Covid-19 инновациялык тесттери натыйжаны бир саатка жетпей бере алат

2020-ж., 10-July

Сүрөт: БУУӨП Судан

БУУӨП жана КИЖС, кургак учукка жана малярияга каршы күрөшүү үчүн Глобалдык фонд тарабынан Кыргызстанга тапшырылган Covid-19 диагностикалоо үчүн инновациялык тесттер так жыйынтыктарды 30-45 мүнөттүн ичинде даяр кылат. Саламаттыкты сактоо министринин орун басары  Мадемин Каратаев  2020-жылы 26-июнда өкмөттө өткөрүлүүчү күнүмдүк брифингде: “Бул коронавирусту тез аныктоо үчүн. Бир сааттын ичинде сегиз анализ жазаса болот, тактыгы – 99% ”, - деди.   

 “Биз үчүн картридждерди сатып берген БУУӨПкө ыраазычылыгыбызды билдиребиз, ошондой эле биз Дүйнөлүк банкттын каражаттарына ушундай тесттен 50 миң даана сатып алуу маселесин караштырып жатабыз”, - деп маалымдады ал. 

16-июнда КИЖС, кургак учукка жана малярияга каршы күрөшүү үчүн Глобалдык фонд тарабынан каржылануучу, БУУӨПтүн “Кыргыз Республикасында АИВге жана кургак учукка натыйжалуу контролдоо” долбоору  Саламаттыкты сактоо министрлигине 6550 ПЦР тестин тапшырды.  Бул жаңы тесттер  Covid-19 диагностикасын, лабораториялар тарабынан кургак учукту жана кургак учукка каршы  негизги  дары рифампицинге туруктуулугун диагностикалоо үчүн колдонулуучу GeneXpert аппараттарынын жардамы менен камсыз кыла алат. Ошондой эле GeneXpert аппараттарын АИВ менен бейтаптарда вирустук жүктөмдү контролдоо, балдарда АИВди  эрте диагностикалоо, С гепатитин, мезгилдик гриппти, ал эми азыр  Covid-19 да диагностикалоо үчүн колдонсо болот.  

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине тесстерди жана ИВЛ жабдыктарын тапшыруу аземи. Сүрөт: Айнагүл Абдрахманова / БУУӨП Кыргызстан

2020-жылы 20-мартта АКШнын Продукттарды жана дарыларды контролдоо боюнча башкармалыгынан  бул жаңы тесттерди ыкчам колдонууга уруксат берилген жана ошондон бери  Covid-19 диагнозун ырастоо үчүн сунушталат.  Бул тесттер жогорку тактыкты камсыз кылат, колдонууда жөнөкөй жана кошумча жабдыктарды же окутууну талап кылбайт, анткени GeneXpert машиналары колдонулган өлкөдөгү лабораториялар биокоопсуздуктун эрежелерине ылайык келет, ал эми кызматкерлери  GeneXpert  системасы менен тааныш.  

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине тесстерди жана ИВЛ жабдыктарын тапшыруу аземи. Сүрөт: Айнагүл Абдрахманова / БУУӨП Кыргызстан

«Өлкөнүн суроо-талабы боюнча өзгөчө аярлуу топтордун арасында  диагностикалоону тездетүү үчүн биз ушул Covid-19 инновациялык тесттерди сатып алууну чечтик. Алар бизге ыкчам жана так жыйынтык берип, убакытты кетирбестен, дарылоону убагында баштоого мүмкүнчүлүк берүүсү менен айырмаланышат», - деди Инга Бабичева, БУУӨП/Глобалдык фонддун АИВ/КУ долбоору боюнча координатору.

БУУӨП/Глобалдык фонд долбоору тарабынан берилген тесттер приоритетте кургак учук же АИВ-инфекциясы менен бейтаптарды Covid-19 тестирлөө үчүн арналган.