Медсестра работает в красной зоне г. Бишкек. Фото: Марион Биремон / ПРООН Кыргызстан

Дүйнө жүзүнүн окумуштуулары АИВ жана кургак учук менен күрөшүүдө, балким, ушул маанилүү күрөшүүдө көп жылдык жетишкендиктерди жок кылуу менен Covid-19 пандемиясынын коркунучтуу кесепеттери тууралуу эскертүүдө. Тилекке каршы, Кыргызстан жаңы глобалдык пандемиядан кутулбаганы анык болгондо, КИЖС, кургак учук жана малярияга каршы күрөшүү боюнча Глобалдык фонд тарабынан каржыланган БУУӨПтүн “Кыргыз Республикасында АИВ жана кургак учукка натыйжалуу контрол жүргүзүү” долбоору өнөктөштөрү – мамлекеттик медицина жана бейөкмөт уюмдары менен бирге бул татаал кырдаалда АИВ жана кургак учуктун алдын алууну, диагностикалоону жана дарылоону үзгүлтүксүз камсыз кылуу жана COVID-19 каршы күрөшүүдө өлкөгө жардам көрсөтүү үчүн өз иш-чараларын шайкеш келтире баштады.

Сактоочу медицина жабдыктарын белекке тапшыруу 

Жаңы пандемия күч алганда Глобалдык фонд бенефициар-өлкөлөргө Covid-19га каршы күрөшүү үчүн каражаттарды кайра бөлүштүрүүгө жана обочолонуунун жаңы контекстине, оорукана кызматтарын кыскартууга жана мобилдүүлүктү чектөөгө адаптациялоо үчүн пландаштырылган иш-чараларды өзгөртүүгө уруксат берди.   

Covid-19 пандемиясына чара көрүү мүмкүнчүлүгүн бекемдөө үчүн приоритеттердин бири медициналык мекемелерди жана медицина кызматкерлерин жабдууга жардам көрсөтүү болду.   Марттын ортосунда Кыргызстанда  Covid-19 оорусунун алгачкы учурлары катталганда долбоор бетаптар менен түздөн түз байланышта болгон медицина кызматкерлерине дароо 50 000 хирургиялык беткап жана 2000 FFP2 респиратор тапшырды.   

Дүйнө жүзүндөгү жеткирүүлөр жана логистика менен байланышкан кыйынчылыктарга карабастан, БУУӨП/Глобалдык фонддун долбоору өпкөнү жасалма иштетүүнүн (ӨЖИ) он аппараты сатып алынып, КР ССМге жана ЖАМКга бөлүштүрүлүп берилди.    

Бул жабдыктар дем алуу жетишсиздиги менен бейтаптарды сактап калуу үчүн колдонулат жана Covid-19 оорусу оор өткөн адамдарга жардам берүү үчүн өтө маанилүү.

Мындан тышкары, долбоордун алкагында негизинен АИВ жана кургак учук менен бейтаптар үчүн колдонулуучу  Covid-19га 6550 экспресс-тест сатып алынды. Бул инновациялык тесттер колдонуудагы GeneXpert машиналарын колдонуу менен  Covid-19 бир саатка жеткирбей аныктоого жардам берет жана лабораториялар үчүн кошумча жабдыктарды жана окутууларды талап кылбайт. Бул товарларды (ӨЖИ аппараттары жана тесттер) сатып алууга жалпы сумма   314 000 АКШ долларынан ашат.

Ошондой эле долбоор сентябрга карата COVID-19 боюнча ГФнын грантынын алкагында кургак учук жана АИВ жаатында саламаттыкты сактоо кызматкерлери үчүн жеке коргонуу каражаттарын (ЖКК)  сатып алууну пландаштырууда. 

ПРООН передает аппараты ИВЛ ГСИН, Бишкек, июнь 2020 г. Фото: Чынтемир Калбаев / ПРООН Кыргызстан

АИВ боюнча кызматтарды адаптациялоо

Жаңы коронавирустун  пандемиясынан келип чыккан олуттуу көйгөйлөрдүн бири АИВ жана кургак учукту туруктуу алдын алуу, диагностикалоо жана дарылоону камсыз кылуу болуп саналат.  Медицина кызматкерлеринин жетишсиздиги, толгон ооруканалар, чектелген кыймыл, инфекциядан коркуу, жумушсуздук жана обочолонуу зарылчылыгы үчүн көпчүлүк бейтаптар көнгөн кызматтарына жете албай калышты, буга байланыштуу бул кызматтардын форматын кайра карап чыгууга туура келди.  

АИВ боюнча, бейтаптар медицина мекемелерине бат-бат баруусун азайтуу максатында ар бир келүүсүндө дарыларын 3 айга алышат деген чечим чыгарылган. Алдын алуу дарылоо (метадон) жана медицина багытындагы буюмдар (шприцтер, презервативдер) да кыйла узак мөөнөткө берилет.  

Белгилүү болгондой жалгыз дарылоо жетишсиз, психологиялык саламаттык да маанилүү. Пандемия учурунда  бейтаптарга жана калктын негизги топторуна колдоо көрсөтүүнү улантуу зарыл, ошондуктан муну да түзөтүү керек. Долбоордун субреципиенттери – калктын негиздүү топтору менен иштеген  бейөкмөт уюмдар – учурда өз кардарларына жана виртуалдык колдоо топторуна онлайн-консультацияларды көрсөтүүдө.    Долбоордун алкагында АИВге экспресс-тестирлөөнүн жаңы алгоритми, башкача айтканда, аутрич-жумушчулардын же консультанттардын көзөмөлү жана жетекчилиги астында өз алдынча тестирлөө өткөрүүгө мүмкүндүк берген АИВге ассистерленген экспресс-тестирлөө иштелип чыккан.  Өлкөнүн бардык региондорунда мобилдик бригадалар АИВ менен жашаган бардык адамдарга зарыл болгон кызматтарды көрсөтүшөт. Буга байланыштуу БУУӨП/Глобалдык фонд транспорттук чыгымдарын да көбөйттү, анткени акыркы айларда алар негиздүү жогорулады. Өнөктөш уюмдардын бардык кызматкерлери ЖКК менен камсыздалган.   

Ошондой эле долбоор татаал финансылык кырдаалдарда кардарларга азык-түлүк колдоо көрсөтөт жана татаал турмуштук кырдаалдагы адамдар акысыз турак-жай, тамак-аш, чайынма, кир жуучу, социалдык жана психологиялык кызматтарды ала алган бир нече приюттарды жана борборлорду ачат.

Пенитенциардык системада БУУӨП/Глобалдык фонд долбоору эркинен ажыратылгандардын жана медицина кызматкерлеринин арасында Covid-19дун алдын алуу чаралы тууралуу 1800 баракчаларды таратты. 

Врач-фтизиатр проверяет рентгеновские снимки пациента. Фото: ПРООН Кыргызстан.

КУ боюнча кызматтарды адаптациялоо

Эки жылга чейин узарган туруктуу формадагы кургак учуктун дарылоосу салттуу түрдө бейтаптарга күнүгө медицина мекемелеринде медайымдын же врачтын көзөмөлү астында көрсөтүлөт. Бул бейтаптар өз дарыларын күнүгө ичип туруусу үчүн жасалат – дарылоо иштешинин жана бейтаптарда мындан ары дарыларга туруктуулук өөрчүбөшүнүн жалгыз кепилдиги. Көпчүлүк бейтаптар бул дарылоону нормалдуу шарттарда ырааттуулугу менен алышпайт, ошондуктан Covid-19дун күчөгөн маалында жана анын кесепетинен пайда болгон көйгөйлөргө (кошумча стресс, обочолонуу, жумушсуздук, белгисиздик, чектелген мобилдүүлүк ...) байланыштуу колдоо алда канча маанилүү болуп жатат.   

Бирок, Covid-19 пандемиясынын шарттарында бул иммундук системасы алсыз бейтаптар үчүн мүмкүн эмес жана коопту  боло баштады. БУУӨП / Глобалдык фонддун долбоору дарыларды алдын ала кыйла узак мөөнөткө таратуу жана видеокөзөмөлдөөнүн жардамы менен алардын ичүүсүн контролдоо аркылуу  Саламаттыкты сактоо министрлигин бейтаптарды үйдөн дарылоого өткөрүүгө чакырды. Натыйжада дарылоосун видеокөзөмөлдөө аркылуу алган бейтаптардын саны февралда 123төн апрелде 386га чеин өстү. Долбоордун кейс-менеджерлери бейтаптар жана медицина кызматкерлери үчүн видеокөзөмөлдөөнү колдонуу боюнча тренингдерди өткөрүшөт жана анын аткарылышына кылдат көзөмөл жүргүзүшөт.  

Ошондой эле долбоор жаш курагында балдарда кургак учукту диагностикалоо үчүн компьютердик томография (КТ) өткөрүүсүн колдоону улантууда, ал эми учурда, диагностика жүргүзүү жерине чейин транспорттук чыгымдарын да жабууда.  КУ диагностикалоосун жакшыртуу үчүн 2020-жылдын август айынан тарта БУУӨП/Глобалдык фонд долбоору ар бир аныкталган учур үчүн медайымдарга мотивациялоочу төлөм менен камсыз кылат.   

Дарыга туруктуу кургак учуктан дарыланып жаткан бардык бейтаптар Глобалдык фонддон ар айлык финансылык жардам алышат жана ар бири ЖКК сатып алууга кошумча 500 сомдон алышты.  Кейс менеджерлер бейтаптарды жана алардын үй-бүлөлүк байланыштарын текшерип турушат, психологиялык консультацияларды өткөрүшөт жана жаңы пандемия учурунда да кургак учук маселелери боюнча окутууларды өткөрүшөт.   

Пандемияда өлкөдөгү бейтаптар үчүн үйлөрүндө консультацияларды өткөрүү үчүн долбоор кейс менеджерлердин санын жогорулатып, мобилдүү бригадаларга колдоо көрсөтүп жатат. КУну диагностикалоо  жана дарылоо төмөндөп кетпөөсү үчүн бул чаралар көрүлүп жатат. 

Дагы бир кыйла маанилүү нерсе, дүйнөдөгү жеткирүүлөргө жана логистикага байланыштуу учурда болуп жаткан бардык кыйынчылыктарга карабастан, долбоордун командасы кургак учукка каршы дарыларды жана антиретровирустук терапияны өз убагында жана сапаттуу жеткирүүсүн камсыз кылууга болгон күчүн жумшады. 

Медицинские работники в красной зоне Covid-19, Бишкек. Фото: Марион Биремон / ПРООН Кыргызстан

Саламаттыкты сактоо кызматкерлерин окутуу жана колдоо көрсөтүү 

КИЖС, кургак учук борборлорунун, ЖАМК кызматкерери үчүн Covid-19 боюнча маалымдамаларды жана агартуу плакаттарын басып чыгарууга жана жайылтууга кошумча катары БУУӨП/Глобалдык фонд долбоору жылдын аягына чейин  саламаттыкты сактоо кызматкерлери үчүн Covid-19 боюнча туруктуу онлайн тренингдерди жана онлайн-психологиялык семинарларды караштырат.  

2020-жылы майда долбоордун алкагында өткөрүлгөн изилдөө көрсөткөндөй саламаттыкты сактоо кызматкерлерине Covid-19 жөнүндө базалык билимдер дагы да жетишпейт жана алар жумуш жүктөмүнүн жогорулашынан жана курч кырдаалдан улам кошумча стресске кабылышууда.  Анткени алар Covid-19га каршы күрөшүүдө алдыда болгонуна байланыштуу аларга кам көрүү жана бул татаал тапшырманы аткаруу үчүн бардык зарыл буюмдар менен куралдандыруу өтө маанилүү.    

Бул оңой эмес кырдаалда саламаттыкты сактоо кызматкерлерин үзгүлтүксүз окутуу жана колдоо көрсөтүү да ушул прецедентсиз контексте КУ жана АИВ боюнча кызматтарга жетүүнү камсыз кылуу боюнча башка иш-чаралар менен бирге Covid-19 боюнча Глобалдык фонддун жаңы тапшырыгына кошулган.   

Кыргыз Республикасында БУУӨПтүн туруктуу өкүлүнүн орун басары Дженти Кирш-Вуд белгилегендей: “БУУӨПтө биз бардыгы үчүн, калктын эң аярлуу топторун кошуп медицина кызматтарына колдоо көрсөтүүгө умтулабыз. Covid-19ду жок кылуу боюнча ушул глобалдуу аракеттерде эч ким четте калбоого тийиш”. КИЖС, кургак учук жана малярияга каршы күрөшүү боюнча Глобалдык фонд менен бирге БУУӨП АИВ менен кургак учукту дарылоого пандемиянын таасир тийгизүүсүн азайтууга жана муктаж болгондорго жардам көрсөтүүнү улантуу үчүн болгон мүмкүнчүлүгүн жумшап жатышат. 

Icon of SDG 03

БУУӨП БУУӨП Дүйнөдө