толуктугун жана өздөрүнүн коомчулукка катыштыгын сезишет экен. Кайсы нормативдик актыларда майыптыгы бар адамдар эске алынган экендигин жана кайсы беренелердин аркасы менен алардын укуктары жөнгө салына тургандыгын билдим. Бир да имараттан Брайлдын шрифти менен жазылган көрсөткүчтү көрбөгөнүмдү эстедим. Бул тематикада терең түшүнүү үчүн аталган курс журналисттер үчүн эле эмес, ар бир жаран үчүн аябай пайдалуу экен”, - деп ал курстан алган таасири менен бөлүшүп өттү.

 

Бул курс каалагандардын баары үчүн мамлекеттик да, расмий да тилдерде жеткиликтүү. Курсту ийгиликтүү аяктагандардын баары сертификатка ээ болушат. Эң башкысы – майыптык темасында кантип туура жазуу керектиги, кантип туура сүйлөө же талкуу жүргүзүү керектиги тууралуу билим ала алышат.

Бул иш чаралар БУУӨПтүн жана Финляндиянын Тышкы иштер министрлигинин “Кыргыз Республикасында укуктук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү үчүн туруктуу сот адилеттигине жетүү” долбоорунун алкагында жүргүзүлүүдө.

 

 

даярдаган: Нуржан Алымканова
nurzhan.alymkanova@undp.kg 

Icon of SDG 16

БУУӨП БУУӨП Дүйнөдө