COVID-19 пандемиясынын учурунда АИВ менен жашаган балдар, өздөрүн кандай сезишет жана аларды кантип коргоо керек?

2020-ж., 21-July

Ош шаарындагы Эл аралык КИДВ менен күрөшүү күнүнүн катышуучусу АИВдин символу болгон лентаны тагып жүрөт. Сүрөт: БУУӨП Кыргызстан

Рита Макаева, БУУӨП \ Глобалдык Фонд долбоорунун адиси, АИВ менен жашаган балдар ушундай катаал карантин шартында кантип күн көрүп жатканы тууралуу айтып берди. 

Кыргызстандын түштүгүндө, 2000-жылдардын башында, 400дөн ашык бала ооруканаларда АИВ илдетин жуктуруп алган. Бул балдар мамлекеттен жана башка уюмдардан бекер дарыланып, жардам алууда.

АИВ менен ооруган балдар, СOVID-19 илдетине туруксуз, ошого байланыштуу АИВ инфекция учурунда балдардын иммунитети төмөндөп, ар кандай инфекцияларга, анын ичинде СOVID-19 жана кургак учукка туруксуз болуп калат. Ошондуктан аларга карантин учурунда обочолонуу жана аралыктан окутуу зарыл болгон жана карантинди сактоо алар үчүн ашык-кеми жок өмүр-өлүм маселеси болгон. Бирок бала үчүн обочолону – бул жөнөкөй иш эмес, ал психологиялык саламаттыгына жана иммунитетине терс таасир тийгизиши мүмкүн.

Балдар туш болгон кыйынчылыктар башкалардагыдай эле – интернет байланышынын начардыгы, байланыш үчүн гаджеттердин жоктугу болгон. Көптөгөн үй-бүлөлөрдө балдардын өздөрүнүн мобилдик телефону боло бербейт, ал эми сабак бир эле учурда бир нече балага өтүлүп турду.

Обочолонгон балдар жакындары менен (ата-энеси, бир туугандары  -  эгерде ушул адамдар бар болсо жакшы жана албетте жеңил ) гана баарлашкан. Алар сабактан кийин өздөрүнүн достору менен көчөдө эркин ойноп, чуркап жүргөн өздөрүнүн кадимки күн тартибинен оолактап калышты. Мындай жаңы шарттарда, эгер балдар жер үйдө жашаса жакшы, анткени аларда таза абада бир туугандары менен ойноого мүмкүнчүлүк бар, көп кабаттуу батирлерде  жашаса кыйын эле, анткени үйдө “4 тарабынан дубалды” тиктеп, сырткы дүйнөнү айнектен эле караганга мүмкүнчүлүк түзүлөт. 

БУУӨП тарабынан уюштурулган АИВ менен жашаган адамдар лагеринин катышуучусу АИВ стигмасын жана ички стигма менен күрөшүүнү үйрөнүүдө. Сүрөт: БУУӨП Кыргызстан.

Психологиялык жактан бул балдарга басым болот, анткени алар өз энергиясын чыгара албай, онлайн-оюндарга чөмүлүп калат (компьютери же телефону болсо), же дайыма телевизор тиктеп отурат.

Көпчүлүгү, менин билишимче, өзүндөгү жаңы талантарды ачып, алаксып, көңүл ача турган нерселерди жасай башташты:

- интернетке байланыш начар болгондуктан жана гаджеттердин жоктугунан улам кимдир бирөө китептерди көбүрөөк окуй баштады;

- айрым балдар тамак-аш даярдап, нан-азыктарынын  түрүн жасап, ата-энесине, чоң ата, чоң энелерине жардам бере баштады;

- кимдир бирөөлөргө кенже бир туугандары менен убакыт өткөрүү жага баштады жана алар бири-бирин жакшы түшүнүп калышты;

- көптөр огородунда жардам бере баштады, көчөт отургузушту, казышты, сугарышты;

- кимдир бирөө сүрөт тартып, кол эмгекчилик кылып, жыгач устачылык ж.б. менен алектене баштады.

Албетте, баары каратинге чейинки кадимки жашоого кайтып келсе дейбиз. Ушундай кыйын күндөрдө БУУӨП/Глобалдык Фонд долбоору жана анын өнөктөштөрү жаңы шарттарга ыңгайлашып, балдарга колдоо көрсөтүүнү улантууда. Мисалы, теңдеш  консультанттар жана психологдор балдар дарыланууну улантып жатканын, алар өздөрүн кандай сезип жатканын, эмне кылып жатканын жана алардын суроолоруна жооп берип, окутуу өткөрүү үчүн балдар менен онлайн-жолугушууну уюштурууда. Ар кандай уюмдар азык-түлүктөрдү таратууда жардам берүү үчүн биригүүдө, анткени толук кандуу тамак-аш иммунитетти колдоо үчүн негизги фактор болуп эсептелет. 

КИДВдан каза тапкан адамдардын элесине арналган постерлер. Ош шаары. Сүрөт: БУУӨП Кыргызстан.

Өзүңдү коопсуздандыруу жана жаңы коронавирустан сактоо үчүн төмөнкү эрежелерге көңүл бургула:

1.    Дайыма жана өз учурунда АРВ дарыларды дарыгер сунуштаган өлчөмдө алып, жок дегенде 1 айга дары запастары болуусу керек, эгер дары запастарын толуктоо керек болсо анда дарылоочу дарыгериңизге же өкмөттүк эмес уюмдардын консультанттарына кайрылуу керек.

2.    Вирустук жүктөм жана СД4 лимфоциттерге пландуу текшерүүдөн өтүү үчүн дарыгериңизге кайрылып, текшерүүнү өткөрүү убактысы жөнүндө алдын ала сүйлөшкүлө.

3.    Жакшы тамактангыла жана рационго жашылча-жемиштерди, эт, сүт азыктарын кошкула, муну менен жашылча-жемиштерди жакшылап жууп, мал азыктарын термикалык иштеп чыгуудан өткөрүү керек.

4.    Дааратканага баргандан кийин, көчөдөн келгенде, тамак ичээрде колду дайыма жана өз убагында самын менен жууп тургула, эгер мүмкүнчүлүк болбосо, 3 мл. кем эмес антисептик менен колду жакшылап тазалагыла.

5.    Оору жуктуруп алуу коркунучу болгон жерлерди кармап алсаңыз (элдер кармай турган катмарлар), анда, 3-пунктта көрсөтүлгөндөй, колуңузду жуубай же тазалабай туруп бетиңизди, көзүңүздү, мурдуңузду кармабаңыз.

6.    Көчөгө чыкканда социалдык жана айрыкча бөлмө ичи жакшы желдебеген жана нымдуулук көбүрөөк коомдук жайларда аралыкты сактаңыз.

7.     КРВИ симптомдору бар адамдар менен жолукканда кучакташуудан, өбүшүүдөн, кол кармашуудан качыңыздар.

8.    Бөлмөнү жакшылап желдетип, нымдуу тазалап жууп тургула.

9.    Күн нуруна жылыган ванна кабыл алгыла, организмди акырындап чыңагыла.

10. Эгер ооруп калсаңыз, дароо дарыгерге кайрылыңыз, эч убакта өз алдынча дарыланбаңыз, эгер көчөгө чыгуу керек болсо, башкаларга оору жугузуп албоо үчүн беткап кийип, аралыкты сактагыла.

11.  Чүчкүргөндө жана жөтөлгөндө оозду жана мурунду кагаз салфетка же чыканагыңыз менен жабыңыз. Жуулбаган кол менен көзду, оозду, мурунду кармабаңыз.

Менин пикиримде, коронавирустун жугуу жолдорун жакшылап түшүнүү керек, бул өзүңдү жана жакындарыңды коргоого көмөк көрсөтөт. Салттуу иш-чараларга баруудан карманып, өзгөчө, оюнуна тыюу сала албаган балдарга сактык чараларын көрүүнү улам айтып, аракет кылып туруу зарыл.