Ысык-Көл облусундагы тоолор. Сүрөт: БУУ Кыргызстан

COVID-19 эпидемиясы дүйнөлүк экономикага жана ошондой эле Кыргызстандын финансылык (каржы) системасына өзүнүн таасирин тийгизди. Пандемиянын натыйжасында кризисти башынан өткөргөн бизнес тармагы өзүнүн ишин калыбына келтирүү боюнча аркеттерди кылып жатат. Өзгөчө жабыр тарткан экономиканын тармагы туризм болуп эсептелет. Карантиндик чектөөлөрдү алып салгандан кийин дагы чет өлкөлөргө саякаттоо кыйын болот. Кандай болбосун  туристтик бизнести калыбына келтирүү керек. Туристтик чөйрөнүн бардык тармактары жабыр тартты, алардын ичинде: туроператорлор, туристтик агенттиктери, аба агенттиктери, мейманканалар, боз үй шаарчалары, коомдук тамактануу жана башка. “Соодага жардам көрсөтүү” долбоорунун алкагында биз Кыргызстандын туристтик бизнесинин абалы тууралуу туристтик тармактын өкүлү менен маек курдук.

“Мурунку жылдарда чет элдик туристердин биздин өлкөгө болгон агымынын динамикасы байкалган. Жайкы мезгилде Ыссык-Көлгө келген туристтердин көпчүлүгү Узбекистандын, Казахстандын жана Россиянын жарандары болсо, активдүү туристтердин катарына алыскы чет өлкөлөрдөн келген жарандар кирет, алар Жибек Жолундагы биргелешкен турларды баалашат. Эгерде турист Узбекистанга тур сатып алса, ал ошонун ичинде Кыргызстанды, Таджикистанды жана Туркменистанды дагы көрүп кетет. Коронавируска жана чек аралардын жабылышына байланыштуу туризм бүткүл дүйнө жүзү боюнча өзүнүн ишин токтотту. Чек аралар ачылгандан кийин туристтердин агымы мурунку жылдардай болбойт.”

Назгуль Эстемесова

Курорттордун бирикмесинин Президенти 

Назгүл Эстемесова, Кыргыз Республикасынын Курорттор Ассоциациясынын президенти. Сүрөт: Жеке архив

Ысык-Көл региону жыл бою жайкы туристтик сезондун кирешеси менен жашайт, ал сезон 1,5-2 ай уланат. Азыркы учурда Курорттордун бирикмесинин катарында 22 объект бар, алардын ичинде: дарылоо процедураларын көргөзгөн санаторийлер, курорттор, мейманканалар кирет. Бул объекттерде иштеген жумушчулардын жалпы саны 4000 жумуш орунун түзөт.

“Биз чет өлкөлүк коноктор менен иштейбиз жана аларды биздин өлкөгө тартабыз. Баш тарткандардын саны 80% түздү, алардын ичинде мейманканалар дагы бар. Көпчүлүк адамдар чек аранын ачылышын жана кырдаалдын туруктуу абалга келишин күтүп жатышат. Бул боюнча бизде азырыннча толук маалымат жок бирок Кытайда жана Европада карантиндик чараларды жумшарта баштады. Жакында биз дагы жумушубузду кайтадан баштайбыз деген үмүтүбүз бар. Бирок мурунку күтүлгөн объемдор болбойт.”

Максат Конушалиев,

 «Makstour» турсайттын негиздөөчүсү

Айтмакчы, туризм өлкөнүн Ички Дүң Продуктунун 5% түзөт. Акыркы жыл боюнча кызмат көрсөтүүнүн экспорту 613 млн долларды түздү, импорт 379 млн доллар (булак – КР Туризм Департаменти). Туристтик тармактагы бизнесмендердин айтымында быйылкы жылга чоң пландар койулган, коноктордун саны былтыркы жылга салыштырмалуу 15-30% өсүшү кутүлгөн. Мүмкүн ошондуктан кыргызстандыктар бул жылы жайкы дем алуусун үйдө өткөрүшөт, саякаттого мүмкүнчүлүк болбойт. Бирок бул жерде дагы өзүнүн жакшы жактары бар, мисалы ички туризм. COVID-19 көрсөткүчтөрү төмөн түшпөйүнчө көпчүлүк адамдар чет мамлекеттерге баруудан баш тартышат. Мындай шарттар өзүңдүн мекениңди изилдөөгө мүмкүнчүлүктөрдү түзөт. Ошону менен бирге өлкөнүн ичиндеги туризмге карата жеке ишкерлер пландарын түзүп жатышат.

Максат Конушалиев, Makstour сайтынын негиздөөчүсү. Сүрөт: жеке архив

“Көпчүлүк мекендештерибиз чет өлкөнүн көп шаарларында болушкан, бирок өзүнүн өлкөсүн өтө жаман билишет, бизде кереметтүү жерлер абдан көп! Бекеринен эмес акыркы жылдардын арасында туризм боюнча дүйнөлүк жогорку журналдар жана онлайн басма-сөздөр Кыргызстанды белгилеп кетишкен. Кээде чет элдиктер сервиске арызданышат, бирок биз акысына байланыштуу кызмат көрсөтөбүз. Көпчүлүк адамдар акчасын короткусу келбейт. Биздин өлкөдө бюджеттик жана ошол эле учурда масштабдуу эс алуунун жолдору бар. Андан тышкары биз бир нече жолу VIP-турларды өткөргөнбүз, кардарлар сервиске жана майда-чүйдөгө талап коюшкан, натыйжада баардыгы ыраазы болуп кетишкен.”

                                                                                 Максат Конушалиев,

 «Makstour» турсайттын негиздөөчүсү

Абдыкадыр Алиев, Түштүктөгү Туризмди өнүктүрүү Советинин Жетекчиси . Сүрөт: жеке архив

Кыргызстанда көпчүлүк ишканалар бизнести жеке байланыш менен түзүшөт (ресепшн, документтерди тапшыруу). Азыркы учурда көпчүлүк кызмат көрсөтүүчү ишканалар онлайн-форматка өтүштү, мүмкүн жергиликтүү туркомпаниялар дагы санариптүү технологияларга жакынкы арада өтүшөт. Азыркы учурда көпчүлүк чөйрөлөр бул тармакты өздөштүрүп жатышат. Өзүнүн багытын өзгөртө алган ишканалар алдыңкы катарга өтө алышат.

Дүйнөдөгү 100% тур багыттарына 2020 жылдын 30-апрелге карата  тыюу салынган. Тарыхта эч качан мындай болгон эмес. Дем алыш күнгө карата турлар жана кыска эс алуу туралар чечим катары каралат. Алыскы чет өлкөлөргө багытталган көпчүлүк туристтик ишканалар азыр ички рынокко карата багытын өзгөртө башташты. Эксперттердин айтымында биринчи убакта жакын жерде жайгашкан эс алуу жерлерге адамдар көп бара башташат. Бирок, убакыт өткөн сайын экономика калыбына келип, элдердин кирешеси көбөйүп, алар эс алууга кете башташат. Акыркы убакта биргелешкен турлар белгилүү боло баштады, алар тууралуу биз Туризмди өнүктүрүү Советинде билдик.

Ош шаарына саякаттап келген туристтер бир нече өлкөлөрдү бир жолу көрүп кеткиси келет, биз аларга биргелешкен тур-пакеттерди сунуштайбыз. Бул тур-пакеттерге Таджикистан, Кыргызстан жана Узбекистан кирет. Туристер Оштон чыгып кетишет. Ленин чокусунун алдында биз топоздор менен турларды уюштурдук. 10го жакын топоздорду минме болот. Алар турларга жетектөөчүлөр менен чыгышат. Түштүктө этно-туризм жакшы өнүгүп жатат. 2 жыл мурун Кыргыз-Ата улуттук паркында боз-үй лагери ачылган.  Ал боз үйдүн ичинде туристтер өздөрүн чыныгы көчмөн эл катары сезе алат, бул боз-үй шаарчасында улуттук шоу, оюндар жана кыргыз фолклору өткөрүлөт.

                                                      Абдыкадыр Алиев,

Түштүктөгү Туризмди өнүктүрүү Советинин Жетекчиси

Көпчүлүк кыргызстандыктар түштүктөгү кооз жерлердин баардыгын толук билишпейт, бул тууралуу Түштүк Туризмди өнүктүрүү Советинде айтып өтүшкөн. Бул Совет ошондой эле чет өлкөлүк туристтик рынокторду дагы изилдейт. Кошуна өлкөлөрдүн тажрыйбасын үйрөнүп, биздин өлкөдө дагы “ден-соолук паспортун” киргизүү пландары бар. Бул документ ишкана кызматчылардын ден-соолугунун абалын көргөзөт. Ден-соолук тууралуу паспорттун болуусу туристтик ишканалардын ишенинин артырруга шарт түзөт. Туристтик бизнести гана эмес жана башка бизнестерди калыбына келтирүү көп иш аракеттрди жумшайт. Биздин респонденттер тууралуу ачык пландарды жүргүзүп иш аракеттерди калыбына келитрүүгө болот. 

Icon of SDG 08

БУУӨП БУУӨП Дүйнөдө