Адилет работал медбратом в красной зоне. Фото: Марион Биремон / ПРООН Кыргызстан

«Биз үй-бүлөбүз менен терезе аркылуу сүйлөшөбүз. Бул жерде ызы-чуу, биз аларды сагынып жатабыз, бирок азырынча биздин колубуздан ушул эле келет: биз алардын өмүрү үчүн кооптонобуз жана аларды мүмкүн болгон инфекциядан сактоого аракет кылабыз”, - дейт доктур Атыркуль Токтогонова. Бишкектеги Улуттук фтизиатрия борборунан тогуз кесиптеши менен Атыркуль, БУУӨП/Глобалдык фонддун долбоору  тарабынан каржылануучу, мейманкадана 14 күндүк обсервациядан өтүп жатат. Алар “кызыл зонада” эки оор жума иштегенден кийин өздөрүнүн саламаттыгын көзөмөлдөп, эс алуу үчүн  жумасына 7 күн суткасына 24 саат ушул мейманканадан, чыгышпай жатышат. «Кызым келгенде, мени кучактай албагандыгы үчүн ыйлап жиберди», - дейт Атыркуль.

“Кызыл зонада” Covid-19 менен ооругандардын арасында болгондон кийин, медицина кызматкерлери 14 күндүк обсервациядан өтүүгө зарыл. Бул убакыттын ичинде аларды  күнүгө Covid-19дун кандайдыр бир белгилеринин пайда болушуна текшерип турушат жана алар эки ПЦР-тест тапшырышат. Эгерде жыйынтыктар терс болсо, алар жакындарынан узак убакытта обочолонуудан кийин үйлөрүнө коопсуз кайта алышат. КИЖС, кургак учук жана малярияга каршы күрөшүү үчүн Глобалдык фонду тарабынан каржылануучу БУУӨПтүн “Кыргыз Республикада АИВге, жана кургак учукка натыйжалуу контрол” долбоору өнөктөш мекемелердин медицина кызматкерлери үчүн обсервация мезгилдерин караштырат: Улуттук фтизиатрия борбору жана Республикалык наркология борбору.   

Эки жума тынымсыз жеке коргонуу каражаттарын (ЖКК) кийип иштегенден кийин мейманканада Атыркуль пижамачан эс алуу менен ырахаттанууда.   “Коргоочу костюм менен иштөө – эки эсе оор, өзгөчө тышта аба температурасы +40 С болсо. Бир тынымсыз тердейбиз, кан басымыбыз жогорулайт, башыбыз ооруп, көңүлүбүз айланат ...”, -  дешет бардык медицина кызматкерлери. Анын, учурда медмырза болуп иштеген, бирок болочок фтизиатор,  26-жаштагы кесиптеши Адилет Таалайбеков: “Кимдир бирөө “кызыл зонадан” чыккан учурда биз бардыгыбыз бөтөлкөлөрдөгү сууларды кармап, тизилип туруп калчубуз”, - деп кошумчалайт.   

Атыркуль и Адилет во время обсервации. Фото: Марион Биремон / ПРООН Кыргызстан

Алар өз үй-бүлөлөрүнө кайтууну каалашса да, азырынча медицина кызматкерлери обсервацияда эс алуу менен ырахататтанып жатышат. “Биринчи күндөрү биз тынбай уктап жаттык, - дейт, күлүп Атыркуль. Күн өткөн сайын биз күчкө толуп, ишке кайтууга даярданып жатабыз”. Көзөмөлдөө мезгили аяктагандан кийин Атыркуль жалпысынан бир ай (эки жума ооруканада, эки жума мейманканада) үйүнөн алыс болот: “Биз үчүн жай келбегендей”, дейт ал, жылмаю менен.    

“Кызыл зонаны” эстеп  

Врачтар жана медайымдар “кызыл зонада” өткөргөн убакытыс жөнүндө жакын арада унута албастыгы байкалат. Алар күнүгө бул тууралуу, башына түшкөн кыйынчылыктар тууралуу жана ийгиликтер тууралуу эскеришет.  

«Кызыл зонада өткөргөн алгачкы үч күн өтө оор болду. Биз келгенде бир нече бейтап көз жумду, алардын өмүрлөрүн сактап калууга бизде убакыт да болгон жок.  Биринчи эки түн эч кимибиз уктаган жокпуз. Кийин ишибизди улантууга күч топтодук. Биздин бейтаптар жакшы болуп, ооруканадан чыгып жаткандарын көрүп, биз кубанып жаттык, бул биздин коркуу жана чарчоо сезимибизди жокко чыгарып жатты”, - дейт Атыркуль.    

Эки жуманын ичинде медицина кызматкерлеринин ушул бригадасы ооруканадан 75 бейтапты айыктырып, чыгарды.  «Бул мезгилдин ичинде биз беш бейтапты жоготтук: үчөө биздин кезмет жаңы башталганда жана экөө кийинчирээк. Алар өтө оор абалда келишти, эс-учун жоготушкан, көгөргөн, дем ала алышпаган. Бирөөсү болгону төрт сааттын ичинде көз жумду... Балким, алар медициналык жардамга эртерээк кайрылышса, мүмкүн биз жардам бере алмакпыз”, - дейт Адилет. Айрым учурлар “коркунучтуу кинолордо, үмүт үзүлгөн” кадрлардай болуп жатты дейт ал.    

 

Доктор Атыркуль в обсервации. Фото: Марион Биремон / ПРООН Кыргызстан

«Эмоциялык жактан адамдардын кыйналуусун көрүү абдан оор болду. Бейтаптар жакшы жаңылыктарды күтүп, бизди үмүткө толгон көздөрү менен карап жатышты...”, -  деп кошту Атыркуль.  

Негизинен алар сактап калгандарды эстешет, мисалы, дене табы 41С менен ооруканга жөө келип, аларды кабыл алууну суранган улгайган жубайларды. Же 60% сатурациясы менен келген бейтапты. “Ал көпкөк болуп келген, бирок биз аны сактап калдык. Эртеси ал тамактанууну суранды”, - деп, эсетейт Атыркуль.   

«Айрым бейтаптар чачыбыздын түсүн сурап жатышты,   алар бизди терезелеринен карап, кимде ким экенин табууга аракет жасашчу. Анткени ЖККнын ичинен биздин көзүбүздү гана көрө алышат”, - деп тамашалап атты Адилет.  Учурда мейманканада жатканда да алар кесиптештерине чалып, ооруканада калган бейтаптардын саламаттыгын сурап жатышты. “Айрым бейтаптар бизди өз үй-бүлөсү катары эсептешет”.  

Холл гостиницы. Фото: Марион Биремон / ПРООН Кыргызстан

 

“Кызыл зонага” кайтууга даяр  

Медицина кызматкерлери кызыл зонада болбогон учурда, бейтаптарга көчөдөн кеңеш берип, же программага жазууларды киргизип жатышты.   «Алардын үй-бүлөлөрү чалган учурда, бизде жооп берүүгө да убакыт болгон эмес”, - дейт Атыркуль. Күнү-түнү ооруканада болуп, каалаган учурда бирөөнүн өмүрүн сактап калууга даяр турушту. Бирөө да ошол учурда артка кайтууну каалаган эмес.   

«Мен кесиптештерим менен абдан сыймыктанам, - дейт Адилет. Биз үчүн  Атыркуль кеменин капитаны сыяктуу болду. Ал болбосо, биз чөгүп кетмекпиз. Биз көзгө көрүнбөгөн душман менен согуш майданында болгондойбуз. Бирок биз, команда катары жеңип чыктык», - дейт ал. 

Обсервация мезгили аяктагандан кийин Адилет Улуттук фтизиатрия борборунда иштөөгө кайтууну пландоодо.  «Бизде кургак учук менен ооруган бейтаптар көп. “Кызыл зонада” иштөө мен үчүн маселе болгон жок. Пандемия учурунда, жогорку медициналык билимге ээ болуп, мен өз кесиптештериме, өлкөмө кантип кол шилтеп кете алам? Мен өзүмдү сыйлай алмак эмессмин». Бардыгы эпидемиологиялык кырдаал жакшырып кетүүсүнө үмүттөнүшсө дагы, бул медицина кызматкерлери зарыл болгон учурда кызыл зонага кайтууга даяр. 

 

Гостиница, где проходит обсервация. Фото: Марион Биремон / ПРООН Кыргызстан
Icon of SDG 03

БУУӨП БУУӨП Дүйнөдө