Баткенде фотоэлектростанцияга өткөн алгачкы бала бакча

2021-ж., 11-February

Баткен облусуна караштуу Исфана шаарында мигранттардын балдары үчүн балдар бакча иштей баштады. Билимканада өспүрүмдөр үчүн окуу курстары да каралган экен. Аймакта алгачкы фотоэлектростанция орнотулган билим борборуна Сабыр Абдумомунов баш багып келген.

Исфана шаарындагы эки кабаттуу, дубалдары ачык бүлдүркөн түстүү боёк менен сырдалган чакан билимкана кудум жомоктогудай көрүнөт экен. Менин көзүм имарттын чатырына кадалган күн нурун өзүнө сиңирип турчу коллекторлорго түштү. Бул толугу менен күн энергиясын колдонууга өткөн алгачкы балдар бакчасына киреерим менен имартта жылытуу системасы пол аркылуу өткөнүн байкадым.

Эки жылдан бери иштеп жаткан “Мырзайым” балдардын билим борбору жүз балага ылайыкташкан. Учурда 70 бала тарбияланып жатыптыр. Мен баш баккан тайпада жеңил кийимчен 5-6 жаштагы балдар математика сабагын өтүп жаткан экен:  - Балдар, бул кандай фигура?

          - Тегерек!

          - Бул жерде канча тегерекче бар экен?

          - Эки!

          - Бул кандай белги?  

          - Минус!

          - Бир тегеректи алып салсак, канча калат экен?

          - Бирөө!

Сабактарды орус тилинде өтүп жаткан тарбиячы Наргиза Туйчиева cоңку бир жылдан бери “Мырзайымда” иштеп жатыптыр. Аны бала бакчанын шарты кызыктырып калган:

- Менин тайпамда 30 наристе бар. Алардын 18и эркек бала 12си кыз. Алар беш күн, эрте мененки саат сегизден кечки алтыга чейин, ал эми ишемби күнү түшкө чейин бизде болушат. Бул жерде балдар кадимки бала бакчадай эле окушат, ойношот, үч маал тамактанышат, түштөн кийин бир саат укташат. Эң негизгиси бул бала бакчада шарттары үйдөгүдөй. Жылуу-жумшак (уютный), балдар чечинип, жүдөбөй жүрүшөт. Бул жерде иштегендердин бири-бирине болгон мамилеси жагат. Менеджмент башкача.

“Мырзайым” билимканасы борбордогу бала бакчалардан кем калышпагандай. Ажаткана, спорт аянтча, ашканасы ичинде. Баардык кааналары, коридор жана тепкичтерине килем төшөлгөн.

Мен балдар борборун негиздеген Гүлнара Дербишевадан энергия эң актуалдуу болуп турган маалда мындай системага кандай өтүү тражымалын сурадым:

Бизде электр тез-тез өчөт. Андай күндөрү сабактар да токтоп калат. Тамактарыбыз жасалбай, сыртта очокко жасап келсек бат эле муздап калат эле. Жылытуу эң чоң көйгөй болчу. Свет өчөөрү менен жылуу сууну айландырып жаткан насостор токтоп, алекизаматта бакчанын ичи музга айланчу.   Балдарды бат-баттан кийимин кийиндиргенге аргазыз болот элек. Насостор токтоору менен туалетибиз да, кудуктагы суу да чыкпай калат. Кыскасы электр күйгөнчө тиричилигибиз токтоп калат эле. Жакында БУУөП-CREEED  “Энергияга жетүүдө кичи жана орто ишкерликти колдоо” долбоорунун ОПЕК Фондунун колдоосу менен фото-электр станциясы орнотулду. Андан бери свет өчсө да эч кандай үзгүлтүксүз эле балдарга тамак-ашты убагында берип, жылуу сууга колу-бетти жууп калдык.

Электр станциясы күн энергиясын тосуп алган күчү 2кВт панелдерден жана  электр топтолуучу 12 аккумулятордон жана инвентордон турат. Инвентордун кызматы – акумуляторго келип топтолгон 12 вольттук туруктуу токту биз күндөлүк турмушта колдонгон 220 вольттук өзгөрүлмө токко айландырат.

- Эң кубандырганы бул система баары автоматташкан. Свет өчөөрү менен өзү иштей баштайт. Эгер электр энегиянын күчү жетпей жатса, бир эле кнопканы басып коюу менен күн энергиясына өтүп кетебиз. Мурда свет өчүп бакчанын ичи муздап балдар тез-тез ооруп калышат эле. Ата-энелер да нааразы болушат эле. Ошондой эле жылуу пол кылдык. Балдар жылаңайлак басканда суук тийбеси үчүн. 

“Мырзайым” бакчасында ясли, орто жана мектепке даярдоочу үч тайпа бар экен. Биз аябай кыжы-кужу үндөр чыгып жаткан орто тайпанын окуу бөлмөсүнө баш бактык. 3-4 жаштагы балдар сүрөт тартып жатышыптыр. Тарткан сүрөтүн мага кайра-кайра көргөзгүсү келип жаткан 4 жаштагы мойтойгон баланын аты Мезгил экен.

- Эмнени тарттың?

- Саабииз!

Мезгилдин атасы да апасы да Орусияда иштейт. Ал учурда таэнесинин колунда экен.

Балдар бакчасы мигрант балдары үчүн түзүлгөндүктөн улам сабактар орус тилинде жүргүзүлөбү деп сураганымда борбордун жетекчиси Гүлнара Дербишева себебин мындай түшүндүрдү:

- Мигранттардын балдары үчүн ачылгандыктан, алардын өтүнүчү менен орус тилинде сабак беребиз. Алар аябай суранышат “чоңоюшса өзүбүзгө кошуп Орусияга алып кетебиз” деп. Анан мен аларга “силер андай максат койбогула! Биз мигрант даярдабайбыз. Биз билим беребиз. Башка тилдерди да үйрөнүшсүн. Андай ойдон алыс болгула.” деп катуу тирешебиз. Ошондуктан бизде аглис тили да тереңдетилип окутулат. Менимче балдар орус тилинен башка, англис, кытай, түрк тилдерин да үйрөнүшсө дейм. Келечекте башка мүмкүнчүлүктөр ачылат. Баткен облусу Орусияга миграцияга кеткендердин саны боюнча биринчи орунда тураары жалпыга бегилүү болсо керек. Мындан улам жаш балдары бар үй-бүлөлөрдүн бери дегенде ар бир үчүнчүсүндө атасы же апасы, айрымдары экөө тең алыста иштеп жүргөндөр. Көпчүлүк учурда алар балдары акча табууда аларды алагды кылып, жүк болбосун деп айылдагы ата-энесинин колуна, айрымдары туугандарынын карамагына таштап кетишет. Мандан айрыкча мектепке чейинки балдар кыйналышат. Кечке үйдө камалган балдардын абалына кайдыгер эмес мекендештер ойлонуп отурушуп бизге сунуш кылышкан. Алар мамлекеттик бала бакчага кезек жетпей балдары кароосуз кыйналып жатышканын айтышкан. Ошентип Орусиядагы уул-кыздарыбыздын жардамы менен 2017-жылы бул жердеги бир кабаттуу ресрусртук борборубузга экинчи кабат кошуп балдар борборуна айландырдык. 

Башка билим борборлорунан айырмаланып бул жерде миграция сабктары да өтүлөт экен:

- Биздин Исфана шаарынын эли көп улуттуу. Биздин борбордо 8 улуттун өкүлдөру бар. Биз 1 жаштан 14 жашка чейин балдарды кабыл алабыз. Кенже балдар бала бакчадай тарбияланышат. Андан сырткары жети жаштан 14 жашка чейинки балдар күндүзгү эки сааттык сабактарга келип кетишет. Алар тил үйрөнүү сабактарынан сырткары ораторлук чеберчиликке, лидерликке, ыктыярчылыкка үйрөнүшөт. Социалдык борбор болгонубуздан кийин бизде төлөм аябай арзан. Ай сайын символикалуу  2000 сом төлөшөт. Тапканыбыз тарбиячыларга, тамак ашка, коммуналдык төлөмдөргө араң жетет.

 Кейиштүү нерсе биздин мигранттар балдарынын келечегин миграцияда көрүп жатканы. Алар алыскы келечегин да миграция менен байланыштырат. Ата-энелер балдарын кадимкидей эмгек миграцияга даярдашат. Мектепти бүткөн бала ЖРТдан өтпөй калдыбы, дароо эле ойлонбостон Орусияга жиберип коюшат. Мына ушундан улам ата-энелер, балдарды карап калган чоң-ата, чоң энелер менен тез-тез жолугушуларды, телефондон сүйлөшүүлөрдү өткөрүп турабыз. Миграция сабактарынын эң башкы максаты мигарцияга балдарды даярдабай, башка мүмкүнчүлүктөрдү тапканга көмөк көрсөтүү. Балдарга китеп окуп беребиз. Алардын үйдөн да китеп окуткула деп ата-апаларды кыйнайбыз. Алар капа болушат. Кайра-кайра айта беребиз

деп түшүндүргөн жетекчи Гүлнара Дербишева мага балдар борборуна байланыштуу келечек пландары менен да бөлүштү. Алардын бири өспүрүмдөр үчүн коворкинг ачуу. Ал жерде балдар үчүн лидерликке, дебатка даяроо, критикалык ой жүгүртүү, IT сыяктуу багыттарда билимдерин тереңдетүү мүмкүнчүлүктөрү жана китепкана түзүлмөкчү.