Комьюнити центр для ЛГБТ. Фото: Марион Биремон / ПРООН Кыргызстан

«Кыргыз Индиго» Кыргызстандагы ЛГБТ укуктарын коргоо, адвокация жана укуктары менен мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү боюнча бир нече долбоорлорду ишке ашырууда. БУУӨП/Глобалдык фонддун долбоорунун алкагында, жамааттык уюм калктын негизги топторунун арасында, эркектер менен сексти практикалаган эркектерди кошо АИВди алдын алууга көмөк көрсөтөт. Covid-19 пандемиясынынан улам пайда болгон кыйынчылыктарга карабастан, команда маалыматтарды берүүнүн, кызмат көрсөтүүлөрдү улантууда жана тест жүргүзүү өзүнүн кардарларынын баары үчүн жеткиликтүү болот.

Икрам алардын кеңсесинде жакында эле ачылган комьюнити борборду көрсөттү. Дубалда, ар кандай картиналардын ортосунда жип менен: «Queering the World» деп жазылган. Экинчи тарабында күнжелеси текчени айдалуу китептер жана брошюралар менен кооздойт. Бул имаратта социалдык абалына карабастан баары бир тең жана сый-урмат менен мамиледе. Дааратканалар дагы “гендердик эмес” катары белгиленген. Бул жер ЛГБТ жамааты чогулуп, билим жана колдоо алуучу жана өздөрүн эркин сезип, өлкөдө таралган татаал гомофобия жана трансфобия тууралуу унутуучу жер. Бирок Covid-19 пандемиясы учурунда «Кыргыз Индиго» коомдук уюмунун кеңсеси мурункуга караганда бош турду.

Комьюнити центр для ЛГБТ. Фото: Марион Биремон / ПРООН Кыргызстан

«Көңүлдүн баары  Covid-19га бурулган»

«Адамдар АИВ жөнүндө унутуп калгандай», - дейт  «Кыргыз Индигонун» аутрич-кызматкери Икрам. Анын ишинин алкагында, ал кардарларды издөө, алардын иши жөнүндө ӨЭУларды кабардар кылуу, аларды АИВ маселелери жана коопсуз жүрүм-турум боюнча окутуу жүргүзүп, аларга кызмат көрсөтүүлөрдүн топтомун  (презервативдерди, любриканттарды жана сактануунун башка предметтерин) көрсөтүп, аларды АИВ тесттен өткүп туруусуна шыктандырып турат. «Пандемияга чейин жеңил болчу. Адамдар биз менен байланышчу; эми азыр биздин кардарлар кызыкпай калышты, кээ бирлери такыр эле жок». Икрамдын көптөгөн кардарлары финансылык кризистен улам үйүнө кетип калышканын айтты. «Өз үй-бүлөлөрү мене жашагандар жооп бербей калышты, кээ бирлери алардын үй-бүлөсү биздин телефон чалууларыбызды көрбөсүн үчүн номерлерин дагы алмаштырып салыптыр. Алар өз туугандары тараптан болгон куугунтуктан жана дискриминациядан кыйналып, биздин кызмат көрсөтүүлөрдү пайдалана алышпай жатат».

Айрым ЛГБТ мүчөлөрү куугунтуктан улам өз үй-бүлөсүнөн айрылып калган. Турмуштук татаал кырдаалга кабылгандарды коргоо үчүн “Кыргыз Индиго” Covid-19 пандемиясы учурунда кошумча башкалкаларды ачты, алар ал жерде, бекер турак, тамак-аш, тиричилик кызматтарын ждана консультацияларды ала алат.

Белек, уюмдагы АИВ боюнча консультантжума сайын 40 адамга чейин АИВге тест алып турган. Азыр бул цифралар кыйла кыскарган. «Март айынан бери АИВге тест жүргүзүү кыйла кыскарды. ӨА шартында бизге кеңсеге келбей жана анализ тапшырбай калышты. Транспорттун жоктугунан улам бир топ кыйынчылык жаралды. Азыр деле цифралар төмөн: адамдар биздин билдирүүлөргө көп көңүл бурбай калышты, көптөрү Бишкектен кетип калышты. Азыр көңүлдүн баары   Covid-19га бурулган».

Экспресс-тестирование на ВИЧ. Фото: Марион Биремон / ПРООН Кыргызстан

Пандемия кесепеттерин минимумга түшүрүү

СПИД (ЖИКС), кургак учук жана АИВ менен күрөшүү үчүн Глобалдык фонд тарабынан каржыланган БУУӨП “Кыргыз Республикасында АИВди жана кургак учукту натыйжалуу көзөмөлдөө” долбоорунун алкагында, “кыргыз Индиго” туруктуу негизде өз кардарларына бекер жана анонимдүү экспресс-тест жүргүзүп келет. АИВди эрте стадиясында аныктоо анын башкага берилишин алдын алып, адам оор ооруга чалдыкканга чейин вирусту контролдоого мүмкүндүк берет.

АИВди алдын алууга  Covid-19дун таасирин минимумга түшүрүү үчүн, сентябрь айынан баштап «Кыргыз ИндигоБУУӨП менен биргеликте кардарларга үйүндө тест жүргүзгөн жана маалымат берген мобилдик бригаданы ишке киргизди. Covid-19дан өз кардарларын коргоо үчүн, команда онлайн-консультацияга өтүп, профилактикалык санитардык чараларды көрүү үчүн бардык мүмкүн болгон иштерди жасоодо. «Мурда биз бир жумага кызмат көрсөтүүлөрдүн топтомун таратчубуз, азыр аларды бир айга чейин алдыга берүүдөбүз», - деди Икрам. Кээде ал коргонуу каражаттарын коомдук жайларга коюп, кардар аны ар кандай байланышсыз алуусун аралыктан байкап турат. «Өзгөчө абал учурунда, блокпостторго жана коомдук транспорттун жоктугуна карабастан, биз коллегаларыбыз менен өзүбүздүн райондогу кардарларды алмашып, аларга камкордук көрдүк, бул система бизге жардамын берди», - деди Икрам жылмайып.

Комьюнити центр для ЛГБТ. Фото: Марион Биремон / ПРООН Кыргызстан

«Covid-19 бизди ишибизге башкача жана жаңы системанын башынан баштоого мажбурлады», - деди доолбоордун координатору Амир. «Албетте, көптөгөн кыйынчылыктар болду. Мурда даыма онлайн режиминде иштечүбүз жана кардарларыбыз менен байланыштарды азайтуу кыйын болчу. Көптөгөн кардарларыбыз, ал турсун кызматкерлерибиз дагы стрессти, коркунучту жана психологиялык чыңалууну башынан кечиришти. Бирок биз өз убагында жана натыйжалуу аракет кылдык деп ойлойм».

Март айында команда кардарлардын арасында онлайн-сурамжылоо жүргүзүп, пандемиядан улам кандай кыйынчылыктарга туш болгонун жана алардын муктаждыктарын билишти, андан кийин долбоордун бардык активдүүлүгүн ошого ыңгайлаштырды. «Биздин кызмт көрсөтүүлөр үзгүлтүксүз болуусу маанилүү», - деп кошумчалады Амир. «Мисалы, эгер кардарларыбызда презерватив жок болсо, бул АИВдин жугуу коркунучун жогорулатат. Ал эми АИВ жуктуруп алган адамдардын иммундук системасы алсызданып калат, ошондуктан алар  Covid-19ду жугузуп алуу коркунучу чоң ».

Экспресс-тестирование на ВИЧ. Фото: Марион Биремон / ПРООН Кыргызстан

ВИЧ-инфекциялардын санынын өсүү коркунучу

Фархат пандемия башталгандан бери эле «Кыргыз Индигодо» Covid-19 боюнча координатор болуп иштөөдө. Ал 4000ге жакын адам Covid-19га байланыштуу жаңы кызматтарды алышканын айтты, алар: азык-түлүк таратуу, психологиялык консультациялар, материалдык жардам, шелтерлер, АРТ дары-дармектерин, трансгендердик адамдар үчүн гормоналдык дарыларды үйгө жеткирүү ... «Мен командамдын кайраттуулугун белгилегим келет », - деди Фархат. «Биз баарыбыз Covid-19 пандемиясына жана анын кесепеттерине кабылдык, бирок башкаларга жардам берүү үчүн ар бири өз проблемаларын четке какты». Жакныда эле БУУӨП / Глобалдык фонддун долбоору өнөктөргшө жардам берүү жана ушундай оор учурда кардарларга жакшылап көмөк көрсөтүү үчүн Covid-19 боюнча онлайн-тренингдерди жана психологиялык консультацияларды ишке киргизди.

«Кыргыз Индиго» командасы өз кардарларын чыдамсыздык менен күтүп, аларды АИВ тууралуу күн сайын маалымдап турат, «алар Covid-19дан улам АИВ жөнүндө такыр унутуп калбашы керек», - дейт Икрам. «Азыр биз жасай ала турган жакшы иш –бул адамдардарга АИВ жөнүндө айтып турууну улантуу. Эгер ММКда Covid-19 жөнүндө айткандай көп айтышканда, биз бир нече жылга жакшы натыйжаларды көрмөкпүз». Бирок азыркы учурда Икрам жана анын коллегалары Covid-19дун АИВ эпидемиясына тийгизген таасирине тынчсызданууда: «Бул абдан кейиштүү абал. Кийинки жылы АИВге чалдыккан адамдардын саны көбөйүп кетеби деп корком».

БУУӨП жана анын өнөктөрү, бардык кыйынчылыктарга карабастан, өлкөдөгү АИВди алдын алууну улантуу боюнча аракеттерди күчөтүүдө.

Icon of SDG 03

БУУӨП БУУӨП Дүйнөдө