Жаратылыштын келечеги – биздин колубузда

2020-ж., 15-January

Сансызбай Алиев (оңдо) “Алатай” жаратылыш паркынын аймагындагы рейд учурунда

Биз Бириккен Улуттар Уюмунун өнуктүрүү Программасынын (БУУӨП) кызматкерлери тууралуу рубрикабызды улантабыз. Бүгүнкү макаланын каарманы БУУӨПтүн  Токтогул райондук кеңсесинин айдоочусу Сансызбай Алиев. Ал Батыш Тянь-Шандын биоартүрдүүлүгүн сактоо долбоорунда акыркы үч жылдан бери айдоочулук кызматты аркалап келе жатат.

Алгач, Сансызбай мырза БУУӨПтүн командасына 2001-жылы кошулуп, бир катар долбоорлордо эмгектенип келген. Айта кетсек, ал жергиликтүү өз алдынча башкарууну күчөтүү, демократиялык башкаруу, андан соң 2013-жылга чейин балык чарбасындагы биоартүрдүүлүктү сактоо боюнча долбоорунда иштеген. 2017-жылга чейин “Борбордук Тянь-Шань тоолорундагы биоартүрдүүлүк сактоо” долбоорунда эмгек кылган.

«Ошол программалардын бир бөлүгү болуу мен үчүн чоң сыймык. Мисалы айтып кетсем, Ысык-Көл облусундагы бийик тоолуу айылдарды кыдырып, жаратылышты сактоо аракеттерине долбоордун айдоочусу катары салым кошо алдым. Азыркы учурда «Хан-Теңири» жаратылыш паркынын аймагында жапайы жаныбарлардын көбөйүшү, ошондой эле Ак-Суу районундагы жамааттардын демилгеси менен түзүлгөн орто жана чакан бизнестин ийгиликтүү иштеши буга мисал боло алат», - дейт сыймыктануу менен Сансызбай мырза.

«Алатай» жаратылыш паркындагы иш сапар учурунда

Ал 2017-жылдан тартып Батыш Тянь-Шандын биоартүрдүүлүгүн сактоого өз салымын кошуп келүүдө. “Бул долбоордун өзгөчөлүгү жаратылыш парктары бир облуста жайгашканы менен ага жетип баруу үчүн республиканынын Ала-Бел, Төө-Ашуу, Долон жана Сары-Кыр сыяктуу бийик тоолуу аймактарын кыдырып барууга туура келет. Жол жүрүүдөгү баардык коопсуздуктарды алдын алып, абайлап жүрүү маанилүү. Долбоордун алкагында “Алатай” жана “Кан-Ачуу” парктарынын жаратылыш сакчылары болгон егерлер үчүн шарт түзүү абдан маанилүү. Анткени алардын бийик тоодогу көзөмөл иштери жооптуу жана татаал. Өз милдеттерин аткарууда алар жамгырда да, суукта да кээде түнкү маалда иштөөгө туура келет” – дейт кесиптешибиз. 

Батыш-Тянь-Шандын тоолору, кезектеги иш-сапар учурунда

“Жеке инсан катары, БУУӨПтүн экологиялык долбоорунда жаратылышты сактоо иштерине катышып жатканыма сыймыктанамын. Биздин айдоочулук жумушубуз дагы абдан жооптуу милдеттерден турат. Көпчүлүк учурда бийик тоолорду кыдырасың, айрым учурларда узак жол жүрөсүң. Жол жүрүүдө жол коопсуздугун сактоо эң негизги милдет болуп эсептелет. Кызматтык автомашинаны ар дайым оң абалда алып жүрүү зарыл. Себеби алыс жолдо жүрүүдө техниканын бузулуп калуусун алдын алуу керек. Бул ар убак белгиленген иш чарага өз убагында жана коопсуздуу жетип барууну камсыздайт», - деди өз сөзүндө Сансызбай Алиев. 

Сыйлык тапшыруу аземинен кийин

Сансызбай мырзанын айтымында, анын максаты БУУӨПтүн кызматкери катары, уюмдун иш аракеттеринин ийгиликтүү аткарылышына активдүү жана жигердүү өз салымын кошуу. Кесиптешибиздин иши жогору бааланып, ал былтыр БУУнун “Ыраазычылык катына” ээ болгон.