Коронавирусту кургак учуктан кантип айырмалоо керек? Адистин жообу

2020-ж., 21-April

Бактыгүл Алмерекова, БУУӨП/ Кургак учук боюнча Глобалдык Фонддун адиси Сүрөт: Марион Биремон / БУУӨП Кыргызстан

БУУӨПтүн кургак учук боюнча адиси жооп берет

Бактыгүл Алмерекова, БУУӨП/Глобалдык Фонд долбоору үчүн кургак учук боюнча адис,  COVID-19ду кургак учуктан кантип айырмалоо тууралуу айтып берди.

Эмне үчүн COVID-19 пандемиясы учурунда  адамдарга кургак учук диагнозу аз коюлууда?  

COVID-19 боюнча түзүлгөн кырдаалга байланыштуу кургак учук боюнча тынчсыздануу бар. Биздин калк кургак учуктун белгилери менен азыраак кайрылып калганынын себеби, кургак учук менен  COVID-19дун белгилери баштапкы абалында абдан окшош.  Биринчиси, бул бир аз кургак жөтөл, дене табынын жогорулашы, чыйрыгуу, алсыздоо. Бул белгилер COVID-19 да, кургак учукта да абдан окшош. Ошондуктан, жардамга кайрылган калктын көбү COVID-19 илдетине текшерилүүдө. Ушуну менен бирге калктын жана медицина кызматкерлеринин кургак учук боюнча сактыгы унутулуп калууда. COVID-19га  текшерилгендер терс натыйжа алган учурда, бул бейтапты курч респиратордук вирусттук инфекциясы сыяктуу башка инфекциянын соматикалык бейтабы катары дарылашат. Бирок клиникасы күчөгөн учурда, бейтап курак учук менен ооруганы аныкталат.    

Кургак учуктун негизги белгилери кандай?   

Ошондуктан кургак учуктун негизги белгилерин эске тутуу маанилүү: эки жумадан ашык кургак жөтөл, алсыздоо, чарчоо, дене табынын бир аз жогорулашы, табиттин жоголушу, кийинчирээк дене салмагынын төмөндөшү да мүмкүн. 

Эгерде сизде аталган белгилер бар болсо жана алар COVID-19 менен окшош болгон учурда, сиз милдеттүү түрдө медициналык мекемеге кайрылып, кургак учукка да анализ алууну өтүнүңүз, өзгөчө сиз кургак учук  менен ооруган адам менен байланышта болсоңуз.

Сиз врачтарга эмне деп айткыңыз келет?   

COVID-19 менен иштеп жаткан биздин медицина кызматкерлерине кайрылам – сураныч, кургак учук тууралуу унутпаңыз. Сурамжылоо учурунда, сиз бейтаптар кургак учук менен ооруган бейтаптар менен байланышы болгону тууралуу билсеңиз, COVID-19 менен бирге кургак учукка да текшерүү жүргүзүңүз.