Аялдар менен балдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө ким салым жасап жатат?

2020-ж., 29-December

Ак-Мөөр Жанболотова, жарандык активист, Кыргызстандагы алимент боюнча мыйзам долбоорун жайылтуучу аялдар коомчулугунун түзүүчүсү, гендердик зордук-зомбулукка каршы 16 күндүк жигердүү өнөктүктү колдоп, кызгылт сары жоолук тагынды. Сүрөт: Дмитрий Мотинов / Кыргыз Республикасындагы БУУӨП

2020-жылдын август айында аялдар менен балдардын алимент өндүрүү укугун кеңейтүү максатында Кыргызстанда Алимент өндүрүү жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөр  кабыл алынды. Республикада 2018-жылы алимент төлөөдөн качкан 40 миңден ашуун адам катталган.

Өзгөртүүлөр кабыл алынгандан кийин, мыйзам алкагында энелердин жана балдардын алимент төлөмдөргө жеткиликтүүлүгү кыйла кеңейтилет, алиментти туруктуу төлөбөгөн карасанатайлык карызкорлорго карата жаңы жана катаал чаралар көрүлөт. Мыйзамдын долбоору жарандык активисттер жана юристтер менен тыгыз кызматташтыкта ​​аялдарга жана кыздарга карата зомбулукту четтетүүгө багытталган БУУнун жана ЕБнин биргелешкен “Жарык нуру” кызматташуу демилгесинин алкагында иштелип чыккан.

Бул демилгенин көтөрүп чыгышкан эки аял - Ак-Мөөр Жанболотова жарандык активист жана Надежда Пригода, үй-бүлөлүк маселелер боюнча жактооочу.

Төмөндөн жогору карай: Жеке тажрыйба күч бергенде

2015-жылы Ак-Мөөр Жанболотова аталыкты аныктоо жана алиментти өндүрүү боюнча сотко кайрылган. Бирок, мыйзамдардагы ажырымдардан жана сот тутумундагы карама-каршылыктардан улам процесс 4 жылга созулуп кеткен. Ак-Мөөр акыйкаттык үчүн күрөшүп жүрүп, ушундай эле абалга туш болушкан жана өзү сыяктуу алименттик төлөмдөрдү алууга аракет кылып жүрүшкөн көптөгөн аялдар менен таанышкан.

«Колдонулуп жаткан мыйзамдардагы чоң ажырым алимент төлөөдөн качкан адамдардга карата чара көрүүчү рычагдарынын жоктугу. Сотто аялдар жеңишке жетишкен күндө дагы, алардын көпчүлүгү алиметтик төлөмдөрдү алышпайт, анткени алимент төлөбөй жүргөн адам мамлекетке айып пул төлөйт да ошол менен бүттү», - дейт Ак-Мөөр Жанболотова.

Ак-Мөөр Жанболотова аялдардын жана балдардын укуктарын жергиликтүү ЖМКларда көтөрүп, акыйкаттык үчүн күрөшөт. Сүрөт: Sputnik Кыргызстан

Ак-Мөөр жооп иретинде 800дөн ашуун жалгыз бой энелерден турган жамаатты чогултуп, Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодексине өзгөртүү киргизүү боюнча Жогорку Кеңештин депутаттары менен сүйлөшүүлөрдү уюштурду. Ак-Мөөр сот тутумунун ичинде иштөөнүн маанилүүлүгүн жана мыйзамдар  жаңыланып, иштеп турушун түшүнгөндүгүн айтат, бирок мыйзамдын акыркы долбооруна бардык каалаган өзгөртүүлөр киргизилбегендигин, мисалы, алимент төлөбөй жүргөн карызкорлордун ата-энелик укуктарын алып салуу жөнүндөгү толуктоо киргизилбегендигин кошумчалады.

«Менин доо арызым шаардык сотто эч кандай себепсиз канаттандырылбай калды. Соттор менин ишимди чексиз башка сотторго өткөрүп берип жатып, натыйжада, ал үч чоң иш болуп калды (күлүп). Көптөгөн энелер узак убакытка чейин өз укуктарын коргоп, бир топ сот процесстеринен өтүшөт. Алар эми алимент алуу укугу үчүн күрөшпөйт, бирок ата-энелик укуктан ажыратууну көздөшөт, анткени алар экинчи ата-энесинин макулдугусуз балдары менен өлкөдөн чыгып кете алышпайт. Депутаттар дал ушул өзгөртүүнү кабыл алышкан жок», - дейт ал.

Үй-бүлөлүк укуктар боюнча жактоочу жана Үй-бүлө кодексине өзгөртүү киргизүү боюнча жумушчу топтун эксперти- Надежда Пригода, ата-энелик укуктан ажыратуу өтө кылдат тема болгондуктан, толук камдуу кароону талап кылат деп кошумчалайт.

Мындан тышкары, Кыргыз Республикасында кылмыш-жаза мыйзамдарын гумандаштыруу процесси жүрүп жаткандыктан, алимент төлөбөгөндүгү үчүн эркиндигинен ажыратуу өкүмүн чыгаруу бул процесстерге туура келбей калат. Ошого байланыштуу Надежда алимент өндүрүү үчүн шарттарды түзүү зарыл деп эсептейт.

«Жаңы өзгөртүүлөрдө алимент төлөбөгөндөргө жазанын дагы бир түрү каралган - сот аткаруучу эми соттун чечимдери аткарылбаса, карызкордун чет өлкөгө чыгуусуна тыюу салууга милдеттүү. Алимент үч айдан ашык төлөнбөгөн учурда жобо күчүнө кирет”, - дейт Пригода. Сүрөт: Дмитрий Мотинов / Кыргыз Республикасындагы БУУӨП

"Эне менен баланын кызыкчылыгын коргоого багытталган мыйзамдык чаралардын комплекси"

«Мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө кошулган аялдардын эбегейсиз колдоосун жогору баалайм», - дейт Ак-Мөөр Жанболотова. Ак-Мөөр бул кыймылдын башка мүчөлөрү менен бирге депутаттар менен жолугушууларга жана Үй-бүлө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча коомдук талкууларга катышкан.

Талкуулардын натыйжасында, өзгөртүүлөр "алимент төлөөдөн кара ниеттик менен баш тартуу" - алимент төлөө боюнча милдеттенмелерди системалуу түрдө аткарбоо сыяктуу түшүнүктү конкреттештирди. Так аныктама соттун чечими менен "карасанатай карызкорлорду" ата-энелик укуктарынан чектөөгө же ажыратууга, башкача айтканда, аларды үй-бүлөлүк мыйзамга ылайык жоопко тартууга мүмкүндүк берет, ал эми таш боор ата-эне алимент төлөөгө аргасыз болот

Балдарга жөлөк пулдун минималдуу өлчөмү дагы өзгөртүүлөрдө белгиленди. Мурда ата-эненин эмгек акысынан же кирешесинен төлөнгөн сумма төмөнкүдөй эсептелген: 1 балага = ата-эненин айлык эмгек акысынын же кирешесинин 1/4 бөлүгү. Мыйзам 2020-жылдын сентябрь айында күчүнө киргендиктен, балага төлөнө турган минималдуу төлөм айына 1854 сомдон (болжол менен 21,84 АКШ доллары) кем болбойт.

Надежда Пригода, 20 жылдык тажрыйбасы бар үй-бүлөлүк укук боюнча жактоочу, Кыргыз-Орус Славян университетинин Жарандык укук жана процесс кафедрасынын доценти, юридика илимдеринин кандидаты, жыйырмага жакын юридикалык жана гендердик экспертөө боюнча мыйзам долбоорлорунун автору. Сүрөт: Дмитрий Мотинов / Кыргыз Республикасындагы БУУӨП

«Албетте, бул көп деле акча эмес. Бирок, бала айына 300 сом алган учурга салыштырмалуу, бул чоң колдоо болду», - деп белгилейт Надежда.

Мындан тышкары, эми мыйзам соттун чечиминин негизинде баланын жатакана төлөмү жана дарылануу чыгымдары үчүн эки ата-эне тең жооптуу экендигин камсыз кылат. Алимент төлөбөгөндөрдүн 92% эркек кишилер болгондуктан, өзгөртүү жалгыз бой энелердин жана балдардын экономикалык абалын жакшыртат, дешет жарандык активисттер.

«Бирок, 2021-жылы дагы бир нече өзгөртүүлөрдү киргизишибиз керек», - дейт Надежда Пригода. «Жаңы мыйзам ченемдерин ишке ашырууга байланыштуу, дагы деле сот тутумуна интеграцияланышы керек болгон кыйла татаал укуктук механизмдер талап кылынат».

Ак-Мөөр аялдар кыймылынын күчүн жана потенциалын түшүнүп, аялдардын тилектештигин чыңдоо ишин улантып келет. Учурда ал SMM8 тобун жана аялдарды онлайн сатуу, маркетинг жана башка жөндөмдөрдү үйрөтүүчү Апа, сен жалгыз эмессиң кыймылын жетектейт.

«Биздин кызыкчылыктарыбызды мамлекеттик деңгээлде алдыга жылдыруу үчүн бизге күчтүү аялдар коомчулугу керек. Биз дагы адилеттүү мыйзамдарды талап кылган коомду курууга жөндөмдүүбүз деп эсептейм», - дейт Ак-Мөөр.

Ак-Мөөр Жанболотова #АПАСЕНЖАЛГЫЗЭМЕССИҢ кыймылын жететектейт.

Надежда Пригода, 20 жылдык тажрыйбасы бар үй-бүлөлүк укук боюнча жактоочу, Кыргыз-Орус Славян университетинин Жарандык укук жана процесс кафедрасынын доценти, юридика илимдеринин кандидаты, жыйырмага жакын юридикалык жана гендердик экспертөө боюнча мыйзам долбоорлорунун автору

Макаланы БУУӨПнын (БУУнун Өнүктүрүү Программасынын) Коомчулук менен байланышуу боюнча жардамчысы жана БУУ менен ЕБнин биргелешкен “Теӊдик нуру” демилгесинин байланыш адиси Чынтемир Калбаев даярдады.