“Тилектештик автобусу” идеясы Парижден – эркиндик шаарынан келген

2020-ж., 24-August

"Тилектештик автобусунун" юристтери калкка юридикалык жардам көрсөстүүдө. БУУӨП Кыргызстан

«Калктын укуктук маданиятын укуктук ченемдерди сактабагандыгы үчүн жазаны күчөтүү аркылуу эмес, укуктук жактан окутуу жана тарбиялоо системасы аркылуу жогорулатуу керек” – деп Юстициянын Чүй-Бишкек башкармалыгынын жетекчиси Казаков Кубан Каленович калктын укуктук маданияты жөнүндө, ошондой эле “Тилектештик автобусу” деп аталган ары кызыктуу, ары пайдалуу долбоор жөнүндө пикир алышуу учурунда айтты. Төмөндө сиздерге аны менен болгон маекти сунуш кылабыз.

-   Кубан Каленович, жакында эле сиз Юстиция министрлигинин Адвокатура жана укуктук пропаганда башкармалыгын жетектеп турганда, “Тилектештик автобусу” долбоорун жигердүү ишке ашырып келгенсиз, ушул долбоор тууралуу окурмандарга айтып берсеңиз.

- Бул демилгенин негизги милдети –элдин юридикалык маселелерин чечүүгө жардам көрсөтүү. Долбоордун негизги максаты калктын укуктук сабаттуулугун жогорулатуу болуп саналат. “Тилектештик автобусу” - бул калкка акысыз укуктук жардам көрсөтүү үчүн атайын транспорт менен өлкөнүн алыскы региондорун кыдырган юристтердин, нотариустардын, социалдык кызматкерлердин жана Юстиция министрлигинин, Социалдык Фонддун, Мамлекеттик каттоо кызматынын, Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин жана башка адистердин тобу. Автобус алдын ала түзүлгөн график боюнча чыгат. Бийликтин жергиликтүү органдары, атап айтканда айыл өкмөттөрү, “Тилектештик автобусунун” келиши тууралуу жашоочуларга алдын ала билдиришет.

-  “Тилектештик автобусу” долбоорунун идеясы кайдан пайда болгон?

– Бул идея эркиндиктин символу болуп эсептелген Париж шаарынан  келген. 2015-жылы БУУнун Өнүктүрүү программасы Юстиция министрлигине “2016-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын калкынын укуктук маданиятын жогорулатуу концепциясын” иштеп чыгуусуна жардам көрсөткөн. Ал кезде Юстиция министрлигинин өкүлдөрү үчүн Франциянын калктын укуктук маданиятын жогорулатуудагы тажрыйбасы менен таанышуу боюнча сапары уюштурулган. Сапар учурунда кыргыз делегациясына өлкө боюнча кыдырып акысыз укуктук жардам көрсөтүп жүргөн “Тилектештик автобусу” долбоору жөнүндө айтып беришкен. Бул демилгени расмий органдарга кайрылуудан корккон легалсыз мигранттарга укуктук жардам берүү максатында өкмөттүк эмес уюмдар менен Париждин жергиликтүү бийликтери ишке ашырышкан.  Натыйжада, Кыргызстанда дагы “Тилектештик автобусу” долбоорун ишке ашыруу идеясы Калктын укуктук маданиятын жогорулатуу боюнча концепциянын иш планына киргизилген.

Юстиция министрлиги бул долбоорду 2016-жылдан тартып ишке ашырууну баштаган. Долбоордун ишмердүүлүгү жыл сайын өркүндөтүлүп , жакшыртылып келет. 2016-жылдан 2019-жылга чейин “Тилектештик автобусу” 1167 калктуу пункттарда болуп, 13 миңден ашык адам укуктук жардам алышкан.

- “Тилектештик автобусунун” адистери кантип тандалып алынат?

Юстиция министрлиги калктын укуктук маселелер боюнча муктаждыгы жөнүндө юстициянын аймактык органдарына суроо-талап жөнөтөт. Муктаждыктын негизинде  Юстиция министрлиги “Тилектештик автобусу” долбоору үчүн адистерди берүү өтүнүчү менен тиешелүү мамлекеттик органдарга каттарды жөнөтөт. Адистер ушундай жол менен тандалып алынат.

- Сиз,  “Тилектештик автобусунун” чыгууларына Социалдык Фонд, Мамлекеттик каттоо кызматы, Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги сыяктуу башка мамлекеттик органдардын адистери катышат деп айттыңыз. Биз билгенден бир нече мекеменин бирдиктүү иш алып барышын уюштуруу оңой иш эмес. Ийгиликтүү кызматташтыктын сыры менен бөлүшө кетсеңиз.

Калкты укуктук жактан окутуу жана тарбиялоо – мамлекеттик бийликтин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун бардык органдарынын ишмердүүлүгүнүн концептуалдуу багыттарынын бири. Калктын укуктук сабатсыздыгы эмнеге алып келе тургандыгын барыбыз түшүнөбүз: эл өзүнүн мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргой албай калат, калкты маргиналдаштырат, өнүгүп жаткан дүйнөнүн шартында алсыз кылат, ошондой эле коррупциянын өнүгүшү жана социалдык чыңалуунун өсүүсүнө ылайыктуу чөйрөнү түзөт. Бардык мамлекеттик органдар бул көйгөйгө  чоң жоопкерчилик менен мамиле кылышат жана калкка укуктук жактан жардам көрсөтүүгө  чоң салымын кошууда. 

- Жакында эле БУУӨП эки жакшынакай жаңы микроавтобусту  Юстиция министрлигине белек кылды. Жеке транспорттун болушу долбоорду ишке ашыруунун натыйжалуулугун жогорулатабы?

Албетте, бул шарттар жер жерлерге чыгып калкка акысыз юридикалык жардам көрсөтүү ишинин натыйжалуулугун жогорулатат. Мурда транспортту ижарага алуу, тендердик жол-жоболорду өткөрүүнүн эсебинен узак убакытты талап кылган. Бардык иш-чаралар БУУӨПтүн колдоосу менен ишке ашырылып келген.

- Бардыгы билгендей, укуктук юридикалык маселелерди чечүү үчүн убакыт керек жана алар жылдар болбосо да, айлап чечилет. “Тилектештик автобусу” бир айыл өкмөтүнө бир күн бөлөт. Сиздин пикириңизде, калктын мыйзам менен байланышкан көңгөйлөрүн чечүүдө адистердин ишмердүүлүгү канчалык натыйжалуу болушу мүмкүн?

– Сиз абдан туура байкадыңыз. “Тилектештик автобусунун” адистери негизинен баштапкы укуктук консультацияларды берет, түшүндүрүү иштерин жүргүзөт, кайсы жерге кайрылуу керектигине багыт беришет, кандай документтерди даярдоо зарыл экенин айтышат, укуктарын белгилөөчү документтерди, арыздарды, даттанууларды жана башка укуктук мүнөздөгү документтерди түзүүгө жардам беришет. Эгерде маселени чечүүгө адвокаттын кызматы узак убакытка керек болсо, анда кардарларды жергиликтүү Юстиция министрлигине караштуу Акысыз юридикалык жардам көрсөтүү боюнча борборлоруна жиберишет. Мындан тышкары, “Тилектештик автобусу” үчүн бийликтин жергиликтүү органдарынын адистери тартылышат, алар өз ордунда ишти андан ары улантып кетишет.

Бизге жарандардан социалдык түйүндөр, вебсайттар аркылуу абдан көп оң пикирлер келип түшөт, ар дайым биздин чыгуулардын графиктерин сурашат. Бул болсо, калктын көйгөйлөрүн чечүүдө адистердин ишмердүүлүгүнүн натыйжалуу экендигин тастыктоо болуп саналат деп ойлойм.

- “Тилектештик автобусунун” адистерине жарандар көп учурда кандай укуктук маселелер боюнча кайрылышат?

– Көп учурда социалдык жактан камсыздандыруу жана пенсиялык камсыздоо, жөлөкпулдарды, алименттерди алуу, жарандардын социалдык жактан аяр топторуна, анын ичинде кыйын турмуштук кырдаалга туш болгон үй-бүлөөлөргө жана балдарга, кары адамдарга жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга кызмат көрсөтүү, үй-бүлөлүк талаш-тартыштарды чечүү, насыя алуу, мураскорлук жана эмгек талаш-тартыш маселелери боюнча кайрылышат.

Микроавтобустарды КР ЮМ тапшыруу учурунан. Фото: Адилет Бактыбеков / БУУӨП Кыргызстан

- Калктын укуктук маданиятынын учурдагы деңгээлине кандай баа берет элеңиз?

- Укуктук маданият бала чагынан баштап калыптанат. Ата-энелери укуктук маселелерин кандай жол менен чечип жаткандыгын балдары көрүп билип турушат. Мисалы, укуктук маселелерди чечүү үчүн пара бериши мүмкүн, тааныштарын издешет, шайлоолордо өздөрүнүн добуштарын сатышат, жолдун аркы жагына пешеход жок жерлерден кесип өтүшөт жана башка толгон мисалдар бар. Мунун бардыгы укуктук маданиятты калыптандырат.

Биз өнүккөн өлкөлөрдөгү кесиптештерибизден укуктук маданиятты кантип жогорулатуу керек деп сурасак, алар суроонун маңызын түшүнө бербейт. Кайра кайчылаш суроолорду  беришет: “Аны эмне үчүн жогорулатуу керек?”, “Аны жогорулатуунун кереги жок, ал ар бир адамдын өзүндө бар”, “Бардыгы мыйзамдын алкагында иш кылышы керек, аны талкуулаганга болбойт” дешет. Аларда укуктук маданият бала кезинен калыптангандыктан, аны жогорулатуу маселеси жок.

- Биздин өлкөдө калктын укуктук маданиятын кантип жогорулатууга болот?

- Калктын укуктук маданиятын укуктук билим берүү жана тарбиялоо системасы аркылуу жогорулатуу керек. Бул система укуктук ченемдерди сактабагандыгы үчүн жазаны күчөтүүгө караганда өтө натыйжалуу жана ийгиликтүү деп таанылат. Укуктук билим берүүнү жана тарбиялоону мамлекет менен коомчулуктун системалуу жана максаттуу ишмердиги катары түшүнүү керек. Бул нерсе жарандарда патриотизм, мыйзамга баш ийүүчүлүк, ар-намыс сезими, башка адамдын укуктарын жана кызыкчылыктарын сыйлоо сыяктуу сапаттарды калыптандырат.