Майыптык темасын чагылдыруу боюнча окуу модулу

2020-ж., 20-November

Биз эч кимди артта калтырбайбыз!

Калктын аярлуу катмарынын укуктарын алдыга жылдыруу, илгерилетүү,  башкалардын катарында толук кандуу жашоосуна жана ишмердүүлүгүнө бардык шарттарды түзүү менен, биз баардыгы бактылуу боло алган толеранттуу, өзүн-өзү камсыз кылган, бай инклюзивдик коомду курабыз.

Окуу модулу Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин демилгеси боюнча БУУӨПтүн жана Финляндиянын Тышкы иштер министрлигинин “Кыргыз Республикасында укуктук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү үчүн туруктуу сот адилеттигине жетүү” долбоорунун колдоосу менен иштелип чыкты.

Онлайн окутуу модулу терс стереотиптерди жоюу, майыптыгы бар адамдарга карата коомдук пикирди өзгөртүү, физикалык, маалыматтык, социалдык жана психологиялык тоскоолдуктарды жоюу, ошону менен бирге баардыгы тең болгон жана ар бир адамдын укугу сакталган инклюзивдүү коомду түзүү максатында иштелип чыкты.

Майыптык темасын чагылдыруу боюнча онлайн-курс журналисттер, журналистика факультетинин студенттери, блогерлер жана башка кызыкдар тараптар үчүн иштелип чыккан.

Модуль БУУнун майыптыгы бар адамдардын укуктары жөнүндө Конвенциясынын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде иштелип чыккан. Курсту түзүүдө 2018-жылы жүргүзүлгөн “Майыптыгы бар адамдарга карата терс стереотиптер” изилдөөсүнүн  натыйжалары дагы колдонулду.

Майыптык темасын чагылдыруу боюнча окуу модулу 5 сабактан турат жана болжол менен 3-4 саатка эсептелген. Ар бир бөлүмдүн аягында алдын-ала тестирлөө сунушталат.

Бардык 5 сабак аяктагандан кийин, сизге акыркы тестти тапшыруу сунушталат. Тесттин жыйынтыгынын негизинде сиз “Майыптык темасын чагылдыруу боюнча онлайн окутуу курсун” ийгиликтүү аяктагандыгы жөнүндө сертификат аласыз. 100 баллдын  ичинен 80 балл алгандарга сертификат берилет. Эгерде сиз 80 баллдан аз алсаңыз, анда кайрадан онлайн курсту өтүп, билимиңизди бекемдеп, сертификатка ээ боло аласыз.

1-cабак. Майыптыгы бар адамдар – коомдун толук кандуу мүчөлөрү

2-cабак. Укуктар жана кепилдиктер

3-cабак. Жеткиликтүүлүк

4-cабак. Терс стереотиптер

5-cабак. Туура терминологияны колдонуңуз

Тренингди өтүп, сертификат алуу үчүн бул шилтемени басыңыз

Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги жана БУУӨПтүн долбоору окутуу модулун иштеп чыгууда эксперттик жардам көрсөткөндүгү үчүн журналист, КТРКнын Байкоочу кеңешинин мүчөсү Сыягүл Караманга, медиа-эксперт Марат Токоевге, “АРДИ” майыптыгы бар балдардын ата-энелери коомдук уюмунун юристи жана программалык менеджери Сейнеп Дыйканбаевага, юрист, “Майыптыгы бар адамдарга юридикалык жардам көрсөтүү” коомдук фондунун президенти Толкун Исаковго ыраазычылык билдирет.