24/7 саат бою байланышта: коронавирус Кыргызстандын телемедицинасын өзгөрттү

2020-ж., 2-July

Жакынкы мезгилде БУУӨП тарабынан берилген грант боюнча мобилдик тиркеме түзулөт, анда бейтаптар да, дарыгерлер дагы онлайн режиминде консультацияларды өткөрүп, файлдар менен бөлүшүп медициналык баарлашуунун суроолоруна жооп ала алышат. Сүрөт: Арман Алибаев

Ушул жылдын Апрель айында ПРООН инновациялык чечимдер үчүн сынак өткөрдү, эки жуманын ичинде 70ден ашык сунуштар кабыл алынды. Конкурстун жеңүүчүлөрүнүн бири телемедицина тууралуу долбоор болуп саналат. Prime Clinic медициналык борбордун жетекчиси Арман Алибаев телемедицина пандемия менен күрөшүүгө кандайча жардам берери жөнүндө айтып берди.    

Коронавирус инфекциясынын жайылышы дүйнө жүзүнүн саламаттык сактоо сисетмасы үчүн жана биздин өлкө үчүн чоң көйгөй болуп калды. Дарыгерлер буга чейин болуп көрбөгөндөй кыйынчылык менен бетме-бет кездешишти, бул жагдайды жеңилдете турган санариптик чечимдер актуалдуу болуп калды. Медициналык борбордун жетекчиси ден-соолука байланыштуу ар кандай маселелер боюнча жарандарга алыскы аралыктан консультация берүүнү уюштурду, ошону менен бейтапканага баруу зарылдыгын жеңилдетти. Бул, өз кезегинде коронавирустук инфекциянын жайылышын азайтат.

“Азыркы учурда биз PrimeDoc сайтын түздүк, бул сайтта биздин даарыгерлердин каталогу бар жана онлайн аркылуу жазылууга болот. Консультациялар WhatsApp тиркемесинде өтүп жатат. Бейтаптардын маалыматтарынын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн “электрондук медициналык карта” мобилдик тиркемени киргизүү керек. Бейтап кабыл алынгандан кийин консультацияларды, кат алышууларды, тиркелген документтерди, сунуштарды көрө алат. Медициналык мекемелердин жетекчилери мурдагыдай эле эсепти жана статистиканы жүргүзө алышат”. -  Арман Алибаев.

Арман Алибаев, Prime Clinic медициналык борборунун директору. Сүрөт: жеке архив

Тиркеменин иштөө алгоритми:

- Колдонуучу өзүнүн телефон номери аркылуу мобилдик тиркемеде катталат.

- Өзүнө керектүү дарыгерди тандайт жана график боюнча бош убактысын тандайт.

- Андан кийин ал мобилдик капчыктар же терминалдар аркылуу төлөөгө болот. Учурда биз интернет -эквайрингге туташуу маселеси боюнча иштеп жатабыз, андыктан колдонуучуларга банк картасы аркылуу төлөөгө мүмкүнчүлүк берилет.

- Администратор кабыл алынгандыгын ырастап, шилтемени бейтапка жөнөтөт.

- Тандалган убакытта бейтап дарыгер менен байланышып консультация алат.

Арман Алибаев белгилегендей, мобилдик тиркеме ишке киргизилгенден кийин дарыгерлер күнүнө 50 бейтапка чейин консультация беришет. Консультациялар төлөнөт, болжол менен 250 сом турат. Азыркы учурда медициналык кардарлардын жетишсиздигине байланыштуу дарыгерлер акысыз кеңеш берүүгө мүмкүнчүлүгү жок, көпчүлүк дарыгерлер бир нече жерлерде иштеп, аз айлык алышат. 

Сүрөт: Арман Алибаев

Арман Алибаев белгилегендей, мобилдик тиркеме ишке киргизилгенден кийин дарыгерлер күнүнө 50 бейтапка чейин консультация беришет. Консультациялар төлөнөт, болжол менен 250 сом турат. Азыркы учурда медициналык кардарлардын жетишсиздигине байланыштуу дарыгерлер акысыз кеңеш берүүгө мүмкүнчүлүгү жок, көпчүлүк дарыгерлер бир нече жерлерде иштеп, аз айлык алышат.