Баланы АИВден, кургак учуктан жана Covid-19 кантип сактоо керек тууралуу биздин кеңештер

2020-ж., 1-June

Балдарды кургак учуктан коргоого арналган китепчелер. Сүрөт: Марион Биремон / БУУӨП Кыргызстан

БУУӨП/Глобалдык фонд долбоорунун адистери балдарды АИВден, кургак учуктан жана  COVID19 кантип коргоо керек тууралуу кеңештери менен бөлүшөт.  Негизгиси –балдарга  бул  оорулар, алардын жугуу жолдору жана симптомдору жөнүндө ачык айтуу, балдардын иммунитетин көтөрүү жана медицина жардамына өз убагында кайрылуу.   

Баланы АИВден кантип сактоо керек?

  • АИВ-инфекциясы жана анын жуктуруу жолдору жөнүндө көбүрөөк маалымат топтогула, анткени балаңардын көп суроолоруна жооп берүүгө даяр болшуңуз керек
  • Балаңызга АИВ жөнүндө өзүңүз айтып бергиле. Интернетте туура эмес маалымат көп 
  • АИВге туруктуу тест тапшыруу менен балдарыңарга үлгү болгула
  • Балаңар менен ден соолуктун маанилүүлүгү жөнүндө сүйлөшкүлө 
  • Балдарды окутуп, сексуалдык жана репродуктивдүү саламаттыкка тиешелүү маселелерди өзүңөр түшүндүрүп бергиле
  • Балаңар уялбастан өзүнүн көйгөйлөрү тууралуу сиз менен талкуулап, кызыктырган суроолорун бере алгандай кылып,  балаңыз  менен ортоңордо ишеничтүү абалды түзүп алгыла
  • Тиешелүү үлгү көрсөтүп, баланы толеранттуулукка тарбиялагыла. 

Жаш пациент Республикалык кургак учук борборунда дары ичип жатат. Сүрөт: Марион Биремон / БУУӨП Кыргызстан

Баланы кургак учуктан кантип сактоо керек?

  • Балага кургак учук жөнүндө айтып бергиле  
  • БЦЖ вакцинасынан (кургак учукка каршы вакцина) баш тартпагыла
  • Баланы спорт менен машыгууга жана туура тамактанууга үгүттөө менен баланын иммунитетине кам көргүлө 
  • Эрте диагностикалоо максатында жыл сайын Манту сынамын өткөргүлө  (туберкулинди киргизүүдө атайын иммундук жоопту аныктоого жардам берген теринин үстүнө жасалуучу сынам)
  • Эгерде балаңыздын табити жоголуп, кургак жөтөл пайда болуп жана түнкүсүн тердеп баштаса, милдеттүү түрдө жакынкы медициналык мекемеге консультация алууга жана текшерилүүгө кайрылгыла 
  • Эгерде балаңыз кургак учук менен ооруган адам менен байланышта болсо, врачтарга айтуу зарыл  

Баланы Covid-19 кантип сактоо керек?

  • Жөтөл бар болсо, беткап кийгиле 
  • Гигиенанын маанилүүлүгүн түшүндүрүп, баланы колун туура жууганга үйрөткүлө 
  • Социалдык аралыкты сактоону практикада колдонгула 
  • Коомдук жерлерге жана транспортко кирген учурда беткаптарды, кол каптарды жана санитайзерлерди колдонгула 
  • Ден соолугуңузга байланыштуу көйгөйлөр пайда болсо, өз алдынча дарылануу менен алектенбегиле 
  • Коронавирусту алдын алуу чараларын  сыйлагыла 
  • Баланы спорт менен машыгууга жана туура тамактанууга үгүттөө менен баланын иммунитетине кам көргүлө 
  • Өзүңүздүн жана жакындарыңыздын сактыгына кам көргүлө!