БУУӨП Кыргыз Республикасында пробация тутумун бекемдөөгө колдоо көрсөтөт

2020-ж., 26-October

фото: Нуржан Алымканова / БУУӨП Кыргызстан

Бишкек жана Ош шаарларында пробация органынын кызматкерлери, пробация кеңештеринин мүчөлөрү, социалдык түзүмдөрдүн, укук коргоо органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлери үчүн "Пробация кардарларын реабилитациялоо боюнча ишти уюштуруу" темасында тренингдер өткөрүлдү. Окутуулардын максаты – пробация органдарынын кызматкерлеринин пробация кызматынын кардарларын реабилитациялоо жана пробация жаатындагы ведомстволор аралык кызматташуу боюнча потенциалын чыңдоо, ошондой эле аялуу үй-бүлөлөргө реабилитациялык колдоо көрсөтүү.

Коомдук технологиялар борборунун эксперттик тобунун жетекчиси Айнура Капарова “Бул гумандаштыруу жолу, оңолуусу үчүн мамлекет пробация кызматынын кардарларына уникалдуу мүмкүнчүлүк берүүдө. Мисалы, адам өз жазасын жабык мекемеде эмес, үй-бүлөдө дагы аткара алат. Аталышы боюнча деле – бул соттолгон адам эмес, пробациянын кардары деп жумшак аталат, ошондуктан адам жакшы социалдашып кетиши мүмкүн. Билесизби, бизде калк арасында стереотиптер бар, жакшы жагы эми соттолгон адам эмес, кардар деп айтышат”, - деп белгилеп өттү.

фото: Нуржан Алымканова / БУУӨП Кыргызстан

Пробация – биздин өлкө үчүн жаңы институт, КРнын “Пробация жөнүндө” мыйзамы 2019-жылдан бери иштеп келе жатат жана ушул убакыт аралыгында белгилүү бир практикалар жана маселелер пайда болду, буга байланыштуу мындай тренингдерге жана иш-чараларга муктаждык жаралды. Эксперт белгилегендей, жумушка Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Пробация департаменти гана эмес, ошондой эле Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги, Ички иштер министрлиги, Мамлекеттик каттоо кызматы, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана башкалар тартылат.

Белгилей кетүүчү жагдай, пробация – бул пробациянын кардарларына мамлекеттик мажбурлоо, алардын жеке социалдык-укуктук программаларына өз ыктыярдуу катышуусуна коомдук таасир этүү чараларын колдонуучу мамлекеттин социалдык-укуктук институту. Бул жекече программалар инсандарга карата социалдык изилдөөлөрдүн негизинде иштелип чыккан жана пробациянын кардарларын түзөтүүгө, укук бузуулардын алдын алууга, социалдык жардам көрсөтүүгө жана аларды кайра социалдаштыруу боюнча чараларды көрүүгө багытталган. Мисалга, террордук жана экстремисттик багыттагы кылмыштар үчүн соттолгон кардарлар теологдун жардамына муктаж. Ошондой эле, пробациянын кардарлары көбүнчө паспорт, туулгандыгы тууралуу күбөлүк, нике каттоосунун күбөлүгү сыяктуу документтерди каттоодо жардамга муктаж.

Башкача айтканда, азыр пробация чөйрөсүндөгү эң маанилүү маселелердин бири болуп, пробациянын кардарларын ийгиликтүү социалдык реабилитациялоо жана кайра интеграциялоо үчүн шарттарды түзүү саналат. Ушуга байланыштуу, пробация органынын, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, коомдук уюмдардын, билим берүү мекемелеринин, социалдык жооптуу бизнестин ведомстволор аралык натыйжалуу өз ара аракеттенүүсү жана өнөктөштүгү жумшалган күч-аракеттерден оң натыйжа алуу убакыттын жана коомдун талабы. Ошондой эле, ал максаттарга жетүүнүн жана пробациянын милдеттерин чечүүнүн негизги формаларынын бири катары "Пробация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына шайкеш келет.

Иш-чаралар БУУнун Тынчтык куруу фонду жана Европа Биримдигинин STRIVE БУУӨПтүн  «Зомбулуктуу экстремизмге туруктуу болууну жогорулатуу” долбоору каржылаган БУУӨП жана БУУ БКБнын биргелешкен “Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза аткаруу системасынын органдарында жана мекемелеринде зордук-зомбулуктун радикалдашуусунун алдын алуу” долбоорунун алкагында уюштурулду.

Даярдаган: Нуржан Алымканова.