Кургак учуктан жабыркаган балдардын көпчүлүгүнө пандемиядан улам диагноз коюлбай келет

2020-ж., 17-June

Улуттук фтизиатрия борборунда Эл аралык балдар күнүн майрамдоо, 2019-жыл. Сүрөт: Марион Биремон / БУУӨП Кыргызстан

Он беш жаштагы Анвар апасы кечки тамак ичүүгө чакырып, үйүн көздөй велосипедин тээп жөнөдү. Жаш, келишимдүү, максатка умтулган жана күчкө толуп турган уланды көргөн жөнөкөй бейтааныш, аны мындан төрт ай мурун кургак учуктан дарыланып чыкты деп эч айтпайт эле. Анвар кургак учук менен 14 жашында ооруп калды. Ал жашоосундагы ошол катаал учурду эсинен чыгарганы менен, ал учурдагы дем алуунун өтө оор болгону дагы деле эсинде.

Оорусунун кыйын экенине карабастан, балага ийгилик жылмайды. Анын туугандары жана жакындары анын оорусун кадыр эсе көрүнүш катары карап, аны таштап коюшкан жок. Тескерисинче, аны менен дарыгерге текшерүүгө, анын айыгып чыгышына карата бардык жолго барышып, ага чоң колдоо көрсөтүштү. Дарылангандан 6 ай өткөн соң, Анвар айыгып, ал азыр достору менен футбол ойноп жүрөт. «Болгону баарына чыдап, баарын көтөрө билип, дарыларды ичиш керек. Дарыланууну таштап салуу менин оюма да келген жок, таштап салбаганыма кубанам» - дейт ал, караңгы кирип кете элегинде көчөдөн үйгө кирүүгө шашып жатып.

2019-жылы Кыргыз Республикасында кургак учук менен 314 бала катталган, бирок алардын 29% (92) гана өз диагнозунун бактериологиялык тастыктамасын алган.  

Анвар велосипед тээп баратат. Сүрөт: жеке архив

Өз мезгилинин диагностикасынын маанилүүлүгү

Кургак учук – эгер өз убагында диагноз коюп, дарыланса айыга турган оору. Тилекке каршы, көпчүлүк учурда балдар арасында андай болбойт. Анткени балдарда кезиккен кургак учук көптөгөн белгилер менен коштолушу мүмкүн, алардын айрымдары башка ооруларга окшош келет, көпчүлүк учурда ага кеч диагноз коюлуп, оорунун кооптуу түрлөрүн алып жүрүшү мүмкүн.

«Балдар кургак учук менен ооруп калганда дайыма эле жөтөлө бербейт», - деп түшүндүрөт Айсалкын Тешебаева, Фтизиатрия улуттук борборунун балдар бөлүмүнүн башчысы. «Ата-энелерди эмне тынчсыздантып, консультация алууга эмне түрткү болушу керек – бул баласынын жүрүм-турумундагы өзгөрүү. Бала кургак учук жугузуп алса, кичинекей балдар өтө активдүүлүгү артат же тескерисинче пассивдүү боло баштайт, алар абдан чыргоо болуулары да мүмкүн. Мисалы, аларга мурда жактырып жеген тамагы жакпай баштайт. Эртең мененкисин алардын жаздыгынын суу болуп, тердегенин байкашыңыз мүмкүн. Тамакка болгон табити жакшы болсо да, салмак кошпой коюшу мүмкүн», -дейт Айсалкын Тешебаева. Кургак учуктун айырмаланган белгилери (түнкүсүн тердейт, эки же андан көп жума жөтөлүүсү, температуранын жогорулашы, салмактын азайышы же тамакка болгон табиттин жоголушу), жүрүм-турумунун өзгөрүшү, же кургак учук менен ооруган адам менен байланышуусу - ата-энелерди медициналык жардам алууга жана баланы кургак учукка карата текшерүүгө түртүшү керек.

Диагностика Covid-19дан улам кечеңдеп жатат

Глобалдык Фонддун грантынын алкагында, ПРООН балдар кургак учугунун диагностикасын жана дарылануусун колдоп, кургак учукка шектелген балдар үчүн компьютердик томография жүргүзүүнү каржылайт. Бул оорутпай турган диагностикалык ыкма, кыска мөөнөттө оору андан ары кирип, дарылоого кыйын болуп калганга чейин болжолдуу диагнозду тастыктоого жол берет. 2019-жылы 616 бала жана өспүрүм ПРООНдун аркасы менен компьютердик томографиянын жардамы астында текшерүүдөн өтүп, алардын 157си диагноз тастыктамалары менен дарыланууну баштады. 

Тилекке каршы, балдар кургак учугунун, жалпы жонунан кургак учуктун диагностикасы Covid-19 пандемиясынын жана жаңы вирустун жайылып кетишин чектөө үчүн кабыл алынган карантиндик чаралардын күчөгөн мезгилинде токтоп калды. «Жаңы пандемия чыга баштаганы, балдар кургак учугунун жаңы консультациялары же оорунун табалышы боюнча жаңы учурлар катталган жок», - деп тынчсызданат Айсалкын Тешебаева. «Эми көңүл чордону Covid-19га бөлүнүп калды. Эл ушундай критикалык абалда турса, медициналык жардам сурап кайрылышпайт.  Айрым балдар ооруканалары жана бөлүмдөрү мурда бизге бейтаптарын кургак учукту диагностикалоо үчүн жөнөтүшчү», - дейт ал, өлкөдөгү балдар кургак учугу менен болгон кырдаал өтө начарлабайт деген ишеним менен.

Жаш бала Улуттук фтизиатрия борборунда кургак учуктан дарыланып жатат. Сүрөт: Марион Биремон / БУУӨП Кыргызстан

Үйдөгү байланыштарды изилдөө

Өлкө боюнча иш алып барган, ПРООНдун кейс-менеджерлери КУ-бейтаптар жана алардын жакындары менен байланышын улантууда. Алардын ролу бейтаптарга колдоо көрсөтүп, алар өздөрүн дарылоону улантып жатканын, КУ-бейтаптар менен чогуу жашаган адамдарга маалымат берүү жана аларга кургак учук оорусу жукпаганын туруктуу текшерүү.  Баткен облусунда, кейс-менеджер Жыргалбек 2 баласын томографиядан өткөрүү үчүн Ош шаарына алып кетүүнү 2 ай күтүүгө мажбур болгон.  

«6 жана 10 жаштагы балдар кургак учукту аныктап, дарылоону мүмкүн болушунча эртерек баштоо үчүн КТ жүргүзүүгө муктаж», - деди Жыргалбек. Бул үй-бүлөнүн калган мүчөлөрүнүн баары кургак учук менен оорушкан же азыркы учурда ооруп жатышат.  «Алар абдан уяла турган шарттарда, жакшы желдебеген жалгыз караңгы бөлмөдө күн кечирүүдө, каржы жагынан да каржалып турушат. Алардын эжеси дарылоону аяктаган, бирок толук сайкайган эмес, дарыланууда жүргөн үй-бүлөнүн башка мүчөлөрү абдан кеч сакайышууда, анткени алар абдан начар тамактанышат» - деди Жыргалбек.  

Айсалкын Тешебаева, Улуттук фтизиатрия борборунун дарыгери. Сүрөт: Марион Биремон / БУУӨП Кыргызстан

Алардын ал-жайын тез-тез сурап, айрым ӨЭУ бөлүштүргөн гуманитардык жардамдарды алууга жардам берет, кургак учук боюнча окутуу өткөрөт жана алардын дарылануусун текшерет. «Балдарда эч кандай симптомдор жок. Бирок мен аларга Манту жасатып алуусун өтүндүм, аларда  реакция катуу болду, бул балдар дагы ооруну жугузуп алуу мүмкүндүгүн көрсөтүп турат. Биз дарылоону мүмкүн болушунча эрте баштайбыз деп ишенем», - деди Жыргалбек, ал дартты өз учурунда аныктоону жана кургак учукту дарылоонун маанилүүлүгүн түшүнөт.

Дүйнө жүзүндөгү окумуштуулар  Covid-19 пандемиясынын кесепетинен кургак учук менен күрөшүүгө жетишүүдө кыйла артта калганыбызды айтууда.  ПРООН/Глобалдык фонд долбоору жана анын өнөктөрү кургак учукту алдын алуу, аныктоо жана дарылоо үчүн глобалдык пандемия кесепеттерин минималдаштырууга болгон аракеттерин жасашууда.