Мугалимдердин квалификациясын жогорулатуунун жаңы методикасы. Inno KG инновациялык сынагынын жеңүүчүсү

2020-ж., 17-July

Айнура Сагынбаева Ишкер айымдар күнүндө. Сүрөт: БУУӨП Кыргызстан

Балдарды окутууда мугалимдердин квалификациясы негизги ролду ойнойт. Ошондуктан, мугалимдердин квалификациясын үзгүлтүксүз жогорулатуу бүтүндөй билим берүү системасынын маанилүү бөлүгү болуп саналат.Бирок өлкөдөгү эпидемияга байланыштуу акыркы окуялар билим берүү системасына өзгөртүүлөрдү киргизип, аны онлайн режимине өтүүсүн талап кылды. Бул сектордун заманга ылайык өнүгүүсү үчүн БУУӨПтүн Инновациялык чечимдер сынагында «The Smart Way to Prosperity with Dynemic Education» аттуу долбоор колдоого алынган. Жеңүүчүлөрдүн бири DynEd долбоору англис тилин мультимедялык программа боюнча үйрөнүүнү сунуштайт. Ушул система боюнча Кыргызстандын ар кайсы шаарларында 20 мугалим билим алып жатат. Тил борборунун директору Айнура Сагынбаева долбоорду ишке ашыра баштады жана англис тилин алыстан окутуунун ыкмасы жөнүндө айтып берди.

 “Долбоордо Бишкек, Балыкчы, Ош, Чолпон-Ата шаарларынын англис тил мугалимдери катышып жатат. Биздин методология англис тилин каалаган жашта, каалаган аймакта жана дэңгээлде үйрөнүүгө мүмкүнчүлүк бергендиги үчүн кубанычтабыз. Кандай гана болбосун ар дайым жаңы нерселерди үйрөнүүгө умтулуш керек. Азыркы учурда 4 киши жумушсуз, бул долбоордун натыйжасында мугалимдер жумуш орундарын таап, онлайн режиминде иштөө мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат алышат”.

Айнура Сагынбаева, долбоордун жетекчиси. 

Долбоордун катышуучуларынын жашы ар кандай, эң улуусу 60 жашта. Алла Викторовна мамлекеттик мектепте англис тилинен сабак берет. Өзүнүн жашына карабастан ал ар дайым билим дэңгээлин жогорулатып туруу зарыл деп эсептейт. Себеби, жаңы муундун балдарынын аң сезими өзгөчө жогору. Башында катышуучу айымга инновациялык технологияларды өздөштүрүү кыйын болгонуна карабастан, азыркы убакта ал онлайн окуу методикасын өздөштүрүп алды.

 “Билим алуу курсу ыңгайлуу жол менен түзүлгөн. Студент каалаган дэңгээлде окуй алат: баштапкы, орто жана жогорку. Бардык онлайн окуу китептери кызыктуу көнүгүүлөрдү камтыйт, төрт өнөрдүүлүктү өнүктүрүүгө багытталган – түшүнүү, ооз эки сүйлөө, окуу жана жазуу. Мага абдан жагат”.

Алла Кольцова, долбоордун катышуучусу.

Долбоордун катышуучуларынын көпчүлүгү англис тилин башталгыч дэңгээлде билишет. 5 адам гана англис тилин жетишкен дэңгээлде билет, алар жеке тил борборлорунда иштешет.

 “Долбоордун ар бир катышуучусу өз тил дэңгээлин жогорулатат деп ишенем, эң башкысы билим берүүнүн жаңы методун көрүшөт, мында окуу процессинин борборунда студент турат; ар бир окуучуга жекече мамиле жасалат; эң негизги максат – окуучунун натыйжасы жана анын жөндөмү; калыс жана объективдүү баалоо системасы; окуунун натыйжаларын жакшыртуу боюнча ар дайым байланыш түзүү; өз алдынча иштөө жана тил чөйрөсүнө толугу менен киришүү.

Англис тилинен тышкары жеке өсүш боюнча бир нече мастер-класстарды өткөрөбүз. Биздин максат – ийгиликке жетүүгө ар бир адамга салым кошуу!

Ийгиликтүү мугалим – ийгиликтүү студент!”

Айнура Сагынбаева, долбоордун жетекчиси.

Демек, 20 мугалим (үч топ) күн сайын үйүндө өз түзмөктөрүндө Dyned программасы боюнча онлайн аркылуу билим алууга мүмкүнчүлүгү бар, программага 24/7 саат бою кирүүгө болот. Өз алдынча иштөөдөн тышкары, мугалимдер жумасына 5 жолу Steppe Learning KG борборунун мугалимдери менен бирге Зум каналында окушат. Натыйжада, интенсивдүү курс айына 60 сааттан жогору өтөт. Июль айынын айагында ар бир катышуучуга СЕFR эл аралык стандартына ылайык сертификаттар берилет. Андан кийин, 3 мыкты мугалим тандалып алынат, алар август айынан сентябрь айына чейин DynEd методикасын үйрөнүүгө мүмкүнчүлүк алышат. Бул тренинг методиканын теориясын жана практикасын өзүнө камтыйт. Долбоор аяктагандан кийин 20 окуучу CEFR сертификатына ээ болушат.