Кыргызстандын психикалык саламаттыкты сактоо кызматынын 37 адистери COVID-19 курмандыктарына биринчи психологиялык жардам көрсөтүү боюнча жаңы билимге ээ болушту

2020-ж., 2-November

Психикалык саламаттык ден-соолуктун ажырагыс жана маанилүү бөлүгү болуп саналат. Дүйнөлүк Саламаттык Сактоо Уюмунун аныктамасына ылайык психикалык саламаттык бул - адам өзүнүн жөндөмдүүлүктөрүн ишке ашырып, жашоо стрессине туруштук бере алган, жемиштүү иштеп, башкаларга пайда алып келген абалды айтууга болот. Башкача айтканда, психикалык ден-соолук бул – ийгиликтин негизи жана адам өзүнүн ички дүйнөсү менен бирге гармонияда болуу.

Бирок, бүгүнкү күндө, пандемияга байланыштуу өзгөчө кырдаал учурунда биз баардык жерлерде адамдардын кыжырдануусун, агрессиясын, тынчсыздануусун жана жакындарын жоготуудан пайда болгон кайгыруусун, белгисиздик жана келечек үчүн коркунучту байкайбыз. Бул белгилер адамдын ички гармониясынын жоголушун, психикалык абалдын чайкалгандыгын билгизет. Республикалык психикалык борборунан алынган маалыматтар таптакыр көңүл калтырат. Бүгүнкү күндө Кыргызстандын калкынын 0,4% психикалык жактан көйгөйлөрү бар, ал эми 20% адамдын анча-мынча көйгөйлөрү бар. Ошол эле учурда, психотерапевттердин жана психологдордун 2/3 өзгөчө кырдаалдан жабыркагандарга биринчи психологиялык жардам көрсөтүү боюнча керектүү билимге ээ эмес, Бул психикалык саламаттыкты камсыздоо үчүн мамлекеттик каржылоонун чектелгендигине байланыштуу.

Өзгөчө кырдаал учурундагы коомдук жүрүм-турум деген эмне?

·         Бул атайылап жасалган иш-аракеттердин стратегияларын кабыл алуу аркылуу стрессти же оор турмуштук кырдаалды жеңүү жөндөмү, башкача айтканда, көзөмөлдөөгө ыңгайлуу болгон кырдаалды өзгөртүү аракети же аны көзөмөлдөөгө мүмкүн болбогон кырдаалда ага ылайыкташуу, мисалы, коркунучтуу ооруну кабыл алуу.

Пандемияга байланыштуу социалдык алыстоо шартында балдар менен өспүрүмдөрдүн баарлашуу өзгөчөлүктөрү кандай?

·         Балдарга социалдык жана эмоционалдык тарбия берүү, тактап айтканда, өз ара мамилелерди түзүү, жоопкерчиликтүү чечимдерди кабыл алуу, эмоциянын алдын алуу, чыр-чатактарды чечүү жана максатка жетүү – бул балдар менен өспүрүмдөрдүн психологиялык жандуулугун жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүнүн ачкычы.

Өзгөчө кырдаал учурунда аялдардын психикалык бузулууларын аныктоодо, дарылоодо, алдын алууда эске алынуучу факторлор?

·         Уят маданияты же күнөө кылуу, жашоо максатында иштөө, же иштөө үчүн жашоо.

Аман-эсен карылыктын парадигмасы, бул принципти карылыкты түшүнүүдөн баса белгилөө: оору- майыптык – депрессия- кем акылдыгы – өлүм, өз алдынчалыгын сактоо, өзүн-өзү ишке ашыруу, натыйжалуулук менен бакубат, жигердүү карылыкты түшүнүү.

Ушул жана башка маселелер Россия Илимдер Академиясынын Психология Институту тарабынан Александр Махнач профессордун жетекчилиги астында өткөрүлгөн бир катар онлайн тренингдердин жүрүшүндө ачык талкууланды. Бул иш чара диагностика жана терапия жаатында жергиликтүү психотерапевттер менен психологдор үчүн COVID-19 курмандыктарына психологиялык биринчи жардам көрсөтүү максатында ишке ашырылды.

Ошентип, тренинге катышкан балдар психологу Зарина Ахметованын айтымында, диагностикалык тесттердин практикасы өзгөчө кызыктуу болгон. Анын кесиптеши Елена Батракова «Бала менен болгон директивдүү эмес оюн терапиясын» өзү үчүн абдан пайдалуу деп тапты.

Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты Сактоо Министрлигинин алдындагы Республикалык Психикалык Саламаттык Борборунун директору COVID-19 курмандыктарына биринчи психологиялык жардам көрсөтүү боюнча бир катар тренингдерди уюштургандыгы үчүн БУУӨПкө өзүнүн ыраазычылыгын билдирди. Тренингдин жүрүшүндө биздин психологдор жана психотерапевттер өзгөчө кырдаалдагы карылар сыяктуу  аялуу топко психологиялык жана психотерапиялык жардам көрсөтүүнүн өзгөчөлүктөрү менен таанышышты. Ошондой эле тренингдин жүрүшүндө өзгөчө кырдаал учурунда аялдарда психикалык бузулууларды аныктоого жана дарылоого көнүл бурулду. Психологиялык жаракат алган өспүрүмдөрдүн жашоо жөндөмдүүлүк теориясынын позициясы боюнча абдан кызыктуу болду.

Бул иш-чара «Эл аралык өнүгүү, Россиялык эксперттер» программасынын колдоосу астында «Тең-Тең» принциби билим берүү боюнча ишке ашырылды. Бул тренингдердин аягы психикалык саламаттык күнүнө туура келди, ал күн 1992 жылдын 10-октябрында Бүткүл дүйнөлүк психикалык ден-соолук федерациясынын демилгеси менен жарыяланган. БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш 2020 жылы Бүткүл Дүйнөлүк психикалык саламаттык күнүнө карата өз сөзүндө психикалык жактан жабыркаган адамдардын санынын көбөйүшүнө көңүл бурду. Ошондой эле, депрессия калктын ооруларынын негизги себеби болгондуктан, пандемиянын психикалык ден-соолукка тийгизген таасирин азайтуу үчүн психикалык саламаттыкты сактоону жана биргелешкен чараларды көрүүгө чакырды.