«Консенсус» билим берүүчү долбоору: конфликтти башкарууну жана консенсуска келүүнү кантип үйрөнсө болот?

2020-ж., 22-September

26-сентябрдан 25-октябрга чейин

Заманбап дүйнө өзүнүн бардык көрүнүштөрү боюнча ар түрдүү. Бири-биринен айырмаланган адамдар бир чөйрөдө жашап, өз ара байланышта болушат. Ошондуктан, тараптардын кызыкчылыктары, муктаждыктары ар башка болуп, келип чыккан ар түрдүү конфликтти керектүү жөндөмдөрдүн жетишсиздигинен улам чечүү мүмкүнчүлүгү болбой келет. Мындай учурда компромисске барса (өз кызыкчылыктарына каршы) же жеке позицияны аягына чейин коргосо болот (баарынын кызыкчылыктарына каршы), же болбосо бардыгынын купулуна толо турчу чечимге келүү мүмкүн. Кантип деген суроого, Кыргызстандын чек арага жакын аймактарында жашаган жаштары (54 адам) «Консенсус» долбоорунда жооп ала алышат.

Долбоордун алкагында катышуучулар 8 онлайн-вебинарга катышып, төмөнкүлөрдү үйрөнүшөт:

 

●       логикалык ой жүгүртүү;

●       конфликтти жөнгө салуу;

●       конфликттин булагын табуу;

●       тынчтык жолу менен талкуу жүргүзүү;

●       тыңдоо жана угуу;

●       тараптардын кызыкчылыктарын аныктоо;

●       эки тарапты тең жеңишке алып келүүчү Win-Win стратегиясын түзүү.

Бардык вебинарларда катышуучулар интерактивдүү топтук көнүгүүлөр аркылуу алган билимин бекемдеп, сүйлөшүү жөндөмдөрүн өркүндөтүшөт. Алар жаңы алган билимин жана жөндөмдүүлүгүн 18 команда катыша турган кейс-турниринде баалай алышат.

Турнирдин ар бир айлампасына (раунд) үч кишиден түзүлгөн эки команда катышат, алар конфликттин эки башка тарабын чагылдырышат. Катышуучуларга алдын-ала конфликттин маңызын сүрөттөгөн жалпы маалымат жана тараптардын ар бирине жашыруун маалыматтар берилет.  Командалардын тапшырмасы – оптималдуу чечимдерди сунуштоо жана консенсуска келүү. Топтордун оюндарына эксперттик калыстар тобу баа берет. Баалоо критерийлери: сүйлөшүүлөрдү алдын-ала пландаштыруу деңгээли, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдөгү ийкемдүүлүк жана учурдагы кырдаалга ылайыкташуу, жыйынтыктын кызыкчылыктарга шайкеш келиши, командалык иш, тараптардын ортосундагы түшүнүшүүгө жетишүү үчүн команданын салымы жана сүйлөшүүлөрдүн этикасы.

Финалда жеңүүчү команда аныкталат. Турнирдин ачык форматы катышуучуларга бардык командалардын оюнун байкап, алардан сабак алууга мүмкүнчүлүк берет.

Долбоор тууралуу толук маалыматты бул шилтеме аркылуу окуй аласыздар.

Долбоорду Бириккен улуттар уюмунун Өнүктүрүү программасынын колдоосу жана Тынчтыкты куруу фондунун каржылоосу менен достукту жана тынчтыкты жайылтуу максатында IDEA Борбордук Азия ишке ашырууда. Биз ар бир конфликти сүйлөшүү жолу менен чечүүгө болот деп ишенебиз. Долбоордо айтылган ой-пикирлер уюмдардын көз-карашын чагылдырбайт. Кейс-турнирде колдонулган бардык окуялар ойдон чыгарылган.