Үнөмдүү жылытууга өткөн ФАП

2021-ж., 11-January

Фельдшер Канзада Атазова пациентти текшерип жатат. Фото: БУУӨП Кыргызстан.

Кыргызстанда COVID-19 илдетин жуктуруп алгандардын саны өсүп абал кайрадан курчуган маалда элет эли эмне менен алек? Баткендеги Жинжиген айыл тургундары өз алдынча оорудан коргонуп жаткан экен.  Түйшүктүн баарын эки медайым эмгектенген кичинекей ФАП аткарат.

Тыпыйган фельдшердик акушердик пункт Жинжиген айылынын чак орто ченинде орун алыптыр. Журналисттер барганда фельдшер Канзада Атазова айылдын келиндерин текшерип жаткан экен:

- Кан басымың кечээ 100/60 болгон экен, бүгүн 90/60 болуп калыптыр. Врач жазып берген дарыларды ичип жатасыңбы? 

- Ооба. Токсикоз бир аз кайтты. Кыйналбай калдым - деп жооп берип жаткан 28 жаштагы Жумагүл Жоробекова төрт баланын энеси.

Жаңы имарат ачылгандан бери ал ФАПка дээрлик күн сайын каттап калыптыр.

- Мурда айылдын эң башында бузулган имаратта эле.  Эч кандай шарттары жок болчу. Ал мезгилде фельдшер үймө-үй кыдырып текшерип кетчү. Азыр болсо мындай жылуу, таза, жарык бөлмөлөрдө кабыл алышат. – дейт мактануу менен Жумагүл Жоробекова.

Ошондо гана жаш энелер ФАПтын ичинде бут кийимсиз эле басып жүргөнүн байкадым.

Былтыркы кышта бир нече электр жылыткычтарын сайып кыйынчылык көргөн медпункт үчүн быйылкы чилде жеңил өтчүдөй:

- Бизге быйыл Улуттар уюмунун өнүктүрүү программасынын  “Энегияга жетүүдө кичи жана орто ишкерликти колдоо” долбоорунун жана ОПЕК Фондунун колдоосу менен аба аркылуу жылуулук берүү насостору орнотулду. Бул жылуулук системасы электр энегиясын аз камсыздаганы менен бөлмөлөрдү кыска убакытта керектүү температура менен камсыз кыла алат экен. - дейт фельдшер Канзада Атазова ФАПка экскурс жасап жатып.

Имарат төрт бөлмөдөн турат. Жылуулук берген аба коллекторлору ар бир бөлмөгө орнотулган.

Канзада Атазова: - Бул жөнөкөй электр жылыткычтардан айырмаланып, кыйла эффективдүү экен. Gree U-Crown - A+ классындагы сплит-системасы “муздатуу” режиминде турганда энергоэффективдүүлүк коэффициенти 7,5, “жылытуу” режиминде 5,1 жетет. Бул дегенибиз система электрди колдонууда жети жарым эсе көп жылуулук берет. Үнсүз моделдери -30 болгон экстремалдуу аяздуу күндөрү саналуу мүнөттө бөлмөнү жылыта алат. Салыштыруу үчүн, кадимки кышкы кондиционерлер -15...-20°С чейин жылытуу режими иштей алат. Бул жаңы технология, кайра жаралуучу энергия булактарына кирет. Эми мындан ары башка ишканалар да бул системага кызыкдар болушу мүмкүн. Кадимки электр жылыткычтар иштеткен жарыктын акысы менен салыштырганда кыйла айырма чыгышы мүмкүн.

Короосунда чакан гүл бакчасы бар жаңы курулган имарат төрт бөлмөдөн турат. Бирөөсүн коронавирус же өпкөсү кагылган (пневмония) бейтаптар эгер дем алуусу оорлоп калса жаткырганга даярдап коюшуптур. Жасалма дем алдыруу үчүн кычкылтек баллонун айыл тургундары өзүлөрү жасап беришкен.

Канзада Атазова: - Эл өзү эле уюшуп даярдап беришти. Орусияда иштеген айылдаштар бул чоң кычкылтек баллонун жасап, орнотуп беришти. Ордунан жылбайт. Ал эми түрк лицейин бүтүргөн балдар болсо портативдик кычкылтек концентраторун сатып беришти. Аны менен биз дем алуусу кыйындаган бейтаптардын үйүнө барып эле коюп берип жатабыз.  

Негизинен эл дыйканчылык жана соода сатык менен алектенгенин айткан айыл башчы Икрам Жумабаев медайымдардан кем калбаган анти-ковид агитатор экен.

Элдин топтолгон жерине бара калып коопсуздук эржелерин эскерте берүү илдеттин жайылуусун токтотуунун жалгыз жолу дейт айыл башчы: - Катуу, катуу эле айта берип эл кыйла тушүнүп калгандай. “Барба!” деген жакка барбай, “кылба!” деген нерсени кылбай эле калды. Азыр мына окуу ачылып балдар мектепке барып жатышат. Алар да коопсуздук эрежелерин сактап жатышат. 

Пандемия айылга стационар зарыл экенин көрсөттү дейт Икрам Жумабаев. Абалы чукул убакта оорлоп кеткен бейтаптарды шаарга жеткирүү жана аны жайгаштыруу түйшүгү менен жүрүп айылдыктар алтын убакытын жоготуп коёру шексиз.

Икрам Жумабаев: - Буюрса кийинки кадам жаңы жылдан кийин ФАПка 6-8 койкалуу стационар да кылып ачып алсак деп жатабыз. Оор абалдагы бейтапты шаарга алып барганча убакыт кетип калып жатканын башыбыздан өткөрдүк. Айылда бейтап жата турган жай болушу зарыл экен. 

Айылдын жалгыз фельдшери Канзада Атазова учурда пунктка дары-дармек сактоо, сатуу уруксатын алуу жана таза суу менен камсыз кылуу боюнча иштер менен алектенип жатканын айтат: - ФАПта дары сатканга ураксат эмес. Азыр мен ошону менен убара болуп жатам. Дарыдан аябай кыйналдык. Бейтаптардын жакындары түн ичинде шаарга барып келишет даары издеп.  

Жинжиген айылынын дагы бир тургуну 60 жаштагы Кантайым Имарова жолдошу экөө жалгыз жашайт. Ал уул кыздары айылда шарт болбогондуктан Бишкекке жана Орусияга кетип калганын айтат:

- Бизде азыр бала бакча №1 маселе болуп турат. Мен жакында эле Бишкектен небееримди алып келсем “бул жакта балак бакчаңар, парк, ойноочу жерлер жок экен” деп кайра кетип калды. Чалым экөөбуз аябай жаман болуп калып калдык. Арга жок экен. Ошон үчүн бул жакта бала бакча керек, жаштар үчүн спорт залдар керек – дейт айыл тургуну Кантайым апа.

1200 жашоочусу бар Жинжиген айылы Кызыл-Кыя шаарынан 7 чакырым алыста эски иштебей калган көмүр шахтыларга катарлаш тоо этегинде орун алган. Айылда социалдык объектилерден бир толук эмес орто мектеп жана ФАП гана бар.