Ысык-Көлдө айыл мектебинде гелиотүзүлүш иштей баштады

2020-ж., 7-December

Догдуров атындагы мектебинде окуучу колун жууп жатат. Фото: БУУӨП Кыргызстан.

Күн коллекторлору – энергияны топтоонун эң заманбап жана экологиялык ыкмаларынын бири, аны  суу ысытуу жана имараттарды жылытуу үчүн колдонууга болот. Ушундай түзүлүш бүгүнкү күндө Ысык-Көл областынын Тоң районуна караштуу Эшперов айылындагы  мектепте иштетилип жатат.

Эшперов – Ысык-Көл областындагы Тоң районунун чыгыш тарабында жайгашкан анча чоң эмес айыл. Калктуу пунктта 450гө жакын үй-бүлө жашап, маданият үйү жана Муканбет Дөгдүров атындагы жалпы билим берүүчү мектеп бар.

Окуу жылы ортолоп калганына карабастан, окуу жайынын короосу адаттагыдан башкача ээн жана тыптынч. Окуучулардын жоктугуна оңой эле түшүндүрмө берүүгө болот: коронавирус инфекциясынын пандемиясы учурунда республиканын бийлиги кабыл алган иш-чараларга байланыштуу, офлайн сабактарга биринчи класстын окуучулары менен бүтүрүүчү класстын окуучулары гана катышууда.  

Талантбек Абышов мектеп директору болуп төрт жылдан ашуун мезгилден бери иштеп келе жатат, ал эми бул жерде иштегенине 29 жыл болду. Ал азыр имараттын 2-кабатындагы кабинетинде – райондогу башка мектептердин  директорлору менен бирге офлайн-кеңешмеге катышып жатат. 

Бир нече мүнөттөн соң  zoom-конференция аяктап,  Абышов өзүнүн карамагындагы окуу жайы боюнча экскурсияны канааттануу менен уюштуруп берди. Анын айтуусунда, азыркы тапта мектепте 470 гана бала окуйт жана бардык класстарды комплектилөө үчүн окуучулардын мындай саны жетишерлик.

- Биздин  мыкты окуучуларыбыз жана эң сонун жамаатыбыз бар. Мектепте 30 мугалим жана техникалык персоналды түзгөн 15 адам иштейт. Булардын бардыгынын максаты – окуу жайыбызды бардык жагынан мыкты кылууга аракеттенүү, - деп белгиледи ал.

Байкашыбызга караганда, Эшперов орто мектебинин жамааты алдыга коюлган максатка жете алчудай экен. Окуу жайдын аймагы толугу менен тосмолонгон, имараттын сырты таза акталып-сырдалган, ичи да иретке келтирилген.  Мектепти мамлекеттик бюджеттен бөлүнгөн субсидиялар жана  дем берүүчү гранттардын эсебинен гана мындай жакшы абалда  кармап туруу кыйын экени  түшүнүктүү.

- Биз мектепти апгрейд жүргүзүү үчүн болгон мүмкүнчүлүктөрдү издөөнү эреже катары тутунуп калдык. Гранттык программаларды такай мониторингдеп, өтүнүчтөрдү беребиз, өнүктүрүү боюнча бардык долбоорлорго катышканга аракет кылабыз, - дейт директор.  

Мындай ири программалардын экөө дал ушул тапта окуу жайда ишке ашырылып жатат. Имараттын сабактар өтүлбөгөн бөлүгүндө жылытуу системасын толук реконструкциялоо боюнча иштер башталыптыр. Бул иштер дем берүүчү гранттын каражаттарынын жана «Кумтор Голд компанинин» демөөрчүлүк жардамынын эсебинен каржыланууда.

- Негизги имарттын ары жагында, батыш тарабында чоң күнөскана куруп баштадык. Долбоор ПРООНдун жана  «Кыргыз Республикасындагы Гуд Нейборс Интернешнл» эл аралык бейөкмөт уюмунун колдоосу астында ишке ашырылып жатат. Күнөсканада өстүрүлгөн жашылчалар окуучулардын тамагына берилет. Биз мектебибизди жабдууну өркүндөтүү, аны окуучулар жана мугалимдер үчүн ыңгайлуу кылуу үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланабыз, - деп баса белгиледи  Талантбек Абышов.

Мындан  сырткары, күз башталгандан бери бул жерде күн энергиясын топтоо жана кайра өзгөртүү боюнча инновациялык технология иштей баштаган. Жөнөкөйлөтүп айтканда, мектепте  күн коллектору орнотулуп, ал 500 литр сууну ысытуу үчүн колдонулат.  

- Бул –  энергиянын кайра калыбына  келүүчү булактарын пайдаланууга байланышкан алгачкы тажрыйбабыз. Март айында ПРООН-OFIDдин «ЧОИнын энергияга жетктиликтүүлүгү боюнча өнүктүрүү»  долбооруна катышып көрүүнү чечтик. Өтүнүч жазып, биринчи турдан өттүк. Кийинчерээк биз экинчи турга катыша аларыбызды кабарлаган кат келди. Кайрадан өтүнүч жөнөтүп, утуп алдык. Мен муну укканда, жаш баладай сүйүндүм, - деп эскерет директор.

Талантбек Абышов айтып жаткан долбоор ПРООНдун акыркы беш жылда Кыргызстанда жана Тажикстанда ишке ашырылып жаткан «Жашыл айылдар» демилгесинин тажрыйбасына негизделген. Долбоордун максаты – инверстицияларды кайра кайтаруу тобокелчилигин азайтуу жолу аркылуу энергияга жеткиликтүүлүктү жакшыртуучу өнүмдөрдү жана кызматтарды жеткирүүнү кеңейтүү боюнча бардыгын кучагына алган стратегияны улантуу.  

Долбоордун башкы милдетин жеке секторго багыт алган масштабдоочу бизнес-моделдерди өнүктүрүү жана аларды ишке киргизүү үчүн инвестицияларды издөө аркылуу энергоресурстарга жетүүнү кеңейтүү, КРнын энергетикалык жакырчылыкка дуушар болуп жаткан айыл калкына  ишенимдүү, жеткиликтүү жана туруктуу энергетикалык өнүмдөр менен кызматтарды берүү түзөт.

- COVID-19дан улам киргизилген карантинге байланыштуу долбоорду ишке ашыруу бир аз кечеңдеп калды. Бирок биз жаңы окуу жылы башталганга чейин бардыгын жасап үлгүрдүк. Долбоордун адистери бизге августтун аягында келип, коллектордун өзүн, анын жабдууларын жана суу үчүн резервуарды орнотуп беришти. Бул жумуштардын баарына бир жумадай убакыт кетти, - деди Абышов.

Күн системасынын заманбап коллекторлору (гелиотүзүлүш) Эшперов мектебинин чатырына орнотулган. Түзүлүш вакуумдук үч коллектордон, алардын ар бири болсо вакуумдук 20 түтүктөн турат. Ар бир түтүктүн ичинде жылуулук өткөрүүчү материалдан жасалып, ичинде оңой бууланып кетүүчү суюктугу бар  жылуулук түтүкчөсү орун алган. Күн нурунун жылуулугунун таасири менен суюктук түтүктүн төмөнкү бөлүгүндө бууланат да, жылуулукту тартып алат. Буу түтүкчөнүн жогорку бөлүгүнө көтөрүлүп, конденсацияланып, жылуулук жезден жасалган жутуп алгыч аркылуу жылуулукту алып жүргүчкө – пропиленгликолго –  берилет.   Оңой бууланып кетүүчү суюктуктун конденсаты ылдый карай агат да, баары кайра кайталанат. Жылуулукту алып жүргүч  түтүктөр боюнча айланып, жылуулукту жылуулук алмаштыргыч аркылуу бак-аккумулятордогу сууга берет.  Күн системасынын ишинин натыйжалуулугу жылуулукту алып жүргүчкө канча энергия берилгенине көз каранды болот. 

Ысык-Көлдө мындай энергия жетишерлик эле. Кандай болсо да, Эшперов айылындагы орто мектептин гелиотүзүлүшү абдан жогорку ПАК менен иштеп жатат.

- Башында, баарын жаңы гана орноткондо, коллектордогу суунун температурасы Цельсий боюнча 120 градуска чейин жетип жатты. Окуучулар аз болгондуктан жана ысык суу дээрлик колдонулбагандыктан, ысытуу деңгээлин азайтууга жардам бере турган бир нерсе кылышыбыз керек болду, - дейт мектеп жетекчиси.

Жөнөкөй эле ыкма ойлоп таптык – коллектордун үстү жагынын бир бөлүгүн, же вакуумдук коллекторлорду кадимки эле кездеме, тюлдан жасалган эски терезе шторалары менен жаап койдук.  

- Адегенде үч коллектордун экөөсүн жаптык. Суунун температурасы азая түштү, бирок анда деле Цельсий боюнча 100 градустун тегерегинде, ысык эле болчу. Жыйынтыгында, коллектордун үстүн бүт бойдон жаап салууну чечтик, - деди  Абышов.

Бул өз натыйжасын берди: суу азыр 60 градуска чейин гана ысыйт.  Асмандын бетин сур булут каптаган бүркөк күндөрдө да ошондой эле ысыйт. Мектеп толук кандуу иштей баштаганда, коллекторду ачып койсо болот, анткени бир нече эсе көп сууну ысытуу керек болот да.  

Ысык суусу бар бак-аккумулятор мектептин ашканасында орнотулган. Ушул эле жерде күндүн жылуулук энергиясын топтоочу түзүлүштүн ишин көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берчү бардык аппаратура орун алган. Ысык суунун бир бөлүгү ашкананын кире беришиендеги фойеге орнотулган кол жуучу түтүктөргө берилет. Күндүн эсебинен ысыган суунун калган бөлүгү ашкананын муктаждыктары үчүн пайдаланылат.  

-  Бардык коомдук тамактануу  жайларындай эле, бизде да санитардык-гигиеналык талаптарды сактоо абдан маанилүү. Биз дайыма тазалыкты талапка ылайык деңгээлде кармоого аракеттенебиз. Азыр болсо бул бир топ эле жеңил болуп калды, - дейт Гүлниза Байгашкаева таза чүпүрөк менен  ашкана столунун хромдолгон ансыз деле таптаза бетин сүрүп жатып.

Ал Эшперов айылындагы мектепте ашпозчу болуп бир нече жылдан бери эмгектенет. Гүлниза – балдардын түшкү тамагына  даамдуу жана пайдалуу тамктарды даярдоого жооптуулардын бири. 

- Сабакка эки гана класс келген азыркы учурда деле ашкана иштеп жатат. Аларга ысык тамак даярдашпайт, бирок күн сайын жаңы бышырылган токоч жана ысык суусун – компот же кисель –  беришет. Кийинки жумадан тартып 5-жана 9-класстар да окууга келишет. Ошондо толук кандуу ысык тамак бере баштайбыз, - деп тактай кетти Гүлниза.  

Мектеп коридорунда кезектеги сабактын бүткөнүн билдирип, коңгуроо шыңгырады. Ашканынын фойесинде алгач биринчи класстын окуучулары пайда болуп, ынтымактуу катар менен кол жуугучтарга бет алышты. Балдар колдорун жакшылап жууп, абанын агымы астында кургатышты.  Мындай  гигиеналык  процедуралардан кийин гана ашкананын эшигин ачып, даярдалган столдорду көздөй жөнөштү.  

Окуу бөлүмүнүн башчысы  Эльмира Шекеева  балдардын иш-аракеттерине канааттануу менен көз салып,  муну белгилеп кетти:

- Коронавирустук инфекция жайылган учур үчүн ысык суу абдан маанилүү.  Биз балдарга гигиеналык эрежелерди   үйрөтүүгө болушунча  аракет кылып жатабыз, азыр мындай иштерди максималдуу түрдөгү ыңгайлуулук менен аткарууга шарт түзүлдү.

Көп өтпөй коридордо бүтүрүүчү класстын окуучулары пайда болду. Биринчи класстын окуучулары сыяктуу эле алар да ашканага кирерден мурун колдорун жакшылап жууп, кургатышты.  

- Албетте, ысык суу болгонуна баары ыраазы болуп жатышат. Бул сонун көрүнүш да: айыл жеринде эле окуйбуз, ал эми шарттар  борбор шаардагыдай, - деген оюн он биринчи класстын окуучусу Айгерим  Султанова билдирди.

Ошону менен катар ал «жашыл» технологияларды киргизүү Эшперов айылынын бардык эле жашоочулары үчүн пайдалуу  деп эсептейт.

- Бул – айыл коомчулугун өнүктүрүүнүн, аны бир кыйла заманбап жана прогрессивдүү кылуунун мыкты ыкмаларынын бири деп ойлойм. Бардык жерге инновацияларды киргизүүгө мүмкүнчүлүк берген долбоорлордун болгону кандай жакшы, - дейт окуучу кыз.