Кургак учук мени жашоого үйрөттү: Нурайымдын күрөшү жана жеңиши

2020-ж., 11-March

БУУӨП / ГФ программасынын бенефициары Нурайым. Сүрөт: Марион Биремон / БУУӨП Кыргызстан

Кыргыз Республикасындагы БУУнун Өнүктүрүү программасы Глобалдык фонд грантынын алкагында дары-дармекке туруктуу кургак учук менен жабыркаган оорулууларга толугу менен акысыз берилүүчү сапаттуу дары-дармектерди кургак учукту дарылоо үчүн  сатып алат. БУУӨП/ГФ  ошондой эле, дары-дармекке туруктуу кургак учук менен жабыркаган,  дарылоо мөөнөтү эки жылга чейин созулган оорулууларга финансылык колдоо көрсөтөт.

Беш жыл мурун Нурайым эми мындан ары адам болбойм го деп ойлогон.  Ал ушунчалык катуу ооругандыктан тура албай калган. Азыр анын жылмайган жүзүнө жана жанып турган көздөрүнө карап туруп, кайсы бир учурда аны оорулуу болчу деп элестетүүгө мүмкүн эмес.

2015-жылы кышында Нурайым өзүнүн төртүнчү кызын төрөдү. Ал өзүн оорудан улам алсыз сезгендиктен, араң эле сүйүнгөнгө жарады. Ал КРВИны дарылоо үчүн кадимки дарыларды ичкенден кийин жөтөлү жакында өтүп кетет деп ойлоду. Бирок андай болбоду. 6 ай курулай өзүн өзү дарылоодон кийин гана Нурайым рентгенден өтүп, коркунучтуу кургак учук диагнозун билди.

“Акыр аягында ооруканага жатканымда салмагым 35 килограмм болчу” - деп эстейт Нурайым. Ал диагноз коюлар замат дарыланууну баштаган жок, анткени анын жакындары дарыгерлерге ишенишкен эмес эле. Ал тура албаган абалга жеткиче дарылануу тууралуу ойлогон да эмес.

Кайра бутка туруу

“Бир ай бою такыр тамак иче албадым. Ал тургай жута да албай калдым. Жети жаштагы кызым мага тамак бергенге аракет кылып, чай алып келип ичүүмдү суранып атты. Кээде жарым чыны чайды бир саатта араң ичкенге жарап жаттым” – деп ал эстейт.

Дарылануу керемет күчүн көрсөттү. Дарылангандан  бир жума өткөндөн кийин  Нурайым бир аз баса баштады. “Ооруканада кроваттан турган учурду эстеп турам. Басыш аябай оор болду, бирок дарыларды өзүм барып алайын дедим. Дубалга таянып басып атып, коридордон өттүм. Врачым мени көрүп, ыйлап жиберди – ал кубанычтын көз жаштары болчу, себеби мен ооруну жеңип, айыгып бараттым”. 

Улуттук кургак учук борбору, Бишкек, Кыргызстан. Сүрөт: Марион Биремон / БУУӨП Кыргызстан

Нурайым эки жыл ичинде күндө ичүүчү 25 таблетканын кыйыр таасирлерине карабастан дарыларды ичүүнү токтоткон жок. “Менин кайрадан жашагым келди” – дейт ал. Ал жана анын үй-бүлөсү өтө кедей жашашчу, бирок ал Улуттук Кызыл Жарым Ай Коомунан жардам алып турду. “Алар мага 1100 сомго (АКШнын 15 доллары) ваучер беришкенин эстеп турам. Мен ага көп буюм сатып алдым, өзүмдү ушунчалык бактылуу сезгендигимден  көз жашымды кармай алган жокмун”.

Стигма жана дискриминация менен күрөшүү

Нурайым  өзүнүн диагнозун алгач баарынан жашырып жүрдү. Ал стигмадан жана дискриминациядан коркту. “Ооруп калганым үчүн мен кимден уялышым керек?- деп ойлодум. Мен бул тууралуу ачык айта баштадым. Буга сүйүндүм, мага жардам берди. Алган моралдык, социалдык жана финансылык колдоосуз  кандай болоорун мен билбеймин”.

“Адам ооруганда жардамга муктаж. Ооруканада жатканымда энелери таштап кеткен кургак учук менен ооруган бейтаптарды көрдүм. Чайы, чайга салаарга канты жок оорулууларды көрдүм. Эгерде өзүңүздү сүйүктүү сезсеңиз, ишенээр адамыңыз болсо, анда Сиз тезирээк сакаясыз”. Көпчүлүк оорулуулар дарылануу узак жана оор  болгону үчүн дарыланууларын токтотуп салышат, анткени алар өздөрүн жалгыз жана бөлүнгөнсүп сезишет. Дарылануунун аягына чыгуу  – алар үчүн айыгуунун, ал эми коом үчүн – кургак учукту жоюунун  бир гана жолу болуп саналат.

“Дарылануу жардам берет жана ал толугу менен акысыз”

Азыр Нурайым  жашоо жөнөкөй болбосо да толук бактылуу. Ал Улуттук Кызыл Жарым Ай Коомунда волонтер болуп иштеп жатат жана кургак учук менен жабыркаган оорулуулар үчүн “теңге-тең” принциби боюнча колдоо топторунда катышууда. ”Дарылануу жардам берерин, жана ал толугу менен акысыз экендигин оорулууларга айткым келет”.

Бишкекте БУУ күнү учурунда БУУӨП кызматкери ромашка гүлү боюнча воркшоп өткөрүүдө. Ромашка гүлү кургак учук менен күрөшүүнүн символу катары белгилүү. Сүрөт: БУУӨП Кыргызстан

“Мен алган дары-дармектер жана колдоо үчүн өтө ыраазымын. Азыр  мен дагы жардам бергим келет. Ооруканалардагы оорулууларга жардам берүү үчүн көп акчалуу болгонду каалайт элем.” Өзүнүн араңдан зорго күн  өткөргөнүнө, жардамга келген эски кийимдерди кийгенине карабастан Нурайым кайрымдуулукка колунан келген нерсесин берүүдө. Эгер анын эки юбкасы болсо, анын бирин берет. “Кургак учук мага көп нерсени үйрөттү: үмүт менен жашоого, ойгонгондо ар бир аткан таң үчүн ыраазы болууга жана башкаларга жардам кылууга.”