Калыбына келүүчү энергия булагынын Кыргызстандагы келечеги кандай?

2020-ж., 2-April

Айнагүл Рысмендеева, органикалык аймактык өнүгүү демилгесинин алкагында уюштурулган “Ак-Суу органик” жамаатынын лидери, күн энергиясын колдонгон аспап менен жашылча, жемиш жана чөптөрдү кургатат. Сүрөт: Татьяна Веденева

Кыргызстан салыштырмалуу түрдө кичинекей, аянтынын 90% көбү тоолор менен курчалган өлкө. Анын аймагында органикалык азыктарды өндүрүү мүмкүнчүлүгү чоң. 6,3 миллион жашоочунун 66% айыл аймактарында жашайт. Айыл-чарба өндүрүшүндө жумуш күчүнүн 20% топтолуп, ал өлкөнүн ИДПнын 12% түзөт.

Электр энергиясын өндүрүү дарамети 3945 мВ болуп, бир жылда 12-15 миллиард кВт түзөт. Жалпы электроэнергиянын 92% гидроэлектростанцияларында өндүрүлүп, “жашыл энергия” деп эсептелет. Бирок, калыбына келүүчү энергия булактарын колдонгон станциялардын (кичи суу станциялары) өлчөмү 2018-жылы 1,38% гана түздү. Үй тиричилигинде энергиянын 57% сарпталат, ал эми жылуулук энергиясынын 85% бул максатта колдонулат.  Ушул эле учурда электроэнергия индустриясындагы жабдыктардын эскирүү деңгээли 50-70% түзүп, бул тармактын стабилдүү иштөөсүнө тоскоолдуктарды жаратат. Буга кошумча, бул кырдаал энергия тармагындагы авариялардын санынын өсүү коркунучун жаратат.

Калыбына келүүчү энергияга кызыгууну арттыруу чарасы

2013-жылы Кыргызстанда өндүрүлгөн энергиянын бардыгы сарпталып, кийинки жылы болсо өлкө экспорттук өлкөдөн импорттук өлкөгө айланды. Акыркы 8 жылда энергияны сарптоо 83% түздү. Ал эми керектөөчүлөрдүн саны болсо 17% гана өстү. Кийинки жылдарда энергияны сарптоо калктын өсүүсү менен шартталмакчы. Мындай өсүштү камсыздай алчу өндүрүш потенциалы жок.

Электр тарифтери үй чарбалары үчүн 0.01 цент (АКШ) баасында берилип, ал эми бизнес сектору үчүн 0.03 центти түзөт. Ушул эле учурда аны өндүрүүнүн баасы 1 кВт – 0.26 цент турат. Башкаруу системасынын айкындыгынын жоктугунан улам калктын ишеним деңгээли төмөн – 65% үй чарбаларынын  ою боюнча электр тарифи кымбат жана аны төмөндөтүү керек.

Электр тарифтеринен көз каранды болуу энергия секторунда жоготууларга алып келүүдө – жаңыртуу жана инвестицияларга муктаждык, карыздын өсүшү жана калыбына келүүчү энергия булактарын колдоонун жоктугу чоң көйгөй болуп келет.  Натыйжада калыбына келүүчү энергия адистери, өнүмдөр жана фирмалардын саны аз болуп, алардын көбү Бишкекте жайгашат. Бул болсо керектөөчүлөргө жетиштүү консультация берүүнү кыйындатат.

Маркеттеги чектөөлөр болочок кардарларды калыбына келүүчү энергия жана өнүмдөр тууралуу маалымдоо жана демонстрациялоону чектеп, баанын кымбат, ал эми сервистин жана сатуудан кийинки тейлөөнүн төмөн сапатта болуусуна алып келет. Андыктан, керектөөчүлөрдү калыбына келүүчү энергияга кантип кызыкдар кылуу суроосу келип чыгат. 

Гүлшат Данапияев, Барскоон жол жээгиндеги кафенин ээси курутту даярдоодо күн кургаткычын колдонот. Ал сүзмөдөн жасалып, адатта көлөкө жерде 7-10 күн ичинде кургатылат. Курут туристтик өнүм катары кеңири сатылат – бир куруттун баасы 10 центти түзөт. Күн кургаткычы курутту жасоону тездетти – ал даярдалуу мөөнөтүн 2-3 күнгө чейин азайтып, Гүлшаттын кирешесин арттырды. Сүрөт: Татьяна Веденева

Чечимдер: кардарлардын керектөөлөрүнө шайкештик

Кубаттуулугу 1 кВт жана резервдик батареясы 9,6 кВт болгон фотоэлектрикалык системанын баасы 4000 АКШ долларына тете болуп, чыгымды актоо мөөнөтү 60 жылды түзөт. Ал эми көлөмү 135 литр болгон күн энергиясынын эсебинен суу жылытуучу системасынын баасы 1500 АКШ долларына тете болуп, өз баасын 17 жылда актайт. Мындай шарттарда калыбына келүүчү энергияны илгерилетүү үчүн биз технологиялык чечимдерди өзгөчө кардарлардын талаптарына шайкеш кылып, алардын арзан жана ишеничтүү болуусуна аракет кылдык. Бул стандарттар кыштын суук жана электр энергиясын берүүнүн стабилдүү эмес учурларына ылайыкташтырылган.

Өзгөчө кардарлар бул – мал жана бал аары багуу, эко-туризм жана ошондой эле эко-азыктарды жана чөптөрдүн өндүрүшүндө иштегендер. OFID тарабынан колдоого алынып, Кичи жана орто ишкерлерди колдоо долбоорунун ичинен убадалуу болуп эсептелген чечимдер - күн кургаткычтар, күн кубаттоочулар жана алдын-ала таңгакталган PV тутумдары.

Мисалы, мобилдүү конвекцияланган күн кургаткычы 10 кг өнүмдү кургата алат жана баасы 300 АКШ долларын түзөт. Майнаптуу болгон күн кургаткычын ылайыкташтыруу анын баасын азайтып, өндүрүмдүүлүктү жогорулатты.

Мындай кичи кургаткычтардын 25тен ашууну жергиликтүү микро-финансылык институттарга сатылып, ал эми 100 кг чейин кургата алган чоң кургаткыч болсо кичи кооперативдер тарабынан колдонулууга даяр. 

Күн кубаттагычы - бул алыскы туристтик лагерлер үчүн атайын иштелип чыккан продукт. Сүрөт: Сэм Бараталиев

Күн кубаттоочусу – алыскы туристтик лагерлерге ылайыкташтырылган. Ал бир нече лампочка, кичи муздаткыч жана электрондук аспаптарды кубаттоо үчүн колдонулган дизелдик генератордун ордун алды. 50W жана 300W версиялары 347 жана 835 АКШ долларына тете баада турат. 

Мисалы, чоң күн кубаттагычы Көл-Фест учурунда ийгиликтүү колдонулду. Фестиваль 2019-жылы Ысык-Көлдүн түштүгүндө эко-арт жана музыканын коштоосу менен ар кайсы өлкөдөн келген коноктордун катышуусунда өткөн. Лагерь учурунда күн кубаттоочусу 100дөн ашуун кишинин мобилдик аспаптарын кубаттай алды. Катышуучулар бир кубаттоо үчүн 25 цент төлөөгө даяр экенин айтышты. Бул кичи бизнес үчүн бир сезон ичинде анын наркын толугу менен кайтарууга мүмкүндүк берет. 

Ысык-Көлдөгү Көл Фест учурунда ийгиликтүү колдонулган ири күн кубаттагыч. Сүрөт: Татьяна Веденева

Кубаттуулугу 300W, батареясы 225Ah болгон панелдүү күн системасы 970 АКШ долларына тете баада турат. Ал берген энергия телевизор көрүү, сүт тартуу, кичи муздаткычты иштетүү жана LED жарыгын колдонуу сыяктуу базалык керектөөлөрдү камсыздай алат. 

Күн тутуму кубаттуулугу 300W болгон күн панелинен турат. Сүрөт: Сэм Бараталиев

Кыргызстан үчүн ылайыкташтырылган күн энергиясы чечимдери жөнөкөй көрүнгөнү менен ыңгайлуулук жана каржылык абалды эске алуу менен ишке ашып, жашыл энергия революциясынын үрөнү катары эсептелип келүүдө.