Заманбап технологиялар улгайгандарга жана ДМЧАга жардамга келүүдө

2020-ж., 2-December

Нижне-Серафимовкадагы карылар жана ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн үй-интернаты. Фото: БУУӨП Кыргызстан

Өлкөбүздүн көпчүлүк жашоочулары үчүн «жашыл» технологиялар – келечекке болгон кыялдар гана, ал эми Нижне-Серафимовкадагы карылар жана ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга арналган социалдык стационардык  мекеменин жашоочулары үчүн – бүгүнкү реалдуулук.  Альтернативалуу энергетика бул жерде күн сайын пайдаланылат, тактап айтканда, кечкисин адамдарга жарык жана ыңгайлуулук берет.

Нижне-Серафимовкадагы карылар жана ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн үй-интернатын республиканын борбор калаасынан бир сааттык гана жол бөлүп турат. Мекеме Кыргызстан үчүн мүнөздүү болгон айыл жергесинде – бийик тоолордун фонундагы мейкин талаалардын ортосунда – орун алган.

Үй-интернаттын кире беришинде дарбазасы бар көзөмөл-өткөрүү пункту жайгашкан. Өткөн кылымдын 70-жылдарында курулган төрт кабаттуу корпус тилкенин тереңинде бактардын артында «жашынган». Ага жаш отургузулган бак аркылуу өткөн таманташ төшөлгөн жол алып барат.  

Мекеменин директору Бактыбек Жунушевдин айтуусунда, жаңы отургузулган бактар бул жерде 2017-жылы пайда болгон. БУУнун Айыл чарба уюмунун (ФАО) алкагында мөмө бактарынын бир жарым миң көчөтү отургузулган.  Директордун айтуусунда, буга чейин интернаттын жанындагы жер тилкеси көп убакыт бою бош турган.

-Мурда бул жерде мал жайышчу. Биз алма, алмурут, абрикос жана гилас бактарын отургуздук. Алардан алынган аз-маз түшүм чоң апалар менен чоң аталардын столдоруна коюлат. Бактар кадимкидей чоңоюп, көбүрөөк мөмө бере баштаганда, интернаттын чыгымдарын жабуу үчүн өнүмдөрдү сатууну жолго коёбуз, - дейт ал. 

Директор тактап өткөндөй, азыр мекемеде 18 жаштан 95 жашка чейинки 313 адам жашайт.  Үй-интернатына жумшалчу каржынын негизги бөлүгүн мамлекет өз мойнуна алган. Бюджеттен бөлүнгөн акчалар бул жердин жашоочуларынын тамак-ашына, медициналык кызмат көрсөтүүлөр менен, анын ичинде стоматологиялык  кызматтар да бар, камсыз кылууга жетет, - деп түшүндүрдү директор.

- Чарбалык жагынан бир аз кыйыныраак. Ырас, кээде бизге туруктуу меценаттарыбыз жардам беришет – оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүшөт, сынып калган сантехниканы алмаштырып беришет.  Турмушта жакшы адамдардын бар экени сүйүнтөт. Андан сырткары, биз эл аралык донордук уюмдар менен иштейбиз. Ар түрдүү долбоорлордун алкагында үй-интернатына кошумча киреше алып келгенге аракетенебиз. Бактарды көрдүңүздөр. Алардан тышкары, биздин аймагыбызда көлмө чарбасы  бар, ал да долбоорлордун биринин алкагында уюштурулган, - деп белгилейт Б.Жунушев.

 Башкы корпуска келдик. Ири курулуш советтик типтеги пансионаттардай турак корпустарынан, ооруканадан, окуу залынан жана административдик имраттан турат. Сыртынан караганда, корпус эскидей туюлат, бирок терезелердеги айнекпакеттер бул жерде кандайдыр бир өркүндөөлөр болуп жатканынан кабар берет.  

Имаратты тегерете прожекторлор коюлган, ал эми ички жолдорду бойлото жаңы фонарлар орнотулган. Ушунун баары чын эле иштейби?

-  ООба, түнкүсүн бул жерде кооз: күндүзгүдөй жапжарык болот. Эң башкысы – үй-интернатынын бүт аймагы – бизде фонарлар бакта да турат – үчүн жарыкка бир тыйын да төлөбөйбүз, - дейт директор Бактыбек Жунушев.

Жарык берүү системасы – интернаттын жеткчилигинин өзгөчө сыймыгы.  

- Менимче, райондо бул максатта күн энергиясын биз эле колдонот болушубуз керек. Жүрүңүз, баарын көрсөтүп берейин, - деген чакыруусун айтуу менен, директор үй-интернаттын чыгыш тарабын көздөй ишенимдүү түрдө бет алды.

Бул жерде да бак бар, ооба,  эски бак, аны жаңылоону жаңы гана пландап жатышыптар. Куурап бараткан бактардын ортосунда ачык аянт орун алган. Анда темир торчо тосмолордун ары жагында  катары менен күн батареялары турат. Алардын күңүрт панелдери күндөн болушунча көп энергия топтоого ылайыкташтырылып бурулган экен. Күндөн алынган жарык жана жылуулук аккумуляторлого топтолуучу электр энергиясына айландырылат.  

Аккумулятордук элементтер орун алган бөлмө башкы имараттын ооруканалык капталында, биринчи кабатта жайгашкан. Ал жакка бара жатып, үй-интернаттын жашоочуларынын бирин кезиктирдик.  

Сергей Касьяновдун буттары ампутациялангандыктан, имараттын ичинде кресло-коляска менен жүрөт. Журналисттер менен сүйлөшүп жатканын билгенде, ал Нижне-Серафимовкага кандайча туш болуп калганы жана бул жерде кандай жашап жатканы тууралуу айтып берди.

- Аялым өлгөндөн кийин бутум баспай калды. Болжолу, кан тамырлар нервге байланыштуу ичкерип кеткен окшойт, гангрена башталды. Бул жакка ошентип туш болуп калдым. Бул жерде жакшы эле – тамакты де жакшы беришет, дайыма карап турушат. Оюн-зооктор да болуп турат. Бизге концерт коюп артисттер келип турушчу. Ырас, азыр карантиден улам көңүл ачуусуз эле жашоого туура келүүдө, - дейт ал. 

Аккумулятордук бөлмөгө да келдик. Анча чоң эмес, таза акталган жайда тирөөч орнотулуп, ага энергия топтогучтар бекитилген. Дубалда электр түйүнүн башкаруу щити орнотулган – жалаң эле реле жана рычагдар.

- Абдан ыңгайлуу система. Өзүңөр деле көрсөңөр, бүт бардыгы жарык кечкисин автоматтык түрдө күйгүдөй болуп түзүлгөн. Эртең менен, күн чыкканда жарык өзү эле өчөт, - деп түшүндүрдү көздөрү күлүңдөгөн директор. COVID-19 пандемиясынын шарттары талап кылгандай, анын жүзүнүн жарымы беткап менен жабылган, бул көрүнүш азыркы учурдун белгисине айланганы баарыбызга белгилүү.

Бактыбек Жунушев Нижне-Серафимовкадагы карылар жана майыптар үй-интернатында күн батареялары менен аккумуляторлору кантип пайда болгонун эргүү менен баяндап берди.

- 2013-жылы  ПРООНдун долбоорунун алкагында биздин мекеменин алдында иштеген ФАП үчүн күн энергиясына негизделген автономдук электркамсыздоону орнотуу чечими кабыл алынган. Электркамсыздоо түйүндөн өчкөн кезде,  түрдүү медициналык түзүлүштөр  үзгүлтүксүз иштеши үчүн бул жабдуу кошулчу, - дейт  Жунушев.

Аккумуляторлор бир нече жыл иштеп, жарамдуулук мөөнөттөрү бүткөн соң, белгилүү бир убакыт жөн эле турган.

- Биз кайрадан ПРООНго кайрылдык. Ал учурда ФАП иштебей калган, бирок мекеменин өзүнүн муктаждыктары бар болчу. Аларды күн батареялары жана аккумуляторлор системасынын эсебинен канааттандырууга болот эле.  Натыйжада, 2018-жылы ПРООН – OFIDдин «ЧОИнын энергияга жетктиликтүүлүгү боюнча өнүктүрүү долбоорунун» алкагында  бул жабдууларга жаңы жашоо беришти.  Электрөткөргүчтөрдү жана аккумуляторлордун сыйымдуулугун модернизациялоо жолу аркылуу күн фотоэлектрдик системасын толугу менен калыбына келтирип беришти, - дейт үй-интернатынын директору. 

Долбоор ПРООНдун «Жашыл айылдар» демилгесинин тажрыйбасына негизделгенин белгилей кетишибиз керек, демилге Кыргызстан менен Тажикстанда акыркы беш жылдан бери ишке ашырылып жатат.  Долбооордун негизги милдети болуп энергоресурстарга жетүүнү кеңейтүү жана  КРнын энергетикалык жакырчылыкка туш болуп жаткан айыл тургундарына ишенимдүү, жеткиликтүү жана туруктуу энеретикалык өнүмдөр менен кызматтарды жеткирүү  эсептелет.

Бул долбоордун натыйжасында, энергиянын альтернативалуу булактары үй-интернатынын бардык жашоочулары үчүн ыңгайлуулукту жана коопсуздукту камсыз кылууга шарт түзөт.  

Албетте, бул жерде жашагандын баары эле сейилдөөгө чыгуу мүмкүнчүлүгүнө ээ эмес. Айрымдар толугу менен шал болуп калган, кээ бирөөлөрү жаш-курагына байланыштуу променаддан ырахат алууга алы келбейт. Бирок кечки тамакты ичкенден кийин имаратты бир-эки айланууну убакытты жагымдуу жана пайдалуу өткөрүүнүн жолу деп эсептегендер да  бар.  Алсак, Александр Приходько инсульттан кийин өзүнө келген күндөн тартып үй-интернаттын аймагын коляска менен кыдырып чыгуу мүмкүнчүлүгүн колдон чыгаргысы келбейт. 

- Азыр жакшы. Сыртка чыксаң, күндүзгүдөй жарык – жыргал. Албетте, суук түшүп калды, Бирок Катька экөөбүз кандай болбосун бир да күндү коё бергибиз келбейт. Өзүңдү формада кармоо зарыл – дейт  Александар сейилдердеги ишенимдүү жолдошу болгон мышыгы Катьканы жонунан сылап.

Эмне демекчибиз, Нижне-Серафимовкадагы үй-интернат «ЧОИнын энергияга жеткиликтүүлүгү боюнча өнүктүрүү долбоорунун» идеалдуу бенефициарына айланыптыр. Карылар жана майыптар үйү мамлекеттен туруктуу каржылоо алганы менен, демөөрчүлөр жана меценаттар тарабынан колдоого алынып турганы менен, бул каражаттар  мекеменин жашоочуларынын негизги муктаждык-керектөөлөрүн гана канааттандырууга жетерин моюнга алуу зарыл. Үй-интернаттын айлана-тегерегин жарыктандыруу үчүн акы төлөөгө туура келсе, жетекчилик бул чыгымдарды болушунча кыскартууга аргасыз болмок. Бул болсо аталган социалдык мекеменин жок дегенде бир жашоочусунун турмушу бир топ караңгы болушуна алып келмек.