Стандарттардын сакталышы жарандардын ишенимин жогорулатат

2020-ж., 15-September

Азыркы учурда, мамлекет кепилдеген юридикалык жардам (МКЮЖ) тутумунда квалификациялуу юридикалык жардам көрсөткөн адвокаттардын ишинин сапатынын стандарттары жөнүндө жобо иштейт. Бул документ кандайча аткарылып жаткандыгы жөнүндө МКЮЖ Координациялоо борборунун (МКЮЖ БК) Ош облусу боюнча аймактык координатору Толкун Эргешов айтып берди.

Толкунбек Эргешов

Бирдиктүү эрежелер

МКЮЖ тутумунда квалификациялык юридикалык жардам көрсөтүүчү адвокаттардын ишинин сапатынын стандарттары - бул мамлекет кепилдеген юридикалык жардам көрсөтүүнүн бирдиктүү эрежелери.

Негизги максат – иштин сапатын жогорулатуу

МКЮЖ тутумунун алкагында квалификациялык юридикалык жардам көрсөткөн адвокаттардын ишинин сапатын жогорулатуу максатында стандарттар иштелип чыккан жана бекитилген. Анда квалификациялык юридикалык жардам көрсөтүүдө юристтин ишмердүүлүгүнө бирдиктүү талаптар камтылган. Бирок ошол эле учурда, бул стандарттар адвокаттын мыйзам тарабынан тыюу салынбаган башка каражаттарды колдонушун чектебейт.

Адвокаттар  кандай кабыл алышты?

Жалпы юридикалык коомчулук үчүн мен эч нерсе дей албайм, бирок МКЮЖны камсыз кылуу боюнча мамлекеттик реестрге киргизилген адвокаттар сапат стандарттарын кадимкидей кабыл алышты. Себеби 2016-жылы "МКЮЖ  жөнүндө" мыйзам кабыл алынып, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдында МКЮЖ  БК түзүлүшү менен МКЮЖ тутуму иштей баштады. Бул тутумдун толук кандуу жана сапаттуу иштеши үчүн ага өзүнүн механизми, өзүнүн эрежелери керек болчу. Адвокаттардын ишинин сапатынын стандарттары - бул "МКЮЖ жөнүндөгү" мыйзамды ишке ашыруунун механизмдеринин бири. БУУӨП жана Финляндиянын Тышкы иштер министрлигинин “Кыргыз Республикасындагы укуктук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү үчүн сот адилеттигине жетүү” долбоору, бул документти иштеп чыгууда жана жалпысынан  МКЮЖ тутумун  түзүүдө чоң колдоо көрсөттү.

Жарандардын ишенимин жогорулатуу

Кабыл алынган стандарттарды, ошондой эле башка ченемдерди ишке ашыруу, биринчи кезекте, МКЮЖ адвокаттарынын сапатуу юридикалык жардам көрсөтүүгө кызыкдарлыгы менен ишке ашат. Стандарттардын так аткарылышы акырындык менен жарандардын МКЮЖ тутумуна болгон ишеним деңгээлинин жогорулашына алып келет. Квалификациялык юридикалык жардам алуучулар көбүнчө адвокаттардан стандарттарды сактоону талап кылышат, анткени жарандар МКЮЖ (Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам)  жөнүндө билишет. Бирок кардарлар билбесе, адвокаттар өзүлөрүнүн кардарларына алардын ишинин сапаты үчүн кабыл алынган стандарттардын бар экендигин айтып беришет.

Иштин сапатын көзөмөлдөө

Адвокат ар бир иш боюнча реестрди жүргүзөт жана белгилүү бир этаптын, же бардык стадиялары аяктаганда, жасаган иши боюнча акы төлөө үчүн координаторго отчет берет. Координатор өз кезегинде "МКЮЖ жөнүндө" мыйзамга жана бекитилген формага ылайык, адвокаттын иши боюнча отчетун кабыл алат жана акы төлөө жөнүндө чечим кабыл алат.

 Координатор ошондой эле укук коргоо, сот жана башка органдар менен бирдикте  камакка алынган адамдардын саны, адвокаттын квалификациялык юридикалык жардам көрсөтүү үчүн өз убагында келгендиги, адвокаттын процесстик тергөө ишине, сот процесстерине катышуусу,    анкета жүргүзүү, юридикалык жардам  алуучулардын саны туурасында маалыматты топтоо жолу менен квалификациялык юридикалык жардам боюнча анализ жана мониторинг жүргүзөт. 

Акысыз юридикалык жардам борборунда жардам алып жаткан адам

Мамлекеттин атынан коргоо

Жарандардан юридикалык жардам алуу үчүн арызды кабыл алууда, координаторлор жана адвокаттар мыйзамдын негизги талаптары тууралуу айтып беришет. Мисалы, адвокат кардарга укуктарын түшүндүрөт жана ал мамлекеттин атынан мыйзамдын талаптарына ылайык коргой тургандыгын сөзсүз түрдө билдирет.

МКЮЖ координаторлорунун жана адвокаттарынын негизги милдеттеринин бири - калктын укуктук сабаттуулугун жогорулатуу боюнча иш алып баруу. Бул багытта үзгүлтүксүз иш алып барабыз.

 Сот адилеттигине мүмкүнчүлүктү кеңейтүү

Мыйзамдардын сакталышы, юридикалык жардамга муктаж болгондорго жардам берүү сот адилеттигине мүмкүнчүлүктү кеңейтүүнүн кепилдиги болуп саналат.

Сот адилеттигине жеткиликтүүлүктү кеңейтүү жана калктын укуктук маданиятын жогорулатуу үчүн жалпыга маалымдоо каражаттары, ошондой эле укуктук жардам декадаларын, тренингдерди жана башка иш-чаралар аркылуу маалыматты күчөтүү зарыл деп эсептейм.

Каалаганым

Мен биздин жарандарга бардык укуктук көйгөйлөрүнүн чечилишин каалайм, адилеттүүлүктүн үстөмдүгүнө терең ишеним, үмүт каалайм. Стандарттардын аткарылышын эринбестен талап кылыңсанар, кызматтын сапатын жогорулатууга салым кошосуңар.