Covid-19 дарылоо үчүн “кызыл зонадан” фоторепортаж. Фото: Марион Биремон / БУУӨП Кыргызстан

Кыргызстанда медицина кызматкерлеринин иши жана жашосу Covid-19 күчөп баштагандан кийин негиздүү өзгөрдү. Көпчүлүк ооруканалар Covid-19 жуктурган бейтаптар үчүн тез жардам бейтапканаларына кайра түзүлгөн.  Июль айында пандемия күчөп турган кезде, башка ооруканалар толуп турганда Республикалык наркология борбору 120 бейтапка бөлүм ачты.     

“Кызыл зонага” кирүү каттуу көзөмөлгө алынган. Фото: Марион Биремон / БУУӨП Кыргызстан
Августтун ортосу - ооруканаларда бош керебеттер пайда боло баштады. Фото: Марион Биремон / БУУӨП Кыргызстан

Медицина кызматкерлери 14 күндүк кезметтин ичинде күнү-түнү ооруканада жашашат. Экинчи жана үчүнчү кабаттар “кызыл зона” катары дайындалышкан, ал эми төртүнчү кабат – бул “жашыл зона”, медицина кызматкерлери кийимдерин которунуп, эс алган коопсуз зона. Бул жерде оорукананын кызматкерлери “кызыл зонага” кирүүгө даярданып жаткандар үчүн жеке коргонуу каражаттарын (ЖКК) даярдайт.   

Оорукананын кызматкерлери кызыл зонага кирүүнүн алдында ЖКК даярдап жатат. Фото: Марион Биремон / БУУӨП Кыргызстан

Медицина кызматкери вирус менен байланыш мүмкүндүгүн жокко чыгаруу үчүн  бахилаларды, капюшону менен коргоочу костюмдарын, FFP2 респираторун, беткап, көз айнек жана эки жуп колкап кийишет. Толук кийинип, алар төмөнкү кабатка бейтаптардга кам көрүү үчүн тушүшөт.  

Медайым “кызыл зонага” кирүүгө дайярданып жатат. Фото: Марион Биремон / БУУӨП Кыргызстан

“Кызыл зонада” медайымдар бейтаптар үчүн дарыларды, инъекцияларды жана тамчылатма дарыларын даярдашат. Ошондой эле алар медицина жазууларын жүргүзүшөт жана “жашыл зонадагы” медицина кызматкерлери менен телефон же радио аркылуу сүйлөшүшөт.  

Медайымдар дарыларды даярдап жатышат. Фото: Марион Биремон / БУУӨП Кыргызстан
Covid-19 менен бейтапты дарылоо үчүн дарылар. Фото: Марион Биремон / БУУӨП Кыргызстан
Медайым медицина жазууларын толтуруп жатат. Фото: Марион Биремон / БУУӨП Кыргызстан

Кабаттар туруктуу дезинфекцияланып турат. Бул учурда бейтаптар, тезирээк калыбына келүү максатында  дем алуу көнүгүүлөрүн жасап жатышат.

Бейтап дем алуу көнүгүүлөрүн жасап жатат. Фото: Марион Биремон / БУУӨП Кыргызстан
Ултуттук наркология борборунда полдорду дезинфекицялоо. Фото: Марион Биремон / БУУӨП Кыргызстан

Врачтар күнүнө бир нече жолу бейтаптардын жашоо көрсөткүчтөрүн (кан басымын, сатурациясын, дене табын ...) текшерип турушат. Зарыл болгон учурда сатурациясын жогорулатуу үчүн кычкылтек концентраторуна кошушат.  

Врач бейтаптын кан басымын текшерип жатат. Фото: Марион Биремон / БУУӨП Кыргызстан
“Кызыл зонада” бейтаптын сатурациясын текшерүү. Фото: Марион Биремон / БУУӨП Кыргызстан

“Кызыл зонадан” кийин врачтар өткөөл зонага өтүп, ал жерден ЖККны дезинфекциялашат, андан кийин кылдат чечишет, ар бир этаптан кийин колдорун жуушат, жана аягында чайынмага түшүп, кийимин которушат.  Бул алдын алуунун катуу чаралары аларды мүмкүн болгон жуктуруп алуудан коргойт жана саламаттыгынын кепилдиги болуп саналат.   

Медайым КЖЖны дезинфекциялап жатат. Фото: Марион Биремон / БУУӨП Кыргызстан
“Кызыл зонадан” кийин өткөөл зона. Фото: Марион Биремон / БУУӨП Кыргызстан

БУУӨП жана КИЖС, кургак учук жана малярияга каршы күрөшүү үчүн Глобалдык фонду (ККМГФ) саламаттыкты сактоонун кызматкерлерин жеке коргонуу каражаттары (ЖКК) менен жабдышат, аларга обсервацияларды дайындашат жана пандемияны жеңип чыгуу үчүн психологиялык семинарларды жана Covid-19 жөнүндө онлайн тренингдерди уюштурушат.   

Icon of SDG 03

БУУӨП БУУӨП Дүйнөдө