“Карантин –мүмкүнчүлүктөрдү да берет”. Ишкер айымдын ийгилиги

2020-ж., 15-May

Айнура Сагынбаева, ишкер жана БУУӨПтүн Борбор Азиядагы соодага көмөктөшүү программасынын устаты. Сүрөт: БУУӨП Кыргызстан

Дүйнө жүзүндө коронавирустун таратылышынын натыйжасында көпчүлүк өлкөлөр анын терс кесепеттерине даярдык көрүп жатышат. Пандемия биздин өлкөбүздүн пландарын дагы бир кыйла өзгөрттү. Көпчүлүк ишканалар өздөрүнүн эң баалуу кызматчыларын акы төлөнбөгөн дем алууга жөнөтүүгө аргасыз болушту, ал эми кээ бир ишканалар убактылуу жабылышты.

Бирок кризис учуруна карабастан жумушу көбөйгөн ишканалар дагы бар. Бирок кээде бул иш чөйрөгө жана жеке ишкердин өзүнө байланыштуу болот.

Айнура Сагынбаева – БУУӨПтун “Соодага жардам көрсөтүү” долбоору боюнча ишке ашырылган устат программасынын тарбиячысы бир нече жеке бизнестеринин ээси. Эпидемия башталгандан тартып жеке ишкердин бир дагы бизнеси жабылган жок. Баардык ишканалары инновациялык талапка туура келишет жана карантин учурунда иштеп жатышат. Жеке ишкердин Кыргызстандын ичинде иштеген кызматкерлердин чоң штаты бар.

“Карантин учурунда биз тендерлерге катышып жана долбоорлорду ишке ашырып жатабыз, буга мен кубанып жатам. Бул карантин убагында биз 3 тендерди утуп алдык. Бизде жумуш жетиштүү, бардык ишкерлер өзүнүн иши менен алек, алар үйдөн иштеп айлык акысын алып жатышат. Биз кээ бир маалымат топтоо жолдорун онлайн аркылуу жүргүзүп  жана телефон аркылуу суроо берүү жолуна өттүк.

Айнура Сагынбаева, жеке ишкер

Айнура Сагынбаева: "Биздин жумушубуз жетиштүү - кызматкерлер дайым иш менен алек. Алар үйдө жана онлайн режиминде иштеп, эмгек акыларын алып жатышат". Сүрөт: БУУӨП Кыргызстан

Айнура 22 жылдан бери өзүнүн жеке бизнестерин алып бара жатат. Азыркы учурда ал консалтинг ишканасын башкарат, бул ишкана 6 чет өлкөлөрдө өзүнүн ишин алып барат. Консалтинг ишканасы Орто Азиянын аймагында иштеген эл аралык изилдөө агентствалары, алдыңкы европалык жана америкалык университеттери менен, бардык эл аралык уюмдар менен  иш алып барат.

Экинчи бизнеси – бул англис тилин үйрөтүүчү курстар. Бул курстар Орто Азиянын 5 өлкөлөрүндө ишин жүргүзөт. Бирок азырынча курстар Кыргызстанда гана иштеп жатат. 

“Азыркы убакта биз Кыргызстандын ичинде гана иштеп жатабыз. Бул биздин билим берүү жолубузду кыска убакыттын ичинде реформалоонун натыйжалуу жолу деп бардык командабыз менен ишенебиз. Биздин англис тилин үйрөтүү курстары  биргелешкен методиканы өзүнө камтыйт: тилди практика аркылуу өздөштүрүү үчүн онлайн платформа колдонулат жана офлайн үйрөнүү – коучинг, англис тилин окучуу 9 жылдын ичинде эмес, 2-3 жылдын арасында үйрөнөт”.

Айнура Сагынбаева, жеке ишкер 

Айнура Сагынбаева: "Эпидемияга байланыштуу, көптөгөн ата-энелердин материалдык мүмкүнчүлүктөрү төмөндөдү. Ж.Ф. Курактын достору жана мүчөлөрүнүн жардамы менен биз ар кандай чөйрөдөгү студенттерибизге биргелешип каржылоого жетиштик. Чындыгында, алардын пандемиядан жаңы мүмкүнчүлүктөр менен чыгышын каалайбыз". Сүрөт: БУУӨП Кыргызстан

Жеке ишкердин айтымында, азыркы пандемия убагында мектеп окучуулар математика, биология, химия, ИТ, тарых жана башка сабактарын бекер жана сапатту онлайн каражаттары аркылуу англис тилинде үйрөнүүгө жолдор бар. Окучууларда сапатту билим алууга көп мүмкүнчүлүктөр бар. Ошондуктан, Айнура  бизнесин онлайн түргө өткөрүп бүгүнкү күндө англис тил мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу иштерин жүргүзүп жатат.

Карантин убагында жумуштун көбөйгөнүнө карабастан, Айнура эпидемия убагында ар түрдүү чөйрөдөгү жабыр тарткан ишкерерлерди колдоду. Атап айтканда, жеке ишкер бир нече мугалимдерди жана башка ишкерлерди карантиндин алдында жумушка кабыл алды. Бардык мугалимдер азыркы убакта жумуш менен камсыз болгон жана эмгек акысын алып жатышат. Андан тышкары жеке ишкердин ишканасы социалдык иштерди ишке ашырды.

 “Эгерде айым өзүнө англис тилин үйрөнүү программасын бир айга сатып алса, биз анын баласын бекер үйрөтөбүз. Биз үчүн бул биздин байлыгыбызды колдоо, үй-бүлөөнүн байлыгын, үзгүлтүксүз окутуунун байлыгын колдоону билдирет. Эне менен бала бир-бирине жакын болуп, бирге окууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Ошондой эле биз балдары аутизм менен ооруган энелерге колдоо көрсөттүк. Аутизм менен ооруган балдар бизде көптөн бери билим алып жатышат жана жакшы натыйжаларды көрсөтүштү. Эпидемияга байланыштуу көпчүлүк ата-энелердин финансылык мүмкүнчүлүктөрү начарлады. Ошондуктан биздин досторубуздун жана Курак Айымдар Форумунун жардамы менен биз студенттерге финансылык жактан жардам көрсөттүк. Бул эпидемия учурунда биздин окуучулар жаңы мүмкүнчүлүктөргө ээ болууну каалайбыз.   

Айнура Сагынбаева, жеке ишкер

Кризис – бул жаңы шарттар, жаңы мүмкүнчүлүктөр жана жаңы ыкмаларды издеп табуу. Жеңишке ээ болуунун жолдорун ар дайым издеп табууга мүмкүнчүлүктөр бар. Бул ишеним менен Айнура 20 жылдан бери бир нече бизнестерди ийгиликтүү ишке ашырып келе жатат.