Угуусу начар адамдар үчүн санарип флеш-карта жана медиа алиппе. Inno KG сынагынын дагы бир жеңүүчүсү.

2020-ж., 14-July

Рена Султангазиева, Inno KG сынагынын жеңүүчүлөрүнүн бири. Сүрөт: жеке архив

Адамзаттын эң көп кездешкен ооруларынын бири угуунун начарлашы болуп саналат. Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматы боюнча дүйнө жүзүндө 280 миллионго жакын адамдын угуу көйгөйлөрү бар. Биздин өлкөнү алсак, 5 миңге жакын адамдын угуу көйгөйлөрү бар. Ошондо жыл сайын 100гө жакын наристе ушул сыяктуу оорулар менен бирге төрөлөт. Бишкек шаарында угуусу начар балдар үчүн 2 адистештирилген мектепке чейинки мекеме жана 2 атайын мектеп бар, ошондой эле республиканын түштүгүндө 1 мектеп бар. Бул мекемелер 1990-жылдары басылып чыккан окуу китептерди жана материалдарды колдонушат.

 “Учурда иштеп жаткан эксперттер санариптик материалдарды түзүүдө жаңы маалымат технологияларын колдонууда көп тажрыйбага ээ эмес. Ошентсе да, алар угуусу начарлаган балдар менен көп жылдар бою иштеп, чоң тажрыйба топтошкон жана бир нече жылдан бери окутуунун далилденген методологиясын иштеп чыгышкан (балдардын психологиялык өзгөчөлүктөрүн жана кабыл алуу мүмкүнчүлүгүн эске алуу менен бирге угуу, сүйлөө техникаларын өнүктүрүү болуп эсептелет). Биз санарип флеш-карталарды үч негизги темалар боюнча иштеп чыгууну даярдап жатабыз: менин үй-бүлөм, айлана-чөйрө жана арифметиканын негиздери. Флеш-карталар уюлдук-тиркеме түрүндө чыгарылат жана плей маркетте жарыяланат”.

                                                                                Рена Султангазиева, долбоордун жетекчиси.

Бул долбоор БУУӨПтүн Инновациялык чечимдер сынагынын жеңүүчүсү болуп эсептелет. Биз жалпы 25 000$ суммасына үч ушундай долбоорду колдодук. Коронавирустун кесепеттерин социалдык жана экономикалык жактан чечүүнүн мыкты идеяларынын бири болгон бул маселе пандемияга чейин эле пайда болгон. Долбоор мектепке чейинки угуу мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн электрондук ресурстарды иштеп чыгууга жана аларды санариптик билим берүү системасына тартууга арналган. Бул иш-аракеттер COVID-19 пандемига чейин алты ай мурун башталганына карабастан, мажбурланган карантиндин шартында бул иш-аракеттер өзгөчө актуалдуу болуп саналат. 

"Техноланд" коомдук фондунун иштөө учурлары. Сүрөт: жеке архив

“Долбоордун алкагында иштелип чыккан тиркемелер мектепке чейинки мекемелерде окуган балдарга өткөн программаны кайталоого жардам берет. Ошондой эле, “Мектепке чейинки медиа алиппеси” аттуу мобильдик тиркеме иштеп чыгуу пландалып жатат. Ал тиркемеде фонетикалык көнүгүүлөр түрүндөгү анимациялык материалдар, дактилдик азбука жана жаңдоо тилиндеги видеоматериалдар камтылат. Бул медиа алиппе интернет тармагында жарыяланат, тактап айтканда биздин иштелип чыккан материалдарды  баардык каалаган адмадар колдоно алышат”.

Рена Султангазиева, долбоордун жетекчиси.

Айтмакчы, бардык материалдар мектепке чейинки жана мектеп адистеринин жетекчилигинин алдында иштелип чыгат. Жеңүүчүлөрдүн тобу жогорку окуу жайын жаңыдан бүткөн жаш балдар жана студенттерден турат. Бул материалдар балдарга грамматиканы тез арада үйрөнүүгө, сөз байлыгын көбөйтүүгө, ассоциативдик ой жүгүртүүнү калыптандырууга жардам берет деп ишенебиз. Бул өз кезегинде балдарга инклюзивдик билим алууга жана коомго кошулууга мүмкүнчүлүк түзөт.